Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

Кремл кыргызстандык жаштарды өзүнө имерүүдө


2009-жылдагы "Селигер" жайкы лагери. Тверь, 2009-жылдын 2-июлу.
2009-жылдагы "Селигер" жайкы лагери. Тверь, 2009-жылдын 2-июлу.

Кремлдин саясатын колдогон “Селигер” форумуна быйыл Кыргызстандан жети жаш активист катышууда.

1-июлда Орусияда “Селигер – 2011” жаштардын жайкы лагери башталды. Бул аралыкта лагерге 20 миң адамдын келиши күтүлүүдө. Ал жакка кеткен кыргызстандыктарды кээ бир блоггерлер “Кремлдин саясатын Кыргызстанда жайылтышабы?” деп чочулашууда.

“Селигерге” жолдомолорду ким таркаткан?

Жыл сайын өтчү бул форумдун уюштуруучулары - Кремлди жактаган “Наши” жаштар кыймылы жана Орусиянын жаштар иштери боюнча федералдык агенттиги. “Селигер” Орусиянын Тверь облусунда өтөт.

“Азаттыкка” белгилүү болгондой, быйыл активдүү кыргызстандыктар “Селигерге” Жаштар иштери боюнча министрликтин жардамы менен кетишкен. Бул тууралуу аталган министрликтин пресс-катчысы Нуржан Найзабекова айтып берди.

- Бул жылы Кыргызстандан жаштар иштери боюнча министрликтин кызматкери, аны менен бирге студенттер жана жаштар бирикмелеринин өкүлдөрү жөнөгөн. Бардыгы 7 адам. Министрликте жаштарды тандоо боюнча комиссия түзүлгөн.

Кымбат лагерь

“Селигер” форуму 2005-жылдан бери жыл сайын өтөт жана мамлекеттин бюджетинен каржыланат. 2011-жылы бул иш-чарага 178 миллион рубль сарпталды. Бул акчадан тышкары демөөрчүлөр да каражат беришкен.

- Каржылоо боюнча: чакырып жаткан тарап бардыгын өзүнө алды, - деди Нуржан Найзабекова. - Кыргызстандын бюджетинен акча корогон жок.

Орусияда көптөгөн блоггерлер, белгилүү журналисттер жана оппозиция “Селигерди” “саясий жана пропагандалык мүнөзгө ээ” деп сындап келишет. Анын үстүнө лагерь бийликтин партиясын колдоочуларын гана чогултуп, башкача көз караштагы адамдарды киргизбеген учурлар бир нече жолу кайталанган.

Быйыл Москва облусунда 17-20-июнда Химки токоюнун коргоочулары уюштурган “Антиселигер” форуму да өттү.

“Медвепуттар”, “путинофилдер” жана “путинофобдор”

Кыргызстандык жаштардын “Селигерге” кетиши да талаштуу суроолордун бирине айланды.

"Албетте Кыргызстан менен Орусиянын жаштары кызматташышы керек, бирок “Селигер” аркылуу эмес", - дейт Кыргызстандагы көз карандысыз журналист жана блоггер Илья Лукашов.

Илья Лукашов буга чейинки “Селигерде” болуп өткөн чырлуу окуяларды эстеп өттү.

Былтыркы лагерь саясий ызы-чуу менен аяктаган. Лагердин аймагында 13 жыгачка пластиктен жасалган баштар сайылып, ал жакта нацисттик белгилер тартылган. Жанында кызыл тамгалар менен “Бул жерде силерди эч ким күтпөйт” деп жазылган плакат жайгаштырылган.

Пластмассалык баштарга түрмөдө отурган Михаил Ходорковскийдин, Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин, саясатчылар Эдуард Лимоновдун, Борис Немцовдун жана башка саясатчылардын портреттери чапталган болчу.

- “Селигер” - бул Кремлди колдоонун эң радикалдуу формасын тандаган жаштар чогулган жер. Баса, бул бийлик Кыргызстандын азыркы саясий өнүгүүсүн колдобой келет. Кыргызстан көз карандысыз жолду тандап алгандан кийин Жаштар министрлигинин кыргызстандыктарды бул лагерге жөнөтүшү абдан талаштуу маселе.

Форумга кеткен кыргызстандыктарды сындаган дагы бир жаш саясатчы - Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун аткаруучу директору Мирсулжан Намазалиев.

- Бул өзүнчө эле кызык нерсе. Себеби “Селигер” – бийликтеги адамдардын саясий куралы катары колдонулат. Мурдагы СССРге кирген мамлеткеттердеги жаштардын да көз карашын өзгөрткүсү келет.

Дагы бир талаштуу жагдай – “Селигерге” саякатты Кыргызстандагы Жаштар иштери боюнча министрлик уюштурган.

- Бул ачык эле Кремлди колдоо болуп эсептелет, - дейт Лукашов.

Ал эми министрликтин маалымат катчысы Нуржан Найзабекова бул иш-чарадан саясий өңүттү издебөөнү өтүнөт.

- Бул жыл сайын эле өткөрүлөт. Бизге кайрылышты – биз жөнөттүк.

Орусия vs Америка

Илья Лукашовду жана Мирсулжан Намазалиевди бир топ жаштар Американы колдоп, анын грантына жашагандар деп сындаган учурлар да болгон. “Селигер” АКШнын Мамлекеттик департаменти каржылаган долбоорлордон эмнеси менен айырмаланат деген суроону эки жаш активистке узаттык.

- Орусияга түрдүү кесиптик, билим берүү тармагы боюнча семинар, лагерлерге бара беришсин. АКШнын Мамдепартаменти ар дайым саясаттан тышкаркы иш-чараларды уюштурат. Бирок “Селигердин” так максаты жок. Ал жакта чогулган адамдар Путинди жана Медведевди канчалык сүйөөрүн гана талкуулашат. Ал жакка эмнеге башка мамлекеттин жаштары барышы керек түшүнүксүз, - деди Илья Лукашов.

- Ошол эле АКШнын Мамлекеттик департаментинин программалары саясий эмес. Алар көбүнесе билим берүү, тажрыйба алмашуу, демократиялык институттардын ишмердүүлүгү боюнча иш алып барышат. Ал эми “Селигер” – бул геосаясий маселе, - деп кошумчалады Мирсулжан Намазалиев.

Биз азырынча “Селигерге” кеткен кыргызстандыктар менен байланыша алган жокпуз. Бирок алардын бирөөсүнүн микроблогуна (твиттерине) кирип көрдүк.

- Илья, тынчтанчы, менин лагерге келишим Орусиянын бийлигин колдойм дегенди түшүндүрбөйт, - деп жооп берет Илья Лукашовдун суроосуна Farido4ka деген колдонуучу.

- Бул жакта кооз табияттан башка кызыктуу деле эч нерсе жок экен. Эртең менен көнүгүү болду, айрымдар йогага кетти, кээ бирөөлөр чуркап жүрүшөт, аймак аябай чоң экен, – деп жазат Farido4ka.

Эки күн мурда “Селигерде” каттуу шамал болуп, ал дарактарды жыгып, бир нече чатырды учурган. Андан алты адам жабыр тарткан, алардын арасында кыргызстандыктар жок.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG