Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:07

ГЭСтердин тагдыры талашта


Президент Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын "Русгидро" ишканасынын жетекчиси Евгений Дод. Нарын облусу. 27-октябрь, 2012-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын "Русгидро" ишканасынын жетекчиси Евгений Дод. Нарын облусу. 27-октябрь, 2012-жыл.

19-февралда Жогорку Кеңеште Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер боюнча Орусия менен түзүлгөн келишимдерди талкуулаган парламенттик угуу болду.

Анда кыргыз өкмөтү келишимдин маанилүүлүгүн жана шарттарын түшүндүрүп берди.

Бирок айрым депутаттар жана эксперттер Орусия менен түзүлүп жаткан бул келишимдер Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына каршы келет деп, өкмөттү анын жол-жоболорун өзгөртүүгө чакырышты.

ГЭСтерди куруу зарылчылыгы

Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калманбетовдун айтымында, Кыргызстан энергетикалык булактарын пайдалануунун эң бийик чегине жетти. Маселен, кыш мезгилинде бир күндө электр кубатын колдонуу 3 миң 37 МВтка жетсе, өндүрүлгөн энергия болгону 3 миң 300 гана мегаватты түзүүдө.

Энергетика жана өнөр жай министри муну Орусия менен биргеликте ГЭСтерди куруунун зарылчылыгын түшүндүрүп жатып белгиледи.

- Электр энергиясын иштеп чыгуу менен аны колдонуу барабар болуп калды. Болгону 300 мегаватт айырма бар. Эгер бир блогубуз оңдоодо турган кезде, башка бир блогубуз иштен чыкса, анда аргасыз электр кубатын чектөөгө барабыз.

Келишимге ылайык, Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтерде Орусия менен Кыргызстан 50 пайыздан үлүшкө ээ болот. Бирок ал өзүн актаганча чейин Кыргызстандын 25 пайыз үлүшү ишеним башкармалыгына берилет. Ишеним башкармалыгынын директорлор кеңешинде эки адам Кыргызстандан, үч адам Орусиядан болот.

Ушундай эле курам Жоргорку Нарын каскадынын директорлор кеңешинде сакталмакчы. Ал эми Камбар-Ата-1дин директорлор кеңешинде болсо үч орун Кыргызстанга, эки орун Орусияга берилген.

Автандил Калманбетовдун айтымында, орто эсеп менен Камбар-Ата-1 ГЭСи 14 жылда, ал эми Жогорку Нарындагы ГЭСтер 10 жылда өзүн акташы мүмкүн.

- Бир киловатт электр энергиянын баасы 1,34 тыйындан 3 сомго чейин болот деп болжоп жатабыз. Ошондо орточо эсеп менен алганда бир киловатт 1,92 тыйын боло турган болсо, Камбар-Ата-1 ГЭСи 14,5 жылда, ал эми Жогорку Нарын каскады 10 жылга жакын мезгилде өзүн актайт.

Кыргызстандын кызыкчылыгы унуттабы?

“Ата Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева Орусия менен түзүлгөн бул келишимдерди экинчи окуудан өткөрбөй, кайра өкмөткө кайтарып берүүнү сунуштады. Ал ГЭСтерди курулушуна каршы эместигин билдирип, бирок мындай шарттар менен курууга болбойт дейт.

- Келишимдин 8-пунктунда акциялар жана укуктар Орусияга өтүп кетет экен. Бизде алтындан да кымбат нерсе - суу. Ал эми Камбар-Ата-1 - ГЭСтердин командири. Канчалык көп ГЭС салып, бирок Камбар-Ата-1ди салбасак, алар толук натыйжасын бере албайт.

Аталган келишимдин азыркы вариантына “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев да каршы. Ал да келишимдеги айрым беренелерди оңдоого чакырып, Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбаганына токтолду.

- Кыргызстан бул келишимге жери, түбөлүк энергия булагы менен кирет экен. Аны Кыргызстандын 50 пайыз үлүшү деп баалап жатышат. “Орусия тараптын кошкон салымы кыргыз тараптын кошкон салымына барабар болот” деп жазылып турат. Бул абдан туура эмес. Бул жерде Орусия болгону техникалык-экономикалык негиздемеге кеткен чыгымдарды гана өз эсебинен берип жатат. Ал жаңылышпасак, 5-10 млн доллар эле болуп жатпайбы.

Бирок парламенттик талкууга катышкан вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев келишимдин зарылдыгына токтолуп, депутаттарды аны колдоп берүүгө чакырды. Анын айтымында, Кыргызстан 160 млрд киловатт электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар, бирок учурда анын 14 млрд киловаттын гана өндүрүүдө. Бул болгону Кыргызстан өз энерго ресурсунун 8 гана пайызын колдонууда дегенди түшүндүрөт. "Андыктан мындан да жакшы шартта ГЭС курам, инвестор табам дегендерге да жол ачык, башка да бир катар долбоорлор бар" деди Сарпашев.

Кыргыз-орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Нарын ГЭСтерин куруу боюнча былтыр сентябрь айында орус президенти Владимир Путиндин Бишкек сапары учурунда макулдашкан. Бул келишим учурда Жогорку Кеңештин кароосунда турат. Өткөн жылдын 29-декабрында биринчи окуудан өтүп, добуш берүүгө жөнөтүлгөн болчу. Келишимдер эки өлкөнүн парламенттери ратификация кылгандан кийин гана күчүнө кирмекчи. Өзбекстан болсо бул долбоорлорду ишке ашырууга каршылыгын билдирип келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG