Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Президенттин сөзүн сындаган акын суракка чакырылды


Темирлан Ормуков.
Темирлан Ормуков.

Бишкектин тургуну Темирлан Ормуков социалдык тармакка жарыялаган ыры үчүн тергөөгө чакырылып жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Башкы прократура кызматкерлери ал жазган ырда аймактык кастык козутуучу жана президенттин аброюна шек келтирген саптар бар экенин түшүндүрүшкөн. Кылмыш иши козголо элек.

- Тергөөчүлөр менин ырыма филологиялык экспертиза дайындалганын айтышты. Алгач эксперттерге үч суроо коюлган. Биринчиси, ырдын мазмунунда президенттин аброюна шек келтирүү барбы? Экинчиси, жалган жалаа барбы? Үчүнчүсү, улут аралык, аймактар аралык кастык козутуу барбы? Азыр башкалары калып, аймактар аралык козутуу боюнча сап изилденип жатыптыр.

Маалыматтарга караганда, бул сурак интернетке жарыяланган ырларга байланыштуу иликтенип жаткан алгачкы учур. Башкы прокуратура социалдык тармактардагы кастык козутуучу билдирүүлөр боюнча кийинки жумада кенен маалымат берилерин айтты.

Темирлан Ормуков сентябрда Фейсбукка чыгарган “Ажонун ооруп жүрөгү” аттуу ырында президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине сын жазылган. (SE/ZA)

XS
SM
MD
LG