Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Тамашемес: Кошоматчы түгөт...


Төлөгөн Карыкеевдин азил сүрөтү.
Төлөгөн Карыкеевдин азил сүрөтү.

"Азаттык" "Тамашемес "аттуу сатиралык берүүлөр түрмөгүн сунуш кылууда. Ар жекшембинин таңында обого чыга турган бул программаны белгилүү тамсилчи жана сатирик акын Жолоочу Рысбаев алып барат.

Саясий же курч социалдык проблемаларды сатиранын тили менен чагылдырып турган бул берүүнүн видеоверсиясын эмки жумадан тарта сайтыбыздан көрө аласыздар. Азырынча анын радиоверсиясын угуп, текстин окуп туруңуздар.

Кошоматчы түгөт...


Берүүнүн радиоверсиясын толугу менен бул жерден угуңуз




Уулуңуздун уулу жакшыбы,
Кызыңыздын кызы бастыбы
Баягыда мен көргөн
Күчүгүңүз көзүн ачтыбы? – деп үч бүктөлүп үйрүлүп түшүп, чоңунун чокоюн алаканы менен аарчып жиберген арабыздагы айрым кошоматчыларга бүгүнкү берүүбүздү арнамакчыбыз.

Баса кошоматчы деген ким? Кайда, кандай учурда, кайсы жерде кезигет? Кошоматчылык жөндөмдү кантип өздөштүрсө болот? Атайын адистештирилген окуусу барбы? Ошого жооп издейли:

Кошоматчы түгөт
Коом менен,
Кошо колтукташып жүрөт.
Ак үйдө кимдер каларын,
Аркы үйгө кимдер барарын байкап,
Жерди тыңшап
Жети ай мурун айтат.
- Болду, жетет!
Баланчаев Түкүнчө
Башка жака кетет.
Оозун жыйып алгыча
Ошонуку туура келет.
Мурун жүрсө анын
Мурдун аарчып, тил безеп
Эми «Сизден» «Сенге» өтөт.
Сөз бербей,
Сөөмөйүн көзүнө кезеп.
Азыр,
Ал орунга ким келет.
Тайгандай шимшип
Так билет.
Качан куулган
Кайсы уурудан туулган
Жер-жеберин казып
Жети атасы иргелет.
Кайындары анализденип
Калың блокнотко тиркелет.
Акылдуу сезип өзүн
Анан баштайт сөзүн
- Акырын байкасам,
Аялы да кыйындай.
Кыз-уулдарын төрөйт экен.
Кыйкырбай да, ыйынбай.
Демек
Буга бир гана себеп
Аксакал иште да, үйдө да,
Абдан тарбиялуу болсо керек.
Айтор,
Ал кишинин ордуна
Акыретке барасыңбы? деп калышса.
Түшөрү чын,
Түрлөй табытка
Мына,
Кошоматчынын иши.
Асмандан түшкөн жок,
Арабыздагы эле киши.
Балким ал,
Аялдыр же эркектир.
Кууратканда шыйпаңдаш жагынан,
Кудайым ага куйрукту гана бербептир.

Ооба, бул кошоматчылар турмуштун жагдайына, кызматындагы чоңунун кабак-кашына, баскан-турганына жараша көз кареги менен кошо айланып, тукабадай кулпуруп турат. Бийик, абройлуу мансаптуулардын тегерегине тез ыңгайлашып тамырын тереңдетишет. Илбериңки келишип керек кезде ийне көздөрүнөн да өтүп кетип турушат. Колуңда болсо Коконго чейин жөө көтөрүп барууга даяр. Кокус колдон тагың, баштан багың тайыса кошкуруп үркүп караан үзөт. Кошоматчылык алмуздактан келаткан адистешкен ооруу.

Ошондуктан Мидикем айтып кеткен да:

Бирөө бар,
Кошомат үчүн
Жаны элеп-желеп
Чоңдун тегерегине айланат,
Өзүн парвана көпөлөкө теңеп,
Карап туруп,
Кыжырың келет.
Өз баласынын оюнчугун
Начальниктин баласына жулуп берет
Азырчы…
Азыр деле.
Ал кошоматчы
Ордун кайра тапты.
Атасынын «Мерседесин» тартуулап,
Ак үйдөгүлөргө
Аябай жакты.
Анда Мидике
Ачыгын айтсак сизге
Оодарылып коёр эмес алар
Отургузса да шишке.

Ардактуу кошоматчым, азын-оолак айтылды сиз жөнүндө сын. Аша чаап, айыптап койсок сизди, тил кесмек жок, кечирип коюңуз бизди.


Тамашэместин 11-марттагы чыгарылышын бул жерден угуңуз.

XS
SM
MD
LG