Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:36

Өкмөт “Кыргызгазды” сата албай убара


Орусия -- "Газпромдун" баш кеңсесине бараткан адамдар, Москва.
Орусия -- "Газпромдун" баш кеңсесине бараткан адамдар, Москва.

Кыргыз өкмөтү "Кыргызгазды" "Газпромго" сатуунун айласын издөөдө. Парламенттеги оппозициялык фракциялар болсо бул келишимге каршы чыгып жатат.

“Кыргызгаз” ишканасынын башкы директору Тургунбек Кулмурзаев ишкананы “Газпромго”сатуудан Кыргызстанга пайда гана болоорун 22-ноябрда Бишкектеги маалымат жыйынында дагы бир жолу кайталап, депутаттарды келишимди колдоп берүүгө чакырды. Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” жана “Республика” фракциялары буга чейин “Кыргызгазды” сатуу боюнча келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет деп аны фракцияда колдошкон эмес.

Айрылыш жол: Оңго барсаң Орусия, солго барсаң Өзбекстанбы?

Орусия “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасын 2,4 млрд сом карызы менен алып, кайра 5 жыл ичинде 640 млн. доллар инвестиция салууга макул. Бул тууралуу айткан Кыргызгаздын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев “Кыргызгазды” сатуудан Кыргызстан пайда гана табат деген ишенимде.

- 2 млрд. 400 млн. сом деген чоң акча да. Ошол карызы менен кошо алып, 640 млн. доллар инвестиция салалы деп жатат. Жаңы газ куурларын салып, өнүктүрөлү, жаңы техникаларды салып берели деп жатат. А биз болсо ошону саясатка айлантып жатабыз.

Анткен менен “Кыргызгазды” толугу менен Орусиялык ишканага кармата берүүгө айрым депутаттар каршы. Ал эл өкүлдөрүнүн пикиринде, ишкананы 100 пайыз сатуу менен Кыргызстан көгүлтүр отун жагынан Орусияга толук көз каранды болуп калат.

Бирок Тургунбек Кулмурзаев жетиштүү газ өндүрө албаган Кыргызстан азыр да Өзбекстан менен Казакстанга көз каранды экендигин негиз келтирди.

- Биз бүгүн эки жакка көз каранды болуп жатабыз. Бир жакты карасаң Өзбекстан, бир жакты карсаң Казакстан. Эки тоону караганча, бир эле кишиге көз каранды болуп оокат кылганыбыз жакшы эмеспи. Бирок мен биз көз каранды болбойбуз деп ойлойм. Тескерисинче газ тармагында өнүгүү болбот. “Газпром” газды үзгүлтүксүз берип, анан дагы 640 млн. доллар инвестиция бергени турат. Мындай инвестицияны башка ким берип жатат?

“Бир долларга бардык менчикти карматып жатабыз”

“Кыргызгазды” 2,5 млрд сом карызы менен шарттуу түрдө 1 долларга Орусиянын “Газпром” ишканасына сатуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөрү келишимге быйыл июнда Москвада кол койгон. Бирок аны эки өлкөнүн парламенттери беките элек. Ушу тапта келишимди Жогорку Кеңештеги комитеттер жана фракциялар карап бүтүп, ага “Ата-Журт” жана “Республика” фракциялары каршы болушту.

“Республика” фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев анткени келишим Кыргызстандын түпкүлүктүү кызыкчылыгына каршы дейт:

- Келишимде мүлктү бир долларга баалап жатышат. Бирок ошол мүлктүн ичине биздин газ бургулоочу жайлар, алар жайгашкан жерлер, байлыктар киргизилген. Анан келишимде булар “Кыргызгазды” 25 жылга алып, каалаган ишин кылышат экен. Биздин эле газды коңшу мамлекеттерге сата турган болсо, биз эч нерсесине кийлигише албайт экенбиз.

Келишимге ылайык, “Кыргызгаздын” бардык активдери жаңыдан түзүлгөн “Кыргызгазпром” ишканасына өткөрүлүп берилет. “Газпромго” таандык болуучу жаңы ишкана Кыргызстанда катталып, жергиликтүү мыйзамдар менен иштемекчи. Өкмөт келишимди парламент жакынкы күндөрү, эң кеч дегенде жаңы жылга чейин колдоп берет деп үмүттөнүүдө.

Ошол эле кезде не бар не жок деп, өкмөт келерки 2014-жыл үчүн Өзбекстан менен Казакстандан газ сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү да жүргүзүп жаткан учуру.

XS
SM
MD
LG