Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:35

Спорт ордосундагы “бомба” тууралуу жалган маалымат берген адам изделүүдө


Телефондон жалган маалымат берген адам Бишкекте экени айтылууда.
Телефондон жалган маалымат берген адам Бишкекте экени айтылууда.

Бишкекте милиция Спорт ордосуна “бомба коюлганы” тууралуу телефондон жалган маалымат тараткан адамды издеп жатат. Анын номуру аныкталды. Өзү борбор калаада экени болжолдонууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Памир Асанов билдирди. Анын айтымында, топтолгон маалыматтар Улуттук коопсуздук комитетине да өткөрүлүп берилди.

14-март күнү кечки саат жетилерде милицияга белгисиз адам телефон чалып, Спорт ордосуна “бомба коюлганын” айткан. Ал учурда аталган имаратта эр таймаш боюнча мелдеш башталмак. Телефон чалуудан улам спорттук беттеш токтотулуп, аны өткөрүү 15-мартка саат 18:00гө жылдырылган.

Милиция бүгүнкү иш-чарада коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл буруларын маалымдады. (SE)

XS
SM
MD
LG