Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Президент өкмөттү кызматтан кетирүү боюнча жарлыкка кол койду


Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.

Президент Алмазбек Атамбаев өкмөттү кызматтан кетирүү боюнча жарлыкка бүгүн кол койду. Мындай чечим парламенттеги көпчүлүк коалиция тараганына байланыштуу кабыл алынганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

КСДП фракциясы Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициядан чыгарын 24-октябрда маалымдаган. Бүгүн парламенттин жыйынында коалиция тараганы расмий жарыяланды.

«Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр» деген аталыштагы коалиция былтыр 2-ноябрда түзүлгөн. Ага КСДП, “Кыргызстан”, “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” партиялары кирген эле.

Эреже боюнча коалиция тараганда өкмөт дароо отставкага кетип, өкмөт башчы жана министрлер “милдет аткаруучу” болуп иштешет.

КСДП лидери Иса Өмүркулов жаңы өкмөт курамында олуттуу өзгөрүүлөр болбой турганын айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG