Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

Кыргыз спорту Саралиновду жоктоп турат


Мурат Саралинов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин жетектеген мезгил. 2013-2014-ж

Мурат Саралинов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин жетектеген мезгил. 2013-2014-ж

13-мартта мамлекеттик, спорт жана коомдук ишмер, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов 54 жашында жүрөк оорусунан улам дүйнө салды.

Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун каза болгонуна байланыштуу мамлекет жетекчилиги анын жакындарына көңүл айтты. Президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана бир катар жетекчилер жолдогон көңүл айтуу катында Саралинов Кыргызстандын мыкты коомдук ишмери, көрүнүктүү спортчусу болгону белгиленет.

Мурат Саралинов 1961-жылы 26-майда Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында төрөлгөн. Фрунзедеги Надежда Крупская атындагы жатак-спорт мектебин бүтүргөн. Ошондой эле Самарканддагы кооперативдик институтун, Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин, Кыргыз Мамлекеттик Дене тарбия институтун аяктаган. Саратов шаарындагы СССРдин Ички иштер министрлигине караштуу жогорку курсунда билим алган.

Саралинов СССРдин спорт чебери, эмгек сиңирген машыктыруучу. Кыргызстандын көп жолку чемпиону болгон жана эл аралык, бүткүл союздук мелдештердин жеңүүчүсү. Ал эркин күрөш жана жалпы күрөш федерацияларынын президенти болуп эмгектенген.

Саралинов 2006-жылы Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланган. Ошол кезде Кыргызстандын Олимпиада комитети кризиске учурап, эл аралык Олимпиада комитетинин катарынан чыгарыла турган болгон. "Мурат Саралинов иш билгилиги менен кырдаалды жөнгө салган" деп эскерет Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов.

Кыргызстандын Олимпиадалык курамасын президент Алмазбек Атамбаев кабыл алган учур. 12-июль, 2012-ж.

Кыргызстандын Олимпиадалык курамасын президент Алмазбек Атамбаев кабыл алган учур. 12-июль, 2012-ж.

- Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети 1992-жылы түзүлгөн. Ошол кезден 2005-жылга чейин Эшим Кутманалиев жетектеген. Кийин пенсияга чыкканда ордуна Айдар Акаев келген. Андан соң Баяман Эркинбаев жетектеген. Ал каза болгондон кийин УОК президентинин орду талашка түшкөн. Ошол ызы-чуудан улам эл аралык Олимпиада комитети Кыргызстанды уюмдан чыгара турган болгон. Мурат Саралинов президент болуп шайлангандан кийин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, санкциялардын бардыгын алдырып, кайрадан иштөөгө уруксат беришкен. Ал жетекчи болуп турган учурда 2008-жылы Бээжин олимпиадасында балбандарыбыз бир күмүш, бир коло байгеге ээ болушту. 2010-жылы Жаштар олимпиадасында спортчуларыбыз бир алтын, эки коло байге алып келишти. Олимипиада кыймылына гана эмес, жалпы спорт тармагынын өнүгүшүнө да чоң салым кошту. Күрөш боюнча эки жолу Азия чемпиондугун, оор атлетика боюнча Азия чемпиондугун Кыргызстанда өткөрдү.

Мурат Саралинов Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы болуп 2014-жылы кайра шайланган. 2016-жылга чейин - Олимпиадалык цикл аяктаганча бул кызматта иштемек. Олимпиадалык комитетти жетектеген учурда 2013-жылдын апрель айында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси болуп дайындалып, бир жылга жетпей эле өз ыктыяры менен кызматын тапшырып берген.

Президент Алмазбек Атамбаев Казандагы олимпиада оюндарына катышып келген спортчуларды куттуктоодо, 19-июль, 2013-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев Казандагы олимпиада оюндарына катышып келген спортчуларды куттуктоодо, 19-июль, 2013-жыл

Ал кызматтан кеткенден кийин "Азаттыкка" маек куруп, Кыргызстанда массалык спортко көңүлкош мамиле жасаларын, мамлекет бул тармакта чечкиндүү реформаларды ишке ашырбаса, абалды оңдоо кыйын экендигин айткан эле.

- Былтыр агенттиктин жылдык бюджети 550 млн. сом болчу. Быйыл үч олимпиада оюндары боло турганына карабай (Сочидеги кышкы олимпиада, Нянькиндеги жаштар олимпиадасы жана Инчхондогу Азиялык оюндар) агенттикке бөлүнө турган каражаттан 100 млн. сомду кыскартып коюшту. Кызматтан кетүүмдүн бир себеби да ушул. Ал шартка да макул болуп иштеп жатсак спортчулардын мелдештерге даярдыгы үчүн каражаттар убагында бөлүнбөй жатты. Каражат убагында бөлүнбөсө, бул спортчуларга психологиялык жактан да терс таасирин тийгизет. Ар кимден карызга акча жалдырап мелдешке даярданышат. Андай болбош керек да. Мамлекет жетекчилеринин спорт тармагын өнүктүрүүгө саясий эрки болбосо бул тармакты жандантуу кыйын.

Кыргыз спортчулары Сочидеги оюндарда, 7-февраль, 2014-жыл

Кыргыз спортчулары Сочидеги оюндарда, 7-февраль, 2014-жыл

Мурат Саралинов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин жетектеген учурда маалымат каражаттарына өзгөчө көңүл бургандыгын Спорт журналисттери федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макеш эскерди.

- Дене тарбия жана спорт тармагында аткарылган иштерди коомчулукка маалымдап туруу үчүн жетекчилик кызматка келгенде эле маалымат кызматын түзүп, бир нече кызматкерге штаттык орундарды ачтырып, техникалык каражаттарды алууга каражат бөлдүргөн эле. Бир катар спорттук энциклопедиялардын чыгышына да демөөрчү болгон. Спорттук маалымат тармагына өзгөчө көңүл бурган.

Мурат Саралинов спорт тармагынан тышкары бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалаган. Мамлекеттик бажы инспекциясында директор, финансы министринин орун басары болгон. Эсеп палатасында бөлүм башчы, Финансы полициясынын башкы башкармалыгында директор, Ысык-Ата районунун акими, Эсеп палатасынын төрагасы ж.б бир катар кызматтарда иштеген.

Лондондогу олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчулар, 27-июль, 2012--жыл

Лондондогу олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчулар, 27-июль, 2012--жыл

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Айдарбек Керимкулов Мурат Саралинов кыргыз спортунун өнүгүшүнө зор салымын кошкондугун айтты.

- Ал кыргыз спортунун өнүгүшү үчүн чоң эмгек кылды. Кыргызстанда спортту өнүктүрүү үчүн бир канча мамлекет менен байланыш түздү. Бир нече мамлекет башчылары менен жолугушуп, спорт базаларын өнүктүрүүгө, спортчуларды колдоого бир топ аракеттерди жасады. Алдыда дагы аткара турган иштери көп эле.

Мурат Саралиновдун көзү тирүүсүндө берген маеги

​Мурат Саралинов Сидней, Афина, Бээжин жайкы олимпиадалык оюндарына, Ванкувер, Сочи кышкы олимпиадаларына жана Пусан, Доха, Гуанжоу, Инчхон шаарларында өткөн Азия оюндарына, жээк Азия оюндарына, имарат ичиндеги Азия оюндарына, эл аралык ири мелдештерге улуттук, олимпиадалык командасын жетектеп барганын да кошумчалай кетели.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Эл аралык күрөш федерациясынын «Алтын ордени», Кыргызстан жана Казакстандын Улуттук олимпиада комитеттеринин «Алтын ордени» менен сыйланган. 2012-жылы ага Азиянын олимпиадалык кеңешинин Алтын ордени ыйгарылган. 1-класстагы мамлекеттик кеңешчи болгон.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 15-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрда өтөт. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG