Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

"Манасты" Орусияга берүүгө каршы митинг


"Манасты" Орусияга берүүгө каршы митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

Өкмөт үйүнүн жанындагы митингге жарандык коомдун ондой өкүлү катышты. Алар “Манас” аба майданынын 51% акциясын Орусияга сатуу боюнча меморандумга каршылыгын билдиришти. Акция катышуучулары меморандумга кол коюу менен өкмөт стратегиялык ишканаларды сатууга тыюу салган мыйзамды бузгандыгын айтып жатышат. Жарандык активисттер муну териштирүүнү суранып Башкы прокуратурага кайрылмакчы. Кыргыз өкмөтү “Манас” аба майданынын 51% акциясын Орусиянын “Роснефть” компаниясына таандык “Новапорт” ишканасына сатуу боюнча меморандумга февраль айында кол койгон.

XS
SM
MD
LG