Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

"Телефон террорчуларынын" коңгуроосу


Ушул жылы баш-аягы тогуз жолу коомдук жайларда бомба бар деген жалган маалыматтар келген.
Ушул жылы баш-аягы тогуз жолу коомдук жайларда бомба бар деген жалган маалыматтар келген.

Акыркы бир сутка ичинде коомдук жайларда бомба бар деген жалган билдирүүлөрдү тараткан эки факт катталды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жалган билдирүү берген учурлар көбөйүп жатканын айтып, элди чууга салган адамдардын айрымдары кармалса, көпчүлүгү издөөдө жүргөнүн билдирди.

Конуштун тынчын алган коңгуроо

Бишкек шаарындагы Улан кичи районунун тургуну Роза Дуулатова 21-декабрь күнү кечинде үйүндө жаткан учурда милиция кызматкерлери тышка чыгуусун өтүнгөн. Сыртка чыккандан кийин гана кошуналарынан укук коргоо органдары алар жашаган үйдөн бомба издеп жатканын уккан.

- Сыртка чыксам элди милиция өзүнчө курчоого алып, үйдөн алыстатып жатыптыр. Мен алгач түшүнгөн деле жокмун. Сураштырсам бомба коюлганын айтышты. Суукта сыртта турдук, бактыга жараша жалган маалымат экен. Бирок бизде дагы деле коркуу сезимдери калды.

УКМК учурда кичи райондун тынчын алган адамды да издөөдө. Бул акыркы күндөрү эле күч органдарына бомба бар деп телефон аркылуу айтылган экинчи жалган маалымат болду.

20-декабрда стратегиялык объекттердин бири болгон “Манас” аэропортуна бомба коюлганы тууралуу коңгуроо түшүп, аба майдан учууларды токтотуп, бирок атайын түзүмдөр жардыргычты издеп тапкан эмес. УКМКнын билдиришинче "аэропортто бомба бар" деген жалган билдирүү интернеттеги белгисиз IP-даректен келген.

Атайын кызматтын өкүлү Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” маалымдашынча, ушул жылы баш-аягы тогуз жолу коомдук жайларда бомба бар деген жалган маалыматтар келген.

- Азырынча төрт иш боюнча тергөө иштери аяктап, сотко өткөрүп берүү алдында турат. Ал эми беш факты боюнча дагы деле ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Азыр жалпы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Анткени террордук акт туурасында атайын жалган билдирүү тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылып, айыппул төлөп, түзөтүүчү иштерге тартылат.

Рахат Сулайманов кошумчалагандай, жеңил ой менен жалган билдирүү жиберген адамдар да бар экени аныкталган. Алсак, 24-сентябрда борбордогу “Арзу” ресторанында жарылуучу зат бар деп дүрбөлөң салган адам сүйгөн кызын кызганып, жалган маалымат берген.

Ал эми 4-октябрдагы парламенттик шайлоо учурунда Чолпон-Атанын мурдагы мэри Мирлан Маратов мас абалында беш шайлоо участкасында бомба коюлгандыгы тууралуу жалган билдирүү таштаган.

"Жалган" деп көңүл бурбай коюуга болбойт

УКМКнын мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов күч түзүмдөрү жарылуучу зат коюлган ар бир билдирүүнү эске алууга милдеттүү дейт.

- Мен 2005-жылдан тартып үч жыл ушул багытта жетекчи болуп иштегенде ар кандай телефон чалуулар болду, бирок бир да жолу чындап бомбаны тапкан жокпуз. Бирок дүйнөлүк тажрыйбаны карасак, террорчулар жардыргычты койгондон кийин алардын арасынан бири маалыматты телефон аркылуу айтып койгон учурлар көп. Албетте, мындай учурда көптөгөн өмүрлөрдү сактап калса болот.

Иманкуловдун айтымында, телефондон бомба коюлгандыгы жөнүндө жалган маалымат бергендердин басымдуу бөлүгү психикалык оорулар болуп чыгат.

Милиция кызматкерлеринин укугун коргоо комитетинин төрагасы Мелис Арыпбек телефондон бомба коюлган деп, анонимдүү маалымат бергендерге жазаны беш жылдан жогору кылууну сунуштап жатат:

- Мындай адамдарга беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратыш керек. Азыр көбү айыппул төлөп, же алты ай кармалып, мунапыс менен чыгып кетип жатпайбы. Ошондуктан жазаны күчөтсөк гана башкаларга да сабак болот.

Азыркы мыйзамдарга ылайык, террордук акт туурасында атайын жалган билдирүү тараткандар үч жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул эң жогорку жаза болгону менен көп учурда "телефон террорчулар" айып төлөп, жазадан кутулуп келишет. Ошол эле учурда УКМК жарандарды белгисиз буюмдарды таап алган учурда сак болуп, ал тууралуу атайын кызматка - 102 номуруна кайрылууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG