Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29

Беш күнгө камалган активисттер бошотулду


Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

Беш күндөн бери Бишкек милициясынын кабыл алуу-бөлүштүрүү жайында камакта болгон активисттер бошотулду. Алар оор шартта кармалышкандыктан, учурда чарчап турушканын айтышты. Камактан чыккандардын бири Мавлян Аскарбеков беш активисттин тең сүйлөөгө дарамети жок экенин, биринчи кезекте дарыгерге барып көрүнүү зарыл болуп турганын кошумчалады.

- Бул жакта бир кичинекей бөлмөдө жыйырмадан ашык адам турганына байланыштуу түркүн оорулардын жугуп калуу ыктымалдыгы бар болуп турат. Биз азыр тез аранын ичинде жуунуп, тазаланып, дарыгерге барып көрүнүшүбүз керек. Андыктан биз биринчи күнү гана расмий түрдө маалымат жыйын беребиз.

Камактан чыккан активисттерди шаардык кабыл алуу-бөлүштүрүү жайында туугандары, тааныштары жана Дача СУ айылынын тургундары тосуп алышты.

18-мартта Бишкекте саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргогон акция учурунда активисттер Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза, Расул Умбеталиев, Азамат Аттокуров жана Мухит аттуу жаран кармалган. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө аларга Административдик кодекстин үч беренеси - “жол тосуу”, “бейбашчылык”, “милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбагандыгы” боюнча айып тагып, райондук сот беш күнгө камакка алуу чечимин чыгарган. (SDz)

XS
SM
MD
LG