Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Муфтийдин каты талкууга түштү


Муфтий Чубак ажы Жалиловдун Сауд Арапстандын падышасына жазган каты коомчулукта талкуу жаратууда.

Айрымдар ал катта кыргыз элинин аброюна жана ар-намысына шек келтирген сөздөр айтылганын белгилешүүдө. Ал эми муфтий бул дооматтарды негизсиз деп атап, каттын мазмунун туура эмес которуп алышканын айтууда.

Кыргызстанда быйылкы ажылык аяктаганы менен ага байланыштуу айрым бир талаштуу пикирлер уланууда. Маалыматтарга караганда, ажылыкты уюштуруу маалында муфтий Чубак ажы Жалилов Сауд Арапстандын падышасына кат жазган. Катта Кыргызстанга бөлүнгөн 4500 миң ажылык квотадан тышкары дагы 1500 ажылык виза суралган.

Айрым диний өкүлдөр жана жетекчилер бул каттын мазмунунда кыргыз элинин аброюна шек келтирген жана басынткан сөздөр айтылганын белгилешүүдө.

Ажы башчы, Ош шаарындагы "Ак бата" аксакалдар коомунун өкүлү Жанарбек Матиев буларды билдирди:

- Ал катта “өзүңүз билгендей кыргыз эли көчмөн жашоодо жашайт” деп айтылган. Арабчадан которулганда жапайы, караңгы жана түнт жашоо кечирген деп айтылат экен. "Караңгылыгы, түнттүгү жана жапайылыгы ушунчалык жогору. Анын айынан 5 жылдын ичинде эки президентти кууп жиберген" деп айтылган катта. Бизди абдан кемсинтип жатпайбы.

"Кынтык издеп..."

Ошол эле кезде муфтий Чубак ажы Жалилов бул дооматтарды четке какты. Муфтийдин айтымында, катта кыргыз элинин аброюн төмөндөтүп, же ар-намысына шек келтирген сөздөр болгон эмес. Ал айрым адамдар түп нускасы араб тилинде жазылган катты туура эмес которуп алып, чуу көтөрүп жатканын белгиледи:

- Ал жерде бул адамдар айтып жаткандай сөздөр жазылган эмес. Анда “кыргыз эли араб эли сыяктуу эле көчмөн жана эркин эл. Эч убакта адилетсиз бийликке баш ийип берген эмес. Ошондуктан эки президентти кубалаган. Ушул элдин эрдигин эске алып, кошумча квота бергиле” деп суралган. Аны туура эле которушкан, бирок көчмөн деген сөздү "билимсиз, маданиятсыз жана цивилизациясы жок" деп, Ормон Шаршенов “Вечерний Бишкекке” курган маегинде айтты. Андан тышкары, кээ бир ажы башчылар айтып жатат. Мына, Алмазбек Атамбаев деле ант берүү учурунда кыргыз эли көчмөн цивилизациясына салым кошкон деп айтты.

Баш муфтий бул боюнча келерки аптада атайын маалымат бере турганын кошумчалады. Ал ортодо Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Ормон Шаршенов Чубак ажы Жалилов толук кандуу муфтий эмес деген оюн кайрадан айтып чыкты. Ал буларды билдирди:

- Мен “Вечерний Бишкекке” курган маегимде да ал курултай аркылуу шайланган эмес деп айттым. Уставдын негизинде ал курултай аркылуу шайланышы керек болчу.

Ал эми Чубак ажы Жалилов уламалар кеңеши аркылуу шайланганын, курултайга чейин уламалар кеңешинин чечими мыйзамдуу күчкө ээ жалгыз чечим экенин билдирүүдө.

Талаштын түбү ажылыкпы?

Ошондой эле Дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Ормон Шаршенов гезитке курган маегинде ажылыкты уюштуруу ишин парламенттин муфтиятка өткөрүп бериши жаңылыш болгонун да белгилеген. Андыктан пикир келишпестиктин башаты ажылыкты уюштуруу ишин талашуудан улам чыгып жатабы дегендер да жок эмес.

"Ажылыкты муфтият уюштурушу керек" деп демилге көтөрүп чыккан “Ар-намыс” фракциясынын депутаты, Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы төрагасы Каныбек Осмоналиев да ушундай пикирде. Осмоналиев ансыз да Кыргызстанда диний кырдаал татаал болуп турган мезгилде бул эки мекеменин ынтымакта иш алып бара албай жатышы терс көрүнүш деп эсептейт.

- Дин иштери боюнча комиссиянын башка кылар иши жокпу? Алардын талабы эле “муфтиятты башкарып алсам, ажылыкты мен уюштурсам, араб-мусулман өлкөлөрүнөн келген гранттарга мен ээ болсом” деген маселе. Алардын максаты ушул эле. Бирок биздин Конституцияда эки тараптын тең милдеттери жана укуктары так жазылган. Мамлекет өз институттары аркылуу эч убакта диний уюмдардын ишине кийлигишүүгө акысы жок.

Өткөн жылы ажылыкты Дин иштери боюнча комиссиясы уюштуруп, бир топ калпыстыктарга жана коррупциялык аракеттерге жол берилгени айтылган. Ошондон кийин мыйзам аркылуу ажылык иши муфтиятка өткөрүлүп берилген болчу.
XS
SM
MD
LG