Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

Парламент сырдуу өлүмдү иликтөөгө көз салат


Маркум Камила Дүйшөбаева.
Маркум Камила Дүйшөбаева.

Жогорку Кеңеш комитети жазында киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча жүрүп жаткан тергөөнү өз көзөмөлүнө алды. Каза болгон кыздын жакындары менен айрым депутаттар ИИМ кылмыш ишти ачууга тиешелүү аракетти көрбөй жатат деп сындашууда.

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети Камила Дүйшөбаеванын табышмактуу өлүмү боюнча тергөөнүн жүрүшү жөнүндө күч органдарынын маалыматын укту.

Ички иштер министринин орун басары Рыскул Жапаркуловдун айтымында, учурда Дүйшөбаеванын өлүмүнүн бетин ачуу боюнча иш күчөтүлүп, буга чет өлкөлүк адистер да тартылды:

- Азыркы учурда бул кылмыш боюнча абдан чоң иштер жасалды. Кылмыш иштин алкагында 400гө жакын адам суракка алынды, бир нече версия иштелип чыгып, иликтенүүдө. Учурда тергөө амалдары уланып жатат. Мындан сырткары биз чет өлкөдөн атайын адис чакырдык. Ал учурда өлкөгө келип, атайын тергөө тобу менен иштеп жатат.

Рыскул Жапаркулов милициянын бул аракетинен майнап чыгып, жакынкы аралыкта кылмыш иштин бети ачылат деп ишендирүүдө.

Учурда ишти ички иштер министри Мелис Турганбаев өз көзөмөлүнө алган. Бардык маалыматтар, анын ичинде “Азаттык” радиосу жүргүзгөн журналисттик иликтөө да текшерилүүдө.

Ширин Айтматова.
Ширин Айтматова.

Бул иликтөөдө каргашалуу окуя боюнча тергөөгө көрсөтмө бергендердин арасында жогорку даражалуу кызмат адамынын тууганы бар экени белгилүү болгон. Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова Ички иштер министрлиги бул кылмыштын бетин ачууга жетиштүү аракет көрбөй жатканын сындады:

- Бул окуядан бери 10 ай өттү. Бирок ИИМдин иликтөөсүнөн эч кандай жыйынтык чыккан жок. Мага каза болгон кыздын атасы келип кайрылды. Анын айтуусуна караганда, милиция кызынын өлүмүнө тиешеси болушу мүмкүн деген адамдардын сүрөттөрүн илип койгон экен. Бирок алардын арасында башкы прокурордун тууганы деп айтылып жаткан адамдын сүрөтүн илишпептир. Эмне үчүн деп сураганда, ушундай адамдын тууганын сүрөтүн кантип илебиз деп айтышыптыр. Демек, мындан улам тергөө бир тараптуу жүрүп жатат деп айтса болот.

Ошондуктан Ширин Айтматова бул ишти иликтөөгө жарандык коом өкүлдөрү жана журналисттерден турган өз алдынча топ түзүүнү сунуштады.

Ал эми Камиланын атасы Эшмамбет Дүйшөбаев болсо милиция кылмыш иште жылыш бар дегени менен андай аракеттер байкалбай жатканын айтууда. Мындан улам бул иштин ачылбай калышына кызыкдар күчтөр бар болушу мүмкүн деп түкшүмөлдөп жатат:

Эшмамбет Дүйшөбаев.
Эшмамбет Дүйшөбаев.

- Бул иште жогорку даражалуу адамдар тиешеси бар окшойт ошондуктан, милиция өйдө-төмөн кылып атабы деген ой кетүүдө. Милиция иште жылыш бар деп эле айтып жатат. Бирок аны сезе элекпиз. Эми дагы күтүп туруп, Жогорку Кеңешке кайрадан кайрылсамбы деп жатам.

Ошентсе да, Жогорку Кеңеш комитети бул ишти өз көзөмөлүнө алуу чечимин чыгарды. Ага ылайык, Ички иштер министрлиги бул иш боюнча парламентке ай сайын маалымат жиберип турушу керек экенин комитеттин төрагасы Кенжебек Бокоев билдирди:

- Аталган кылмыш иштерди биз жакшылап иликтеп, изин суутпастан тиешелүү чаралар көрүлсүн деп Бишкек жана Чүй облусуна тапшырма берилди. Алардын отчеттору ай сайын угулуп туруусу керек. Дүйшөбаеванын өлүмүнө шектүү адамды кармоо боюнча иш өзгөчө көзөмөлгө алынсын деген чечим кабыл алдык.

Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну Камила Дүйшөбаеванын киши колдуу болгон сөөгү ушул жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган эле. Бул коомчулукта шаардагы коопсуздук маселеси боюнча талкууларды жараткан.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG