Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Аба ырайы: жаан карга айланат


24-октябрда өлкөнүн кээ бир райондорунда жаан жаайт. Тоолуу аймактардагы автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6 градус, күндүз +2…+7 градус жылуу болот.

Таласта түнкүсүн -2…-7 градуска чейин төмөндөп, күндүз +1…+6 градус жылыйт.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +1…+6 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн-1…-6, күндүз +3…+8 градус.

Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7 градус жылыйт.

Суусамырда түнкүсүн -7…-12 градуска чейин төмөндөп, күндүз -1…+4 градуска көтөрүлөт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9 градус суук болот.

24-октябрда Бишкек шаарында жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз +2…+4° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG