Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

МТБК: Үңкүр-Тоодогу телемунаранын иши токтобойт


Үңкүр-Тоо.
Үңкүр-Тоо.

Бул тууралуу 25-августта Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин Кыргызстандагы байланыш операторлору менен болгон жолугушуусунда айтылды. Анда берилген маалымат боюнча, Кербен-24 радио-релейлик станциясы аркылуу бардык мобилдик операторлордун байланышы, мамлекеттик каналдардын теле-радио берүүлөрү мурдагыдай эле иштеп жатат. “Эгер электр менен жабдуу токтосо, күйүүчү май менен иштөөчү генераторлор автоматтык түрдө ишке кирет. «Кербен-24» радио-релейлик станциясында чукул кырдаалдарда иштөөчү бардык кошумча жабдыктар коюлган. Ошондуктан, Интернет, мобилдик байланыш жана мамлекеттик теле-радио берүүлөр үзгүлтүксүз берилет”, деп билдирет Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин басма сөз кызматы.

Бирок дизелдик генератордун күйүүчү майы канча убакытка эсептелгени тууралуу маалымат жок.

25-августта “Кербен-24” радио-релейлик станциясынын кызматкери аталган станция автоматтык режимде иштеп жатканын, жумушчулардын колдоосуз айрым тетиктер күйүп кетсе, аймактагы үч райондо теле-радио берүүлөрү, мобилдик байланыш жана интернет тартпай каларын “Азаттыкка” маалымдаган эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG