Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:15

Бүгүн Москвада КМШ өлкөлөрүнүн миграциялык мекеме жетекчилеринин жолугушуусу өтүүдө.

Ага Кыргызстандан Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов менен анын орун басары Алмаз Асанбаев катышып жатат.

Жыйында мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу, жарандарды эмгек миграциясына алдын ала даярдоо жана башка көйгөйлүү маселелер талкууланууда.

Аталган жыйындын алдында министрдин орун басары Алмаз Асанбаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Учурда “кара тизмеде” 77 миң кыргызстандык, андан тышкары Орусияда миграциялык мыйзамдарды бузуп жүрөт деп маалымдалган 192 миң жаран бар. Бул көйгөйдү чечүү боюнча эмне иштер жасалууда?

9-май майрамына карата “кара тизмедегилерге” жана 2,5 миңге жакын оор эмес кылмыштар менен түрмөдө отурган жарандарга мунапыс берүү суралып жатат.

Асанбаев: Бул Кыргызстанда көйгөйлүү маселе болуп жатат. Өткөн жылы биздин министрликке 3200дөн ашуун арыз түшкөн. Анда президенттик деңгээлде Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын жетекчиси менен сүйлөшүү жүргөн. Жыйынтыгында, арызданып кайрылган жарандардын 50 пайызын тизмеден чыгара алдык. Азыр да Алмазбек Атамбаев орусиялык кесиптешине кат менен кайрылып отурат. Анда 9-май майрамына карата “кара тизмедегилерге” жана 2,5 миңге жакын оор эмес кылмыштар менен түрмөдө отурган жарандарга мунапыс берүү суралып жатат. Ал эми учурда Орусияда мыйзам бузуп жүрөт деген 170-180 миңдин тегерегиндеги адам боюнча айта турган болсок, Орусия тарап “биз мамлекетибизди чет элдик жарандардын жасаган кылмыштарынан сакташыбыз керек” деп жооп беришүүдө. Бул жерден туура түшүнүү керек, “кара тизмедегилер” – мыйзам бузуучулар, алар жөн жерден тизмеге кирген эмес. Ага карабастан биз азыр Орусияда мыйзам бузуп жүргөн жарандарыбыздын тарабында болуп жатабыз.

"Азаттык": Орусияга кирген чет элдик жарандар азыр жети күн ичинде миграциялык каттоого турушу керек. Көпчүлүк мигранттар убагында бул каттоого тура албай калып, “кара тизмеге” кирген. Евразия экономикалык биримдиги боюнча келишиминин эмгек мигранттарына тиешелүү бөлүмүндө бул маселе каралганбы?

Асанбаев: Биримдиктин чегинде жарандар 30 күнгө чейин каттоого турбай жүрө алышат. Бул Орусияда гана эмес, биримдиктин бардык өлкөлөрүндө ушундай. Андан кийин жумуш же батир тапса, жумуш берүүчү же батир берүүчү менен келишим негизинде каттоого тура алат.

"Азаттык": “Кара тизмеге” түшүп калгандар Кыргызстанда аты-жөнүн өзгөртүп, жаңы паспорт алып, Орусияга кайра кирүүнүн аракетин жасап жатышат. Буга бөгөт коюу үчүн кандай иштер жасалууда?

Асанбаев: Атасынын же чоң атасынын атын өзгөртүп, жаңы паспорт алуу мыйзамсыз эмес. Буга бардык жарандардын укугу бар. Ал эми “кара тизмеде” экенин билип, Орусияга кирүү үчүн документ жасаткан кезде жарандар аэропорттон эле токтотулуп, кайра мекенине кайтарылууда. Анткени аты-жөнүнөн тышкары паспортторго идентификациялык код коюлган. Андан тышкары, азыр Орусияда колдордун манжаларынын белгилери менен адамдын аты-жөнүн аныктаган система бар. Мындай жаран кандайдыр бир жолдор менен чек арадан өтүп, Орусиянын ичинде кайрадан кармалып калса, анда Орусиянын Кылмыш кодекси боюнча жооп берүүгө туура келет.

"Азаттык": ЕАЭБдин аймагында мигранттар патентсиз иштешет деп айтылууда. Эң башкысы, жарандардан бир гана эмгек келишими талап кылынат экен. Бүгүнкү күндө Орусияда мигранттар эч кандай келишимсиз иштешүүдө. Жумуш берүүчүлөр расмий түрдө келишим түзүп, жумушка алууга даярдыгы күмөн. Бул кайрадан эле “кара тизмени” узартпайбы?

Асанбаев: Мурда жарандардын көпчүлүгү мыйзамдуу документтерди алуу оор жана кымбат болгондуктан, мындай шарттарга макул болуп жүрүшкөн. Эми андай болбошу керек. Эмгек келишимисиз иштөө – мыйзамсыз. Бул жерде эки тарап тең айыптуу болот. Орусиянын мыйзамдары боюнча жумуш берүүчүгө 800 миң рубль айып тагылат, ал эми мигрант “кара тизмеге” киргизилет. Болбой эле келишимсиз иштей берсе, кийин мигрант айлык маянасын ала албай, же жумуш берүүчүнү сотко бере албай, көчөдө калат. Мунун баары жумуш берүүчү мекемелердин же бизнесмендердин капчыгын толтуруу үчүн жасалган система. Орусия бийлиги бул көрүнүштөрдү байкап жатышат. Ошондуктан, мунун баарын тартипке келтирүү максатында жасашууда.

"Азаттык": ЕАЭБ келишиминде мигранттарды медициналык камсыздоо жагы жана пенсия маселеси каралган эмес. Бул маселени чечүү үчүн кыргыз өкмөтү кандай аракеттерди көрүүдө?

Эмгек мигранты жумушка киргенде социалдык, пенсиялык фондго жана башка салыктарды жергиликтүү адам кандай төлөсө, ошондой өлчөмдө төлөөгө тийиш.

Асанбаев: Медициналык камсыздоо маселеси каралган. Жарандар тез жардам алууга жана чукул кырдаалдар учурунда медициналык жардам алууга толук укуктуу. Эмгек мигранты жумушка киргенде социалдык, пенсиялык фондго жана башка салыктарды жергиликтүү адам кандай төлөсө, ошондой өлчөмдө төлөөгө тийиш. Анан ошол иштеп жаткан жергиликтүү адам кандай медициналык кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, эмгек мигранты да так эле ошондой медициналык камсыздоого ээ болот.

Пенсия боюнча маселе оор. ЕАЭБдин ичиндеги эле мамлекеттердин пенсиялык системалары ар башка. Бул системаларды унификациялоо үчүн ЕАЭБдин Бирдиктүү евразиялык комиссиясы бүгүнкү күндө атайын келишимдин үстүндө иштеп жатышат. Бул маселе жерде калбайт, бул биримдиктин алкагында чечилет деген үмүттөбүз.

"Азаттык": Орусияга иштөөгө кетүүчү мигранттарды алдын ала максаттуу түрдө даярдоо боюнча министрлик атайын иш жүргүзүп жатабыз дедиңиздер. Бул кандай иштер?

Асанбаев: Орусия тарап менен беш жылдан ашык бул келишимдин үстүндө иштеп жатабыз. Келишим сыноодон, экспертизадан өткөн. Буга Орусия тарап дагы, кыргыз өкмөтү дагы кол коюуга даяр. Кыргызстан ЕАЭБге кирип жатканына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги жана биздин министрлик тараптан кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштар айтылган. Май айында Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы миграция боюнча жумушчу топ жолугуп, өзгөртүүлөр киргизилет. Андан кийин бул келишимдин негизинде иш жүргүзүлөт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG