Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:30

АКШнын Кыргызстандагы жүк ташыган транзиттик базасынын тагдыры тууралуу саясат талодоочу Эмил Жураев ой бөлүштү.

“Азаттык”: АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памэла Спратлен Кыргызстандын жаңы президенти менен база тууралуу сүйлөшүүлөргө даярбыз деп билдирди. Бул сүйлөшүүлөр эмнеге алып келиши мүмкүн? Мисалы, мурдагы президент Курманбек Бакиев да базаны чыгаруу тууралуу билдирүү жасап, бирок сүйлөшүүлөрдөн кийин аты-мааниси кичине өзгөрүп калып калчу эле. Ошол окуялар азыр да кайталанып жаткан жокпу?

Эмил Жураев: Чынын айтканда мындай окуялар үчүнчү-төртүнчү жолу кайталанып жаткандай. Жакында сүйлөшүү башталса, бир топ өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Бирок ошол эле кезде жабылып калат, кетет деген ойдон такыр алысмын. Анткени келишим боюнча дагы кандай аракеттер мыйзамдуу болот, дагы кандай долбоорлорго АКШ жардам бериши мүмкүн деген суроолор чечилсе эле, менимче, бул база калып калат.
Орус бизнеси да базанын пайдасын көрө баштабадыбы. “Газпромнефть” компаниясынын бир бөлүгү азыр базаны күйүүчү май менен камсыздап жатат.

“Азаттык”: Атамбаев эл аралык иштерде алдамчылык кылбаш керек деп айтып келет. Эгер ал база чыгат деген оюнан кайтпаса, АКШ аны көндүрүп, эпке келтирүү үчүн кандай ыкмаларды, жол-жоболорду колдонушу мүмкүн?

Эмил Жураев: Атамбаев президент болуп шайланганда эле адегенде ушул маселени көтөрдү. Менимче, Алмазбек Атамбаев бул маселе боюнча шашылбай турса болмок. Анткени келишимдин мөөнөтү 2014-жылы бүтөт.

Бирок маселе көтөрүлгөндөн кийин аскерий максатта колдонуу эмес, жарандык башка муктаждыктарга жардам бериши мүмкүн деп бир айтып кеткен жери бар. Мүмкүн ошол кайсы бир деңгээлде өзгөртүлүп, аскерий күчтөр азайтылып, жүк ташыган жагы көбөйтүлсө, ошондо жалганчы болбой, ошол эле кездеги "Манастагы" базаны калтырып коюу жолу бар го дейм.

Бирок айта кетиш керек, бул жерде конъюктура кичине өзгөрүп жатпайбы. Бир жагынан 2014-жылы АКШ жана жалпы Батыш альянсынын аскерлери Ооганстандын чыгып кетет, айрымдары калат экен.

Экинчиден, АКШ азыр Ташкенттеги бийликтер менен жакшы сүйлөшүүлөргө жетишип алды. Бул бир жагынан Борбор Азияда АКШнын Кыргызстандан сырткары да өнөктөшү бар болгонун билдирет. Экинчи жактан, Ооганстандагы аскерий муктаждыктар, жүктөрдү жана аскерлерди ташыган муктаждыктар азаят.

“Азаттык”: База маселеси АКШ менен Орусиянын гана өз ара тиреши болуп, ал тиреш Кыргызстандын талаасында өтүп жаткан жокпу?

Эмил Жураев: Бир жагынан ошондой болушу да мүмкүн. Бирок мурдатан бери эле мунун артында АКШ менен Орусия эле турушу мүмкүн деп сөз кылып келе жатабыз. Орусия эле Кыргызстанды түрткүлөп, “айткыла, чыгаргыла” деп атат деген сөздөр бар. Бирок аны анык биле алган жокпуз. Анткени бул жерде Кытай деген да чоң мамлекет бар.

Экинчи жагынан орус бизнеси да базанын пайдасын көрө баштабадыбы. “Газпромнефть” компаниясынын бир бөлүгү азыр базаны күйүүчү май менен камсыздап жатат. Ошондуктан бул жерде Орусиянын өтө чоң деле кызыкчылыгы жок. Албетте базаны таптакыр чыгарып кетсе, алар үчүн жакшыраак болоттур. Бирок базанын бул жерде турганынын деле анчалык зыяны жок.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG