Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:55

Ош облусунун Өзбекстан менен чектеш айылдарында каттоодон өтпөгөн медреселер көбөйдү.

Анда хужура деп аталган ыкма менен балдарды жана аялдарды үйлөргө топтоп, исламдын жол-жобосун үйрөтүшөт. Мындан кооптонгон облустагы жарандык коом өкүлдөрү мамлекеттик органдарды бул маселени көзөмөлгө алышын суранууда.

Жумагүл Болпонова Аравандагы БУУнун Аялдар программасынын негизинде уюшулган “Тынчтыкты сүйүүчү аялдар” түйүнүнүн мүчөсү. Июнь окуяларынан соң түзүлгөн уюм аймактагы ар кыл чыр-чатакты алдын алуу милдетин аркалайт. Уюмдун мүчөлөрү акыркы учурда район аймагында каттоодон өтпөй, жергиликтүү тургундарга жабык диний дарстарды уюштурган медреселердин көбөйгөнүн байкашкан. Жумагүл Болпонованын айтымында, хужура деген ыкма менен мындай жайлар адатта балдар менен аялдарды топтоп, диний сабак өтүшөт:

- Айылдарда жашыруун, мыйзамсыз диний мектептер ачылып жатат. Муну биздин жергиликтүү бийлик да, имамдар да көзөмөлгө ала албай жатышат. Ата-энелердин диний сабаты төмөн болгондуктан, бул мектептерди ким ачты, кандай максатта ачылды, аларда эмнелер окутулат, исламдын кайсы агымын туура деп эсептейт деген суроолорго кызыкпай эле жиберип жатышат.

Болпонованын белгилешинче, мындай медреселерде дарс бергендер арасында коңшу Өзбекстандан келген имамдар да бар. Жергиликтүү тургундар болсо балдарын мектепке эмес, медреселерге жиберген учурлар көбөйдү. Буга камтама болгон жергиликтүү активисттер көзөмөлгө алууну бийлик өкүлдөрүнөн суранууда.

Диларам Амракулова Аравандын Чек-Абад айылынын тургуну. Ал өзүнүн айылдагы аялдарды топтоп, хужура ыкмасы менен үйүндө ислам боюнча дарстарды уюштуруп келет. Биз барган учурда да үч аялды өз үйүнө чакырып, Куран боюнча дарс окуп жаткан экен.

Диларам айымдын айтымында, мындай мектептерден чочулоонун кереги жок. "Болгону динден түшүнүгү жок адамдар билип-билбей эле чуу салышууда", - дейт ал:

- Мындай мектепти ичинен кирип талдамайынча, жакшы же жаман деген туура эмес. Мына ушуну мектептин дарегине сын айткандар түшүнүшпөйт. Сыртта туруп алып эле “ий, жоолук салынып алыптыр, булар бир нерсе кылып жатат” деп ойлоп келишет. Мен билген мындай топтор, жакшы билимге ээ болгон адамдар аялдарды Куран, хадистер боюнча окутушат. Анан имамдар Өзбекстандан келди деп жатышпайбы. Ал жалган. Биздин өзүбүздүн эле билимибиз эле жетишет.

Диларам Амракулова өзү окуган дарстарга балдар келбей турганын, тестиерлерге диний билим берген медреселер жөнүндө кабары да жок экенин айтып ишендирди.

Каттоосу жок, дайыны белгисиз

Анткен менен айылдагы мектеп окуучуларынан диний медреселер боюнча сураганыбызда, алар мындай диний жайлар бар экенин, атүгүл курбулары деле барып жүргөнүн бажырап айтып беришти. Алардын бири - 9-класстын окуучусу Муаззам Арапжанова:

- Ал жакка барып сүрөөлөрдү окушат экен. Анан бизге келип “кыска кийим кийбегиле, чөнтөк телефон колдонбогула” деп үйрөтүшөт. Анткени хужурага барганда ушуларды үйрөнүшөт экен.

Каттоодон өтпөгөн диний медреселер тууралуу облустук казыят менен дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматы эки ача чыгууда. Жаңыдан гана Ош облусунун казысы кызматынан Баткендин облус казылыгына которулган Ниязалы ажы Арипов Араван районунун аймагында каттоодон өтпөстөн иштеген медреселер жок экенин билдирүүдө:

- Бизде райондун хатибинин жана имамдардын көзөмөлү астында эле балдарга намазга жыгылуунун жол-жобосу окутулат. Бул жөн гана имиштер болушу мүмкүн. Араванда андай орчундуу маселе деле жок.

Ал эми президенттин алдындагы Дин иштери боюнча комиссия өкүлдөрүнүн бул маселе боюнча пикири башкача. Аталган комиссиянын жетекчи орун басары Табылды Орозалиевдин айтымында, учурда каттоодон өтпөстөн хужура ыкмасы менен иштеген медреселерге чара көрүүнүн жол-жобосу иштелип жатат:

- Негизинен бул маселенин көтөрүлүшү туура эле. Анткени хужура - үйдөн билим алуу. Алар отуруп алып, өз билгендерин башкаларга үйрөтөт окшойт. Анан кайсы агымды үйрөтүп жатат, салафийби, ахмадийби, же башкабы - муну көзөмөлгө алышы керек. Бул боюнча бизде деле кабар бар. Учурда биз юристтер менен кеңешип жатабыз. Кандай чара көрсөк болот, тыюу салсак кандай мыйзамдын негизинде тыюу салабыз, мына ушул маселени кеңешип, мунун үстүнөн иштеп жатабыз.

Негизи эле Кыргызстанда исламдын ар кыл агымдары көбөйүп, өз ишмердигин жүргүзүп жатканы айтылып келет. Кыргызстанда өткөн жумада өткөн муфтийлердин эл аралык жыйынында ар кыл радикал топторго бөгөт коюу үчүн салттуу ислам багыттарын өнүктүрүү зарылдыгы белгиленген болчу.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG