Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:30

Белгилүү коомдук ишмер, адабиятчы, сынчы, жазуучу, профессор Салижан Жигитов көзү тирүү болсо, 17-мартта 80 жашка чыкмак. Ал арабыздан кеткенине 10 жыл болду. Салижан агабыз 2006-жылы 11-февралда 70 жаш курагында көз жумган.

Ар бир улутка бирден Салижан Жигитовдой адам керек го. Ар бир улутка бирден Салижан Жигитовдой адам керек го. Антпесе өсөм деген ою бар улут өксүк калат, өзүнө өзү сын көз менен карай албай, өңчөй жалган иллюзиялар менен жашап, алдыга эмес, артка кетенчиктейт. Бүгүнкү кыргыз коому дал ушул акыбалда турат. Азыр жалаң жарма патриоттордун күнү тууп турган кез. Эшикте XXI кылым, ал эми умтулганыбыз, эртеден кечке тынбай сөз кылганыбыз, кызыл чеке болуп талашканыбыз ары барсак IX, бери келсек X кылым болууда. Гезит бетиндеги кеп кылган негизги персонаждарыбыз ашып кетсе Бекназаров, болбосо Турсунбек Акун же Мотуев. Келечекти ойлогон киши жок. Эртеңки күнгө даярбызбы же жокпу, кандай катаал замандар келатат, аны утурлаш үчүн, катардан калбаш үчүн эмне кылышыбыз керек, балдарга не билим берип, жаштарды кай жакка үндөшүбүз керек - бул жагынан кой жуушагандай жымжырттык сезилет. Бирдеме десең же жарма патриоттордун же өзүн улутчулмун, өтө мекенчилмин деп санаган жарты өпкө журналисттердин жалаасына кабыласың.

Кыскасын айтканда, Салижан Жигитовдун арабызда жоктугу айрыкча азыркы кайсалаган заманда абдан ачык сезилүүдө. Ырас, билимдүү-илимдүү адамдар азыр деле арабызда жок эмес, бирок ушундай илмекайып заманда оюн ачык айтып, салмактап кеп сүйлөп бере албаса, андай билим менен илимден эмне пайда? Баса, тоо булбулу Токтогулдун мындай бир ыры бар экен:

Ак шумкардан не пайда,

Качырганын албаса,

Акылмандан не пайда,

Акыйкат кебин айтпаса.

Мындан он жылдай илгери көзү өтүп кеткен агабыз Салижан Жигитов ошондой акыйкат пикирин айткан адам эле. Ооба, агайды эл демейде адабият сынчысы деп таанычу, бирок ал киши чын-чынына келгенде адабиятты эле эмес, улутту сындаган киши эле. Кыргыз көркөм сөзүн эмес, Кыргызстандын өзүн, керек болсо эли-журтун сындаган сынчы болчу. Болгонун болгондой бетке айткан, айтканда да жылаңач төөнү бучкакка чапкандай таамай, жанды кашайта айткан бирден-бир кишибиз Салижан агай эмес беле. Ошол таамай, акыйкат айтканы үчүн ачуу болсо да укчубуз, катуу болсо да кабыл этчүбүз. Болбосо “Кыргыздын туулганы да трагедия, өлгөнү да трагедия” дегенди ким айта алат эле да, ким туура кабыл алат эле? Башка бирөө айтса, балким, кытыр алмакпыз, терикмекпиз, бирок Салижан Жигитовдун айтканын чыдап кабыл алчубуз. Ал киши адабият сынчысы эле эмес, улут сынчысы эле дегеним да ошондон.

Эгер көзү тирүү болгондо ушул күндөрү туура Салижан ага 80 жашка чыкмак экен. Тилекке каршы, арабыздан эртерээк кетип, орду ушу күнгө чейин эч бир толбой келатат. Он жылдан бери ал кишинин курч сөздөрүн, таамай айткан сындарын, күйгөндөн айткан ачуу пикирлерин, аргасыздан каткырып-күлүүгө аргасыз кылган шакабаларын укпай келатабыз. Сыягы, “орду толгус жоготуу” деген сөз ушул сыяктуу учурлардан улам айтылып калса керек го.

Салижан Жигитов чоң адабиятчы, таанымыл сынчы, котормочу, саны жагынан аз, бирок сапаты жагынан өтө жогорку деңгээлде жазылган ыр китептин автору эле. Көпчүлүк эл агайды качан болсо каткырыкты катуу салып, шарактаган шакабасын чеккен шайыр адам деп билишчү. Бирок чын-чынына келгенде Салижан агай абдан муңдуу, ички күйүттөрү элден башкача көп, армандары андан да толтура адам эле. Муну агай менен чогуу иштешкен, чыныгы сырын уккан, чыгармаларын тыкыр окуган шакирттери же жакындары гана билчү. Ырас, агайдын жеке турмушу элдикиндей болду, эч бир курбалдаштарынан калбай эле оокатын тың жасады, бала-чакалуу болду, ким да болсо эңсей турган карьера жасады, үстүндө үйү, кашында өмүрлүк жары, урук-туугандары турду дегендей. Бирок Салижан агай турмуштагы ар бир окуяны, айрыкча жоготууну, адам баласынын табийгат-тагдыр алдындагы алсыздыгын, турмуштун оош-кыйышын, бергени менен алганын башкаларга караганда эң кеминде эки эсе оор кабыл алып, эки эсе терең сезген сезимтал инсан болчу. Ошон үчүн классика болуп калган бир лирикалык ырында:

Шуулдаба терегим, теректерим,

Шуулдасаң ачышып каректерим,

Эске түшөт өткөндүн элестери,

Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.

Жалбырактар жабыла үн чыгарып,

Жаны тынбай жабыла күү чыгарып

Шуу-шуу этет качырып уйку кушун,

Шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып, -- деп жазган эмеспи.

Салижан Жигитовдун арабыздан кеткенине он жылдын жүзү болуп, андан бери бир топ окуялар баштан өтүп, нечен суулар акты. Бирок ал кишинин ким экенин, коомубуздагы ээлеген уникалдуу орду кандай экенин эми гана билип отургандайбыз. Көрсө, Салижан агай адабияттын чыгаан сынчысы же тарыхчысы эле эмес, чоң ойчул, чыныгы интеллигент, нака кыргыздын атуулу тура. Ошол арадан шуу деп өткөн он жыл ичинде Салижан Жигитовдой арай көз чарай дегендей баарын бетке айтып, замандаш адамдарга эле эмес, керек болсо жалпы калайык-калктын бетине кандай эл экенибизди, эмне деген журт экенибизди тартынбай туруп айтчу киши чыкпады го.

Маселен, арабызда Салижан агайдай коркпой-үркпөй туруп: “Кыргыздын туулганы да трагедия, өлгөнү да трагедия” деп ким ачык айта алат. Эч ким айта албайт! Ыгы жок ысырапкерчиликтен, курулай намыстын айынан канча малды кырып, канча тамак-ашты, пайдасыз убарачылыкты башыбыздан кечирип келатабыз? Санап отурсак, андай мисалдар чачыбыздан көп, бирок ошону бетке айткан, айтканда да ачуу кылып айткан кимибиз бар? Бизде баатырдан көп киши жок, эл акыны, эл жазуучусунан көп киши жок, бирок алар эч кимге жаман көрүнгүсү келбейт, билсе да билмексен болуп, үйүндө отурат. Салижан Жигитов баатыр наамы болбосо да, чыныгы баатыр киши эле. Оюнда эмне турса, ошону дароо айтчу, жок дегенде адаттагы ачуу шакабасы менен өз пикирин, атуулдук позициясын дароо билдирчү. Ошол позициясынан эч качан тайбагандыгы үчүн элдин урмат-сыйына татып, “Жигиттин уулу Салижан” деген атка конду, айткан кептери аңызга айланып, көпчүлүгү классикага жакындады, азыр да качан болсо “баягы Салижан Жигитов айткандай” дегендей кеп-сөздү угасың. Башкача айтканда, Салижан агайдын көзү өтсө да, узак жылдарга аты өчпөй турганы, артында жазган китептери, таамай ойлору, айткан курч сөздөрү кала турганы эмитен эле билинип калды. Сыягы, өзүң өлсөң да, сөзүң өлбөсүн деген кеп ушундан калса керек го.

Жогоруда Салижан Жигитовду улам-улам “агай” деп айтканымдын себеби бар. Анткени ал киши менен көп жыл Илимдер академиясында чогуу иштедик, кеп-кеңешин уктук, нечен жолу колдоосун көрдүк. Абдыганы Эркебаев, Абдылдажан Акматалиев, Эсенбай Нурушев, Советбек Байгазиев, Калык Ибраимов, Камбаралы Ботояров, Каныбек Эдилбаев сыяктуу бир катар адабиятчы-сынчылар, таанымал коомдук ишмерлер Салижан агайдын жанында жүрүп жетилдик, турмуштун, илимдин жолун тааныдык.

Ал эми ал кишинин илимий жана адабий-көркөм мурасы тууралуу айта турган болсок, бул өзүнчө чоң тема. Жогоруда айткандай, Салижан Жигитов адабият таануу жана адабий сын тармагындагы бир нече китептерин калтырды. Ал китептери өзүнүн кадыры менен илимий баасын азыркы күндө эч бир кемиткен жок. Эгер кимир бирөө кыргыз сыны же адабият таанусу боюнча хрестоматия түзсө, биринчи катарда, албетте, Салижан агайдын жазгандары тураарына эч бир шектенүүгө болбойт. Ошону менен бирге Жигитов чакан, бирок абдан терең “Ыймандай сырым менин” деген поэзия жыйнагын калтырды. Ал эми ар бирибиз жатка билген “Элегия” деген ырын туура кырк жыл жазды, оңдоду жана түздөдү. Чыныгы профессионал деп ушуну айтуу керек го. Атактуу түрк акыны Назым Хикмет менен башкыр акыны Мустай Каримдин шурудай тизилген кыргызча котормолору колубузда турат. Баса, бул котормолор адистер тарабынан жалпы эле кыргыз адабиятындагы эң мыкты котормолор катары бир добуштан таанылды.

Мен көз жумсам, кызмат ордум бош калар,

Бирок дароо орун басар башкалар.

Турмуштун түк токтолбосун белгилеп

Ошол күнү далай бөбөк көз жарар.

Мен көз жумсам, сыртта агайын, дос калар,

Алар мени аз убакка эске алар,

Бир гана арман: айтылбастан сөз калар

Жомок болуп эл эсинде сакталар.

Мен көз жумсам, жарык дүйнө соо калар,

Тыным албай жер өз огун айланар.

Тамак ичип, эмгек кылып, жер басып

Соо жүргөндөн артык бакыт кайда бар?!

Бул сөздөр Салижан Жигитовдун чыныгы жан сыры, анын шакылдаган каткырык-күлкүсүнүн астына катылган кайгысы менен муңу, турмуштук философиясы эле…

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG