Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы орто мектептин 8-классынын окуучусунун өз жанын кыйышына ата-энеси мугалимдер менен милиция кызматкерин күнөөлөп жатат.

Ата-эненин айтымында, окуя мектептеги рекетчиликтен башталып, аны туура эмес териштирүүдөн улам 15 жаштагы чырактай бала бөөдө өлүмгө дуушар болгон. Бирок мектепте балдардын тартибине жоопкер мугалимдер кырсыктын түйүнүн башка өңүттөн чечмелешүүдө.

2015-жылдын 7-февралында Жети-Өгүздүн Саруу айылында болгон окуя бүтүндөй айыл-апанын үрөйүн учурду. Маркумдун атасы Элчибай Жээналиевдин айтымында, алардын үйүнө ошол күнү туугандары келмек. Керели-кечке конок камын көргөн уулунан чай кайнамга жетпеген убакытта айрылып калган ата буларды айтып отурду.

- Конок кечинде келмек. Даярдык көрүп бүтүп, эми эс алалы дегенде кошунам чайга чакырып калды. Мурунку күнү түлөө берген экен. Апасы экөөбүз чыгып баратсак, балам эшиктин алдында туруптур. Сен биз келгиче компьютер ойноп кел десем, "от жага берейинчи" деп көнбөй койду. Эки-үч жолу айттым. Коңшунукуна барып такыр отура албай койдум, 5 мүнөттөн кийин сыртка чыгып, үйдү карасам мордон түтүн чыккан жок. Дароо эле короого кирип баламды издей баштадым. Сарайдын тушуна жете бергенде каалга кыңайып ачылып турганын көрдүм. Кирсем балам асынып туруптур.

Сыймыкты ушул сарайдан табышкан

Сыймыкты ушул сарайдан табышкан

Ата-эне бул каргашага мектеп рекетчилиги, мугалимдердин шалаакы мамилеси, милиция кызматкерлеринин ишти туура эмес териштирүүсү себепкер экенин айтышууда. Буга чейин 2014-жылдын 12-декабрында Саруу айыл аймагынын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү Саламат Дүйшеев 8-класстын үч окуучусунан түшүнүк кат алган экен. Анда Сыймык мектепте “система” деген түшүнүк барын, өзү классындагы лидердин оң колу экенин жазып берген. Бирок Элчибай Жээналиев түшүнүк катты баласы коркконунан улам жазганын айтууда:

- Ошол 12си күнү мектептен алаңдап эле келип калды. Милиция түшүнүк кат жаздырганын айтты. Сурасам, "эмне деп жазганымды деле билбей калдым, үстөлдү бир коюп мен айтканды жазасыңар деди" деп бир ооз айтты. Башка эч нерсе деген эмес.

Элчибай Жээналиев түшүнүк каттын чоо-жайын билгени эртеси эле мектепке барган экен. Бирок директордун орун басары бир жумадан кийин келишин айтып, жолго салган. Он күндөн кийин дагы барып, суроосуна жооп алган эмес. Ал ортодо кышкы каникул башталып, кийин январь айында дагы барып ушул көрүнүш кайталанган. Тескөөчү түшүнүк кат жаздыртып жатканда балдардын жанында мектептин социалдык педагогу, директор жана анын орун басары гана болгон экен.

Сыймыктын милицияга жазган түшүнүк каты

Сыймыктын милицияга жазган түшүнүк каты

Сыймыктын апасы Гүлмира Айбазова ошол “түшүнүк кат” окуясынан кийин эле Сыймыктын мүнөзү өзгөрө баштаганын айтып берди:

- Сабактан качмай адат таап алды. "Апа мен бүгүн сабакка барбай эле коеюнчу, жалаң кыздар эле барат" деп жума-ишемби күндөрү жатып алчу. Башында башка бөлмөдө уктачу, кийин "коркуп атам" деп биз жаткан бөлмөгө көчтү. Тамак ичсе да атасы экөөбүздүн ортобузга отуруп бир башкача болуп калыптыр азыр ойлосом. Алты баламдын эң кичүүсү эле, көкүрөк күчүгүмдөн ушинтип айрылып калам деп эч оюма келген эмес.

Тескөөчү түшүнүк кат жаздырган соң үч баланы райондук милициянын каттоосуна алган. Буга ошол жерде болгон мектептин тарбия иштери боюнча жетекчисинин орун басары Айнура Токбаева каршы болуп, бирок тескөөчү ага көңүл бурбай койгонун айтты:

- 8-класстын үч классы өздөрүнө лидерлерди шайлаптыр. Аны биз деле билген эмеспиз. Так ошол күнү Сыймык окуган класстын лидери келбей калат дагы, ордуна Сыймыкты чыгарышат. Бирок мен аймактык тескөөчү каттоого алам деп жатканда Сыймык жоош, бирөө менен уруша турган, салык сала турган бала эмес деп айткам. Саламат ага көңүл бурбай койгон эле.

Сыймык окуган мектеп

Сыймык окуган мектеп

​Сыймыкты каттоого алууга Садык Сыдыков мектебинин социалдык педагогу Алмазбек Токторбаев да каршы болгон. Бирок тескөөчү анын да сөзүн укпаптыр. Элчибай уулу Сыймыктын жоош, бир мүнөз бала болгонун башка мугалимдери, чогуу окуган классташтары, кошуна- колоңдору да айтышууда. Бирок Саруу айыл аймагынын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү Саламат Дүйшеев бул балдар мектепте тартипсиз экени тууралуу маалымат түшкөнүн, аны түшүнүк кат аркылуу окуучулар өздөрү тастыктап беришкенин билдирди:

- Ооба мага өздөрү жазып беришкен. "Боссмун, лидермин, отвечаламын, банкирмин" деп жазып жатышат. Мен ошонун негизинде аларды каттоого алгам. Азыр балдар үйдө жүргөндө башкача, көчөгө чыкканда такыр башкача болуп калышат. Азыркы балдардын мүнөзү оор.

Ошентип 7-февраль, ишемби күнү Сыймык Элчибай уулу муунуп алган. Каза болордон бир күн мурун көчөдөн классташына жолукканда ”Биринчи күнү бардыгын ачпасам болбой калды, мындай жашоо болбойт” деп ыйлаган экен. Ошол эле күнү Сыймык жездесинен 200, кошуна эжесинен 50, дагы бир атасынын таанышынан 150 сом карызга алып кетиптир. Мурунку күнү өзүнүн чөнтөгүндө 100 сом жүргөнүн атасы айтып отурду. Кийин ал акчалар чөнтөгүнөн чыккан эмес. Түшүнүк катты болсо Сыймыкты жерге бергенден 10 күндөн кийин атасы мектепке барып, бир күн кечке чыкпай жатып араң алганын айтууда.

Бул иш боюнча Сыймыктын ата-энеси Жети-Өгүз райондук ИИБге эки жолу арыз жазган. Райондук милиция аймактык тескөөчү Дүйшеевге сөгүш жарыялап, башка аймакка которуп жиберген. Элчибай Жээналиев мындай чечимге нааразы болуп, прокуратурага арызданууга аргасыз болдум дейт.

- Мугалими кайсы окуучусу түз жүргөн, кайсы окуучусу тентек экенин билбесе эмнеге иштеп отурат? Мектептеги рекетчилик дегенди айтпай эле коеюн. Аймактык тескөөчү түшүнүк кат жаздырып жатканда бизди чакыртпайт же кийин кабарлап койбойт. Балам коркуп, өзүн жемелеп жүрүп эле жанын кыйыптыр да. Милиция бул ишти жабыш үчүн азыр кайра бизге каршы иштеп атат, тиги менин баламды мурда уруп койгон баланын атасын тукуруп, каршы арыз жаз деп күнүгө келип жатыптыр. Мен булардын акыйкат чечиминен үмүтүмдү үздүм.

Жети-Өгүз райондук ИИБнын чечимине макул болбогон ата-эне прокуратурага кайрылган. Жети-Өгүз районунун прокурору Сүйүналы Качкынбаев аталган иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөдө балага үстөмдүк кылып жүргөн жогорку класстын окуучулары аныкталганын, мындан сырткары түшүнүк кат жаздыруу учурунда мектеп мугалимдери менен аймактык тескөөчүнүн ишине шалаакы мамилеси тыкыр текшерилерин билдирди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG