Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

“Үркүн” тасмасы 12-октябрдан тарта көрсөтүлө баштайт


Үркүн.
Үркүн.

Көркөм тасманын бетачарынан кийин борбор калаадагы бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу “Саякбай манасчы” эл аралык коомдук фондунан “Азаттыкка” кабарлашты.

Тасма 1916-жылдагы кѳтѳрүлүштүн 100 жылдыгына арналып тартылган. Авторлор буга чейин фильмди көрсөтүүгө расмий уруксат берилбей жатканын айтып, аны кыргыз-орус мамилелерине байланышкан саясий себептерден улам деп божомолдоп келишкен.

Ал эми Мамлекеттик кинофонд аталган тасма учурда атайын комиссиянын сынына коюла электигин, эгер тасма кино боюнча мыйзамда белгиленген талаптарга жооп берсе уруксат берилерин айткан болчу.

Тасманын режиссеру Медин Учкеев, продюсери Мухтар Атаналиев. Фильм "Саякбай манасчы" жана “Куткелди” коомдук фонддору тарабынан каржыланган.

“Үркүн” тасмасынын бетачары 27-сентябрда Кино үйүндө өтөт.(ZA)

XS
SM
MD
LG