Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:02

Айыл-чарба техникалары менен камсыздоо жаатында адистешкен “Farmoni Company” ишканасынын директору Манас Саматов жазгы талаа жумуштары боюнча суроолорго жооп берди.

“Азаттык: ”Алдыда кош айдоо турат. Кош айдоо жакындап калганда эле күйүүчү май, айыл-чарба техникалары сыяктуу маселелер чыгып калат. Сиздин баамыңызда, быйылкы жер айдоого даярдыктар кандай?

Манас Саматов: Рахмат. Бүгүн майрам күнү экен, алды менен жалпы эли-журтту Нооруз майрамы менен куттуктап кетейин.

Кош айдоо дыйканчылыктын өзөгү, негизги талаа операциясы болуп эсептелинет. Ошондуктан мен инженер катары кош айдоонун сырын айтып кетейин. Соконун ар бир тишине трактордун 25 ат күчү туура келет. Ошондо мисалы үч тиштүү соко менен айдай турган болсок, трактордун күчү 75 ат күчү болушу керек. Буга кошмча дагы 25 пайыз ат күчү запаста турушу керек. Ошондуктан үч тиштүү сокону иштетиш үчүн биз 100 ат күчүнө ээ болгон тракторду колдонушубуз керек. Ошондо гана биз жанагы кошту, жер айдоону толук кандуу аткарсак болот. Себеби сапаттуу айдоонун өзү, дыйканчылыктын келечегин, түшүмдүн келечегин чечип коёт. Бул биринчи көз караш техникалык жактан.

Экинчиден, техника менен камсыз кылууда бизде система жок болуп атат. Дүйнө жүзүндө, бардык өлкөлөрдө бай болсун, кедей болсун жакшы бир сыноодон өткөн система бар. Бул лизинг (кийин сатып алуу шарттары каралган узак мөөнөттүү ижара системасы) системасы. Бирок тилекке каршы бизде 2002-жылы кабыл алынган лизинг жөнүндөгү мыйзам чийки болуп атат. Ошондуктан бизде лизинг менен иштейли деген ниети бар банктарда деле бул мүмкүнчүлүк болбой жатат. Анткени мыйзам чийки. Алар лизинг менен иштегенде келген техниканын үстүнө кошумча нарк салыгы, төлөмдөр кошулуп отуруп өтө кымбаттап кетет. Бул жөнүндө биз көптөн бери айтып келатабыз. Бул боюнча Жогорку Кеңеште чечкиндүү аракеттер жасалса, оңой эле бүтө турган иш.

Анан жалпы эле айыл-чарбасын менин көз карашымда, мамлекеттик чиновниктерден көз карандысыз абалга жеткирип, бөлүп, өз алдынча жүрүп кете турган даражага алып келүү керек болуп турат. Ушундай мезгил келип калды азыр. Мамлекет тарабынан болгон колдоолорду банктар аркылуу жасоо керек. Мындайча айтканда эч кандай чиновниктин катышуусусуз, аларга көз каранды болбой, дыйкандар банктар менен гана мамиле жасаганда гана өнүгүп кетет. Бүтүн дүйнөдө ушундай. Чиновник менен дыйкандын бетме-бет алакаларын кыскартуу керек.

“Азаттык”: Дыйкандарды арзан күйүүчү май менен камсыз кылуу маселесинде да талаш-тартыштар боло калат. Эмнеге мындай, дыйкандар күйүүчү майды рыноктук баада сатып ала алышпайбы? Дыйкандарга ушундай жол менен жардам берүү канчалык деңгээлде эффективдүү?

Манас Саматов: Бул жерде кандайдыр бир коррупциялык схемалардын бар болгонунан келип чыгып аткан, кандайдыр бир баш айландыруучу сөз десем болот. Мунун артында көптөгөн көз боёмочулуктар бар. Түпкүрүндө бул эң жөнөкөй маселе.

Күйүүчү май дыйкан болсун, таксист болсун же башка тармактагы адамдар болсун, баары үчүн арзандатуу аракети болушу керек өкмөт тарабынан. Анүчүн ошол күйүүчү май ташыгандарга эркин атаандашуу шарттарын түзүү сыяктуу иштерди жасоо керек. Буларды бөлүп, дыйканга гана арзан, жеңилдетилген күйүүчү май беребиз дегендин өзү бул болбогон сөз. Себеби бизде 300 000ден ашык фермерлер бар. Аларга 40 000 тонна майды адилеттүү бөлүштүрүп бериштин өзү мүмкүн эмес. Бул чиновниктердин эле бөлүштүрүүдөн бирдеме жасап, бөйрөктөн шыйрак жасоого болгон аракети.

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG