Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Жарандык коом “Манас” сатылышына каршы


"Манасты" сатууга каршы акцияга чыккандар. Бишкек, 20-март, 2014.
"Манасты" сатууга каршы акцияга чыккандар. Бишкек, 20-март, 2014.

“Манас” аба майданынын кеминде 51 пайыз акциясы орус ишканасына сатылып кетиши мүмкүндүгүнөн чочулаган жарандык активисттер өкмөт үйүнүн алдына каршылык акциясына чыкты.

Алар кыргыз өкмөтү орусиялык “Роснефть” компаниясына аэропорттун 51 пайызын берүү боюнча меморандумга кол койгонун айтып, өкмөттү ал чечимден баш тартууга чакырышты. Ал эми “Манастын” жетекчилиги аэропорт сатылат деген сөздөрдү четке кагууда.

Кезек “Манаска” жеттиби?

Өкмөт үйүнүн алдындагы каршылык акциясына укук коргоочулар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана активисттер болуп, жалпысы ондой адам катышты. Алардын айтымында, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев ушул жылдын 19-февралында орусиялык “Роснефть” ишканасынын президенти Игорь Сечин менен жолугуп, “Манас” аба майданынын кеминде 51пайызын сатуу боюнча меморандумга кол койгон.

"Манасты" сатууга каршы акциядан. Бишкек, 20-март, 2014
"Манасты" сатууга каршы акциядан. Бишкек, 20-март, 2014
Өкмөт үйүнүн алдына акцияга чыккан жарандык активист жана экономист Азамат Акелеев өкмөттүн бул чечимин сынга алды.

- “Манасты” сатуу менен биздин өкмөт бюджетти толтуруу сыяктуу кыска мөөнөттүү максатты көздөп жатат. Ал эми Орусиянын болсо алысты көздөгөн максаты бар. Алар биздин стратегиялык ишканаларды толугу менен өздөрүнүн карамагына өткөрүп жатышат. Булар: дарыялар, гидростанциялар, газ тармагыбыз, аэропортторубуз, ошондой эле маалымат мейкиндигибиз алардын карамагында. Мындай караганда биз Орусиянын бир анклавы болуп калып жатабыз.

Акелеев Крымдагы окуядан кийин Орусиянын сунуштарына астейдил мамиле кылууга чакырды. Кыргыз мыйзамдары стратегиялык ишканаларды сатууга тыюу салат. “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова андыктан “Манастын” акциясынын жарымынан көбүн Орусияга берүү боюнча меморандумга барган өкмөттүн жоопкерчилигин прокуратура карашы керек деп эсептейт:

- Ал меморандум эч жерде талкууланбаганы, экспертизалар өткөрүлбөгөнү аз келгенсип, Кыргызстандын “Стратегиялык объектилер жөнүндөгү” мыйзамына жана Конституциясына карама-каршы келет. Ошондуктан бул кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган аракет болуп калып жатат.

Өкмөт парламент менен макулдашкан эмес

Ал эми “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешов аэропорт сатылды деген сөздөрдүн чын-бышыгын тактап берүүнү талап кылып, өкмөткө атайын депутаттык суроо-талап жөнөткөн. Анын оюнча, меморандум атайын келишим болбогон күндө да, аны түзүүдө өкмөт депутаттар менен кеңешүүсү зарыл болчу.

"Манасты" сатууга каршы акциядан, Бишкек, 20-март, 2014.
"Манасты" сатууга каршы акциядан, Бишкек, 20-март, 2014.
- Мен бул кезектеги Орусиядан чыккан жалган маалымат го деп ойлогом, бирок ал чын болуп чыкты. Бирок Кудайга шүгүр, бул документтин юридикалык күчү жок. Аны каалаган учурда жокко чыгарганга, кайра карап чыкканга болот. Бирок бул жерде өкмөттүн парламентке айтпастан туруп, меморандумга кол койгону туура эмес. Минтип отурса, бүгүн аэропорт, эртең “Кыргызтелеком” сыяктуу дагы башка объектилерди сатышат.

Меморандум адатта кызматташтык боюнча эки тараптуу ниетти гана камтып, юридикалык келишимдик күчкө ээ эмес. “Манас” эл аралык аба майданынын аткаруучу директору Илим Карыпбеков “Роснефть” “Манас” аэропортун сатып алат экен деген маалымат туура эместигин айтты. Анын билдиришинче, андан башка да жети чет элдик жана эл аралык компаниянын кызматташуу сунуштары бар.

- Меморандумдун артында юридикалык кандайдыр бир милдеттенмелер болбойт. Экинчиден, бул катардагы эле сунуштардын бири. “Роснефть” компаниясынан башка ошол эле Орусиянын “Новапорт” компаниясынан да сунуш түшкөн. Андан тышкары, Кытайдын үч ири компаниясынан кызматташуу сунушу түшкөн. Эл аралык дагы үч компаниянын сунуштары бар. Азыр алардын бири менен да өкмөт тарабынан эч кандай келишим түзүлө элек.

Кыргыз өкмөтү июль айында АКШ Транзиттик борбор толук чыгып кеткенден кийин “Манас” аба бекетине инвестиция тартып, өнүктүрүү менен бирге кирешелүү кылуунун жолдорун издөөдө. Аба бекетин Батыш өлкөлөрү менен Түштүк Чыгыш Азияны байланыштырган транпорттук хабга айлантуу да максаты бар. Ал эми Орусия "Манас" аба майданына 1 миллион доллар инвестиция салууну убада кылып жатат.

Өкмөт үйүнүн алдындагы акция, 20-март


"Манасты" Орусияга берүүгө каршы митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

XS
SM
MD
LG