Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууланат


Кыргызстан Конституциясы.
Кыргызстан Конституциясы.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети бүгүнкү отурумда аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт. КСДП фракциясынын лидери, депутат Иса Өмүркулов баяндама жасайт.

Оппозиция бийликти Конституцияны өзгөртүү аракетинен баш тартууга чакырууда. Бирок, президент Алмазбек Атамбаев жана парламенттеги КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” фракциялары Конституция өлкө кызыкчылыгы үчүн өзгөрүүгө тийиш деген көз карашты карманууда. Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча 4-декабрда референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору 26-сентябрда Жогорку Кеңеште каттоого алынды. Ага чейин документ парламенттин жалпы жыйынында колдоо тапкан. (NT)

XS
SM
MD
LG