Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Мамытов: Кылмыш чөйрөсү ич ара тирешүүдө


Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүндөгү абал күндөн күнгө курчуп баратканы күч түзүмдөрүнүн 11-декабрдагы жыйынында айтылды. Кылмыштуу топторго каршы күрөштүү күчөтүү үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканы тууралуу вице-премьер-министр Токон Мамытов “Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Токон мырза, өкмөттө кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча атайын жыйын өттү. Бул көрүнүшкө каршы күрөштү күчөтүү боюнча кандай чечим кабыл алдыңыздар?

Мамытов: Жыйында ИИМ, УКМК, Жаза аткаруу кызматынын жетекчилери катышып, маалымат беришти. Анда акыркы учурда кылмыш дүйнөсүндө абал курчуп, айрыкча абак ичинде отургандардын сырткы дүйнөгө таасир этүүгө умтулуп жатканы белгилүү болду. Үч-төрт кылмыш топторунун арасындагы тымызын тиреш күчөп баратат. Мындан тышкары уюшкан кылмыштуу топтор менен радикалдуу-экстремисттик топтор ич ара жакындашып, таасир күчөтүү аракетин көрүүдө.

Абакта жаткандар сырттагы криминалдык топтор менен байланышып, саясий кыймылдар менен тыгыз кызматташууга буйрук берип жатыптыр. Бизнес чөйрөгө кысым жасап атышканы да айтылды. Мунун жыйынтыгы менен күч түзүмдөрүнө тиешелүү чараларды көрүп, кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү тапшырмасы берилди. Бул иш үчүн бир айлык мөөнөт чектелди. Анын жыйынтыгы жыл соңундагы коллегияларда каралат.

"Азаттык": Буга чейин премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев уюшкан кылмыш топтору активдешип жатканын айтып, күрөштү күчөтүүгө эки айлык мөөнөт чектеди эле. Мына эки айлык мөөнөт аягына чыкты. Анын жыйынтыгы чыгарылдыбы?

Мамытов: Премьер-министр эки айда аткарылган иштер тууралуу өз убагында маалымат алып турду. Биз өткөргөн жыйын деле ошол тапшырманын алкагында өткөрүлдү. Анан бүгүнкү жыйында жалпы кырдаалды жаңы жылдан соң жылдык коллегияда алып чыгалы деген чечим кабыл алынды.

Экинчиден, уюшкан кылмыш топтор менен күрөшүү үчүн Ички иштер министрлигин реформалоо сунушу айтылган. Учурда өкмөттүн токтому менен Координациялык кеңеш түзүлүп, аны жетектөө мага тапшырылды. Азыр ушул багытта да иш жүрүп жатат. Мунун баары премьер-министрдин көзөмөлүндө турат. Жыйынтыгы тууралуу январь айында маалымат беребиз.

"Азаттык": Сиз кылмыш дүйнөсүндөгү абал курч экенин айтып жатасыз. Анын башкы себеби эмнеде? 2010-жылдан соң уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш солгундады деген сындар айтылды эле. Бул ошол укук коргоо органдарынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүнүн солгундашынын жыйынтыгыбы?

Мамытов: Жок, 2010-жылдан кийин өзүңөр билгендей, бир топ эле жакшы иштер башталган. Тилекке каршы, аягына чыкпай калганбыз. Ошол күрөштүн жүрүшүндө бир топ уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалып, бир тобу Орусия, Казакстан, Тажикстан ал тургай Араб Эмираттарына чейин качып кетишкен. Кийин биз ошол иштерди жандандырып, качкандардын айрымдарын Араб Эмираттарынан алып келип жатабыз. Эки-үч топтун мүчөлөрүн Орусиядан, Казакстандан алып келдик. Кечээ-мурдагы күнү биздин кызматкерлер Орусиянын күч органдары менен биргелешип, дагы бир топтун мүчөсүн кармады. Аны да Кыргызстанга алып келебиз. Биз бул ишти баштаган соң, кылмыштуу топтун мүчөлөрү качып кутула албасын түшүнүп, бири-бири менен тиреше баштады. Ошону биз көзөмөлгө алып, күнөөлүүлөрдү сотко жеткиргенге иш жүргүзүп жатабыз.

"Азаттык": Сиз күрөштү күчөтүүгө дагы бир айлык убакыт берилгенин айтып жатасыз. Бул аралык ичинде жыйынтык болбой, кылмыш топторунун таасири күчөй берсе күч органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги каралабы?

Мамытов: Сөзсүз түрдө... Эгерде берилген тапшырманын жыйынтыгы чыгарылбаса, ИИМ жетекчилигинин жоопкерчилиги өкмөт, президент тарабынан каралып, кескин түрдө чечим кабыл алынат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG