Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Полиция: Мүнхендеги атышуунун экстремисттерге байланышы жок


Мүнхен
Мүнхен

Соода борборуна кол салган улан ок атууга жана массалык киши өлтүрүүлөргө кызыгып жүргөнү аныкталды. Мындай маалыматты Мүнхен полициясынын башчысы Губерт Андре журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, кол салган кишинин үйүн тинтүүдө анын экстремизмге азгырылганы боюнча далил заттар табылган жок. Бирок анын бөлмөсүнөн массалык киши өлтүрүүлөр тууралуу окуялар жазылган гезиттин кыркындылары табылган. Ошондой эле ал психикалык жактан дарыланып жүргөнү белгилүү болду.

22-июль күнү кечке маал Германиянын Мүнхен шаарындагы “Олимпия” соода борборундагы куралдуу кол салуудан он киши мерт кетип, жыйырмага жакын адам жарадар болгон. Алардын ичинен үчөөнүн абалы оор экенин шаар бийликтери кабарлады. Буга байланыштуу Мүнхенде бүгүн аза күтүү жарыяланып, дем алыш күндөрү шаарда оюн-зоок иш-чараларына тыюу салынды.

XS
SM
MD
LG