Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Тилди урматтоо тымызын саясатпы?


23-август, 2013-жыл
23-август, 2013-жыл

Орусиялык басылмалардын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү өз беттерине кыргызча материалдарды жарыялоо салтын баштады.

Мындан тышкары, Кыргызстандын өзүндөгү орус тилдүү интернет маалымат каражаттары да кыргыз тилдүү версияларын чыгарышууда.

Орус тилдүү “Аргументтер жана фактылар Кыргызстан” гезитинин шаршемби, 21-августта чыккан санынын бир бетинде орусиялык журналист Надежда Филатованын “Советтик “арий” деген аталыштагы макаласы кыргыз тилинде жарыяланды. Ал макалада Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда немистер дени-карды соо славян улутундагы кичинекей балдарды туткунга алып кеткен окуялар, ал балдардын кийинки тагдыры тууралуу сөз болот.

23-август, 2013-жыл
23-август, 2013-жыл
​“Аргументтер жана фактылар Кыргызстан” гезитинин башкы директору Александр Банников орусиялык журналисттердин материалдарын кыргызчалап жарыялаган саамалыкты Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошуу аракети катары баалады. Аптасына бир ирет чыгуучу бул гезит орусиялык “Аргументы и факты” гезитинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү.

- Кыргызча материалдарды жарыялоо идеясы жөндөн-жөн эле пайда боло калган жок. Кыргызстандын президентинин “кыргыз тили өнүгүшү керек, аны колдоо керек” деген сөзүнөн кийин биз да ойлонуп көрдүк. Биз КМШдагы “Аргументы и факты” гезитиндеги чебер журналисттер тарабынан даярдалган материалдарга көңүл буруп, алардын кызыктууларын кыргызча которуп берип баштадык. Мында окурмандарды гана тартуу максат эмес, мамлекеттик тилге кызыктырууга болгон да аракет.

Бул саамалыкты колдогондор көп. Ошол эле кезде орус тилдүү гезит орусча гана чыгышы керек деген айрым бир адамдар да болгон. Бирок Банников ал пикирлерди колдобосун, тескерисинче “акылдуу гезит” окурмандарды тартуу үчүн ушундай кадамдарга да барышы керек дейт.

Марат Токоев
Марат Токоев
​Орусиялык маалымат каражаттардан тышкары, жергиликтүү орус тилдүү интернет басылмалар да кыргыз тилдүү версияларын ачууда. Маселен, акыркы жылдары эле өлкөдөгү негизги делген “Акипресс”, “24.kg”, “Вечерний Бишкек”, “Киртаг” жана башка орус тилдүү интернет каражаттары өздөрүнүн кыргызча версияларын ачышты. Журналисттер коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев бул көрүнүштү кыргыз тилдүү окурмандардын саны артып жатканы менен түшүндүрүп, колдоого алаарлык көрүнүш деп баалады.

- Муктаждык буларды ушуга түртүүдө. Cебеби, орус тилдүү угармандардын жана көрармандардын саны азайып баратат. Алардын кыргыз тилинде материал жарыялап, сайттардын кыргызча беттерин ачканын, материалдарды мамлекеттик тилге которууга аракет кылгандары жакшы нерсе. Муну колдоого алса болот. Бул аркылуу алар кошумча окурмандарды таап жатат. Экинчиден, бул алардын кыргыз тилине өзгөчө көңүл бура баштаганын көрсөтөт.

Ал аралыкта казакстандык оппозициялык маалымат каражаттары Орусия Борбор Азиядагы жана Казакстандагы таасирин күчөтүү үчүн 5 млрд рубль бөлүп, өздөрүнө көзү түз маалымат каражаттары жана аналитикалык борборлор аркылуу түрдүү иш-чараларды жүргүзүп келатканын жазып чыгышты.Маселен, казакстандык көз карандысыз саясатчы Серикжан Мамбеталин буларга токтолду.

- Бул так маалымат, ал жаңыдан эле чыга калып жаткан жок. Ал иштер “Россотрудничествонун” бюджети аркылуу жүрөт. Анын алдында КМШдагы жаштар уюмдары менен иштөө боюнча комитет да бар.

“Россотрудничество” бул өзүнчө эле бир министрлик. Орусия Бажы биримдиги, Эркин экономикалык аймагы боюнча өз саясатын жүргүзүп жатат. Жергиликтүү ар кандай бейөкмөт уюмдары, аналитикалык борборлор менен иштешет. Казакстанда, мисалы, таасирлүү газеталарды, телеканалдарды сатып алышат. Ошондой эле орусиялык “десант” саясат таануучулар жиберилип турат. Ар кандай тегерек үстөлдөр жана конференциялар уюштурулат. Мунун баары албетте, чоң каражаттарды талап кылган иш-чаралар.


Кыргызстан да маалымат багытында толук эркин эмес. Айталы, чек ара аймактарында Казакстандын, Өзбекстандын теле жана радио берүүлөрү күчтүүлүк кылса, борбор Бишкекте орусиячыл маалымат каражаттар жана Орусиянын телеканалдары таасирлүү.
XS
SM
MD
LG