Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

М.Сариев: Күч органдары саясатташып кетип атат


Саясий серепчи Марс Сариев ИИМ менен УКМК коопсуздук маселесине көп көңүл бөлбөй, саясатка аралашып кеткенин байкабай атат деп эсептейт.

“Азаттык”: Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев “Азаттыкка” берген маегинде издөөдө жүргөн Жаныш Бакиев Кыргызстанга келип кетип атканы тууралуу маалымат бар экенин, бирок алардын тамыры укук коргоо органдарында кеңири жайылып кеткендиктен кармай албай атышканын билдирди. Ал эми УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев аларда такыр эле андай маалымат жоктугун айтып, ушундай маалымат тараткан ИИМ жетекчилерин айыптап атат. Мындай олуттуу эле маселеде эки органдын эки башка нерсени айтып атканына кандай баа берет элеңиз?

Марс Сариев: Менин оюмча, бул эки структуранын атаандашып атканын салт катары көрсөк болот. Башка мамлекеттерди деле карап көрсөк ушундай, атаандашышат, бул жакшы эле нерсе, норма. Бирок бир токтоло кетчү жагдай болуп атат. Кыргыз күч структуралары атаандашып иштеп атканда өздөрү байкайбы же байкабайбы, саясатка аралашып кетип атышат. Бул аябай туура эмес нерсе. Ансыз деле Кыргызстандын күч органдарынын аброю эл арасында абдан эле төмөндөп кеткен. Ого бетер ушундай түрдө атаандашып атып, саясатташтырып атып таптакыр элдин ишениминен кетмей болуп атышат. Ошол себептүү ушул багыттагы саясаты туура эмес болуп атат. Булар коопсуздук маселесине көбүрөөк көңүл бөлбөй эле саясатка аралашып кеткенин байкабай атышат.

“Азаттык”: ИИМ менен УКМКнын саясатташып, бири-бирин айыптагандай мамилеси коопсуздук маселесине таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

Марс Сариев: Албетте тийгизиши мүмкүн. Азыр эле таасирин тийгизип атат. Жана мен айткандай саясатка аралаштырбай, иш боюнча атаандашышса болмок. Башка мамлекеттерде деле атаандашат, бирок аларда саясатка аралаштырбайт. Массалык маалымат каражаттарына бири-бирин айыптаган маалыматтарды бербейт. Негизинен координация кылып эле иштешет. Ал эми биздин күч структуралар абдан эле аша чаап кетип атышат. Дал ошол себептүү мындай көрүнүш туура эмес. Азыркыдай, биздегидей көрүнүш саясат болуп атпайбы.

“Азаттык”: Мурдагы бийликтер тушунда эң эле коррупциялашкан бийлик тутуму катары ушул күч органдары айтылып келди эле. Сиз ушул тартип сактоо органдарында бийлик алмашкандан кийин өзгөрүүлөрдү байкай алдыңызбы?

Марс Сариев: Өзгөрүүлөр бар чынында. Жылыштар болуп атат бул жакта. Бирок мындайча айтканда системалык жактан алганда ошол эле оорулар бүгүнкү күндө деле күч органдарында калып атат. Дагы деле буларда коррупциялык көрүнүштөр бар деп ойлойм. Себеби, жолдо турган эле МАИчилерди карап көрүп эле ИИМде эмне болуп атканын билип койсо болот. Ошондуктан азырынча күч органдарында олуттуу, түп-тамырынан өзгөргөн реформалар боло элек деген ойдомун. Өзгөрүүлөр чындап эле болсун десек бул багытта олуттуу реформаларды жасашыбыз керек.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG