Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Новосибирск кыргыз ишкерлерин күтөт


Новосибирскидеги соода борбору.
Новосибирскидеги соода борбору.

21-мартта Орусиянын Новосибирск шаарында Кыргызстандын товарларынын жармаңкеси ачылат. Анда кыргызстандык өндүрүшчүлөр үчүн продукцияларын өткөрүүгө жана жергиликтүү ишкерлер менен өнөктөш болууга шарт түзүлөт.

Новосибирск шаарындагы “Нордмол” ири соода борборунда Кыргызстандын товарларынын жармаңкеси 21-мартта ачылып, бир айга созулат. Жармаңкени кыргызстандык жана орусиялык жеке ишкерлер уюштурууда.

Орус-кыргыз ишкерлер тобу.
Орус-кыргыз ишкерлер тобу.

Мелис Шаршенов кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн жармаңкеге даярдыгы жөнүндө кеп салды.

- "Нордмол” соода борбору Новосибирскиде сегиз айдан бери иштеп жатат. Бул шаардагы 170 миң чарчы метр аянты бар ири соода жайы, жеке ишкерлерге таандык. Эки кабаттуу имараттын 1,5 миң соода оруну бар. Ошол жакта өнөктөштөр кыргызстандык өндүрүшчүлөрдү кызматташууга чакырып жатышат. Биз шарттарын көрүп келдик. Учурда кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз биринчи бир айлык жармаңкеге барабыз. Өнөктөштөр Орусиянын 14 регионунан сатып алуучуларды чакырышат. Жармаңкенин жыйынтыгы боюнча соода боло турган болсо, өнөктөштөрдү таба алсак, биз калып иштейбиз. Андай болбосо, биз кетип калабыз.

Шаршеновдун ырасташынча, учурда жармаңкеге Кыргызстандан эки жүзгө жакын өндүрүшчү катышууга камданууда. Катышуучуларга “Нордмол” борборунда соода аянттары бекер берилет, жашоого турак жай бөлүнөт.​

Нордмолл соода борбору.
Нордмолл соода борбору.

Шаршенов Новосибирскиде кыргызстандык товарлардын базарын түзүүгө мүмкүнчүлүк пайда болууда деп белгилейт.

- Новосибирскиде 300 миңдей жараныбыз бар, ал жакта көптөн бери соода кылган мекендештер дагы бар. Кыргызстанда болсо азыр кийим тигүү тармагы гана өнүгүп жаткандыктан, биз азыр бардык облустардагы кийим тигүүчү цехтер менен байланышып, аларды жармаңкеге катышууга чакырып жатабыз. Эгерде иш оңунан чыгып калса, аларга соода аянтчаларын ачууга шарт түзүлмөкчү. Орусиялык өнөктөштөр азыр кыргызстандык ишкерлердин жол чыгымдарын жаап, жашоого турак жайын камсыздып жатышат. Өндүрүшчүлөр өз товарын алып барып, орусиялык сатып алуучуларга көрсөтүп, кызматташтык издеши керек болот.

Кыргызстандагы уюштуруучу тарап – Бишкектеги “Нордмолл Азия” компаниясы жармаңкеге жеңил өнөр жай тармагында иштеген бардык каалоочулар катыша аларын ырастоодо.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG