Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

Астанада Сирия өкмөтү жана оппозициясы тикелей сүйлөшө элек


Сирия боюнча Астана жыйыны. 23-январь, 2016-жыл.
Сирия боюнча Астана жыйыны. 23-январь, 2016-жыл.

Сирияда ок атышуу токтотулушун бекемдөөнү максат кылган сүйлөшүүлөр Казакстандын борборунда бүгүн башталды.

Сирия өкмөтүнүн жана оппозициясынын ага катышып жаткан өкүлдөрү алгачкы сессияда көзмө-көз сүйлөшүп, бири-бирине тикелей кайрылышкан жок жана жыйындын ачылышындагы билдирүүлөрүндө учурда ок атышуу токтоп турусунун максатын эки башка чечмелешти.

Өкмөттүк делегациясынын башчысы, Дамасктын БУУдагы элчиси Башар ал-Жаафари оппозициянын саясий жараянга кызыкдар топторун “Ислам мамлекети” тобунан же “ал-Каидадан” бөлүү зарылдыгын айтты.

Ал эми оппозициянын өкүлү Мухаммад Аллуштун билидиргенине караганда, алар ок атышуунуyн токтошун “президент Асаддын жана башкаруучу банданын” бийликтин кетишин карай саясий чечимдин алгачкы кадамы катары карашат.

Оппозиция өкүлү ошондой эле Ирандын күчтөрү жана Иран колдогон кошуундар Сириядан кетүүсү керектигин белгиледи.

Астана сүйлөшүүлөрүнө Орусия, Иран, Түркия демөөрчүлүк кылууда.

Сириянын алты жылга созулган жарандык согушунда Орусия жана Иран президент Башар Асаддын режимин, ал эми Түркия ага каршы оппозицияны колдоп келди.

БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стефан де Мистура эки тарапты тең аскер күчүнөн баш тартууга чакырып, эгер тараптар мониторинг механизмин макулдаша алса, ок атышуу бүткүл Сирия боюнча сакталарына үмүт билдирди.

Сирияда 2011-жылы демократияны жактаган демонстранттарды күч менен басуудан кийин тутанган жарандык согушта азыркыга чейин 300 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG