Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Эки мектептин чыры өкмөттүн көңүлүн бурду


№38 мектеп
№38 мектеп

Бишкек шаарындагы №38 орто мектептин имаратында чыккан жаңжал боюнча Ички иштер министрлиги “ээнбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя эртең менен саат 8 чамасында болгон. Спорт кийимчен балдар тобу мектепке башталгыч класстар окуган эшиктен кирип келип, 9-класста окуган үч-төрт окуучуну сабап кетишкен. Сабалган балдардын абалы дурус.

Динаранын баласы №38 мектеп биринчи класста окуйт. Ал окуяга күндөгүдөй эле баласын сабакка жеткирип келатып күбө болгон:

- Баламды мектепке алып кирип жатканда 50-60тай спорттук кийимчен балдарды көргөм. Мен аларды жогорку класстын окуучулары деп ойлогом. Бир маалда ошол балдар кирип келип, күзөттө отурган баланы ура башташты. Кеминде 10-15 бала таяк көтөрүп жүргөнүн көрдүм. Баламдын коопсуздугунан коркуп мектепке кирип бардым.

Мектепте эмне окуя болгонун 8-класстын окуучусу да айтып берди:

- Спорт мектебинин окуучулары кирип келип, биздин балдарды уруп кетишти. Төрт бала парта ташып жаткан. Аларды сырттан уруп, мектептин ичине чейин киришти. Жүзгө жакын бала экен.

Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын маалымат катчысы Айгүл Давлетбаева окуяга элүү чамалуу бала катышканын айтты:

- Мектепке коюлган видеокамерага караганда, балдардын саны 50 чакты болгон. Алар колдоруна таш, таяк, союл кармап алышкан. Эртең мененки саат сегизде Олимпиадалык резерв мектебинин окуучулары окуу тартиби боюнча катарга тизилүүгө тийиш болчу. Бирок мугалим кечиккенинен пайдаланган балдар коңшу мектепке чуркап кетишкен.

Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева өспүрүмдөрдүн күтүүсүз чабуулунан мугалимдер да жабыркаган деп ишендирди:

- Мектептин директору жана мугалимдер аларды токтотууга аракет кылышканынан майнап чыккан эмес. Мугалимдер башталгыч класстын окуучуларын жашырууга жетишкен, спорт мектебинен келген балдар эшик-терезелерди талкалап, чоң класстын окуучуларын сабап жатканда мугалимдер да жабыркаган.

Акыркы маалыматтарга караганда, премьер-министр Темир Сариев окуяны тыкыр иликтеп, күнөөлүүлөргө катуу чара көрүүнү тиешелүү тараптарга тапшырды.

Окуя боюнча ушул эле күнү Билим берүү, Ички иштер министрликтери менен Дене тарбия жана спорт агенттигинин биргелешкен жыйыны өтүп, Ш.Сыдыков атындагы спорт мектебинин ишин 9-ноябрга чейин убактылуу токтотуу чечимин чыгарды. Ага чейин вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева башында турган мекемелер аралык комиссия окуяны иликтеп, өз баасын берет.

Бул аралыкта Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин “ээнбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козгоп, тергөө башталганын кабарлады. Анын негизинде ИИМдин Свердлов райондук бөлүмү Олимпиадалык резерв мектебинин 50 чакты тарбиялануучусун суракка алып, спирттик ичимдик, маңзат колдонгон-колдонбогондугун аныктоо максатында текшерүү жүргүздү.

Аталган эки мектептин окуучуларынын ортосунда быйыл 16-сентябрда да калайман мушташ чыгып, үчөө бычак жеген. Бул окуя боюнча да кылмыш иши козголгон болчу. Айрымдар ушул окуядан улам балдар өч алуу үчүн келгенин божомолдошууда.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG