Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Кыргызстанда башталгыч класстын окуучуларынын тамагы үчүн бюджеттен жылына каражат бөлүнөт. Аны бөлүштүрө келгенде бала башына жети сомдон туура келет.

Кыргызстанда балдарга тамак берүү 2006 - 2007-жылдары жанданып, алгач бир таттуу токоч, бир кружка чай менен башталса, кийин демилгечилер аны ысык тамакка айлантууну сунушташкан. Учурда 5-класска чейинки жеткинчектерге күн сайын ысык тамак берилет. Бирок ал тамакка балдар канааттанабы?

- Буурчак шорпо ичтим. Башка эч нерсе беришпеди. Күнүнө бир эле жолу тамак жейбиз да. Ар кандай каша жейбиз, гречка беришет. Бирок аябай аз салышат. Көбүрөөк болсо жакшы болот эле. Кээде лагман, оромо, манты жегим келет. Бирок андай тамактарды жасаганды билишпейт, - дейт борбордогу мектептин биринде окуган жети жаштагы Жантемир.

Кыргызстандагы 200дөн ашык мектепте азыр балдар баасы жети сомдук тамак жейт. Кыргызстандагы ашпозчулар ассоциациясынын төрагасы Шухрат Шарипов муну арга кеткендеги иш катары баалады:

- Жок. Жети сомго ысык тамак жасоо мүмкүн эмес. Бирок ашпозчулар аны кантип ишке ашырып жатканын көрсөтөбүз деп жатышат. Балдар тойгудай ысык тамак болсо анда кубанычтамын. Анткени Кыргызстандагы 260 пилоттук долбоорго кирген мектептерде дал ушул ысык тамак жети сомго гана бааланат экен. Эгерде бала тойгудай бардык калорийи бар тамак болбосо, анда бул көйгөйдөн чыгуунун башка жолун издешибиз керек.

Ата-энелер шалаакы

Роза Отунбаеванын демилгелери коомдук фонду жана Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк программасынын мектеп тамак-ашы долбоорунун колдоосу менен Бишкектеги №10 мектепте аз акчага жегиликтүү тамак жасоо боюнча мектеп ашпозчуларына өткөн жумада мастер-класс өткөн.

Мектептеги түштөнүү. Нарын

Мектептеги түштөнүү. Нарын

Аталган коомдук фонддун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева азыркы тапта балдардын тамагына ата-энелер жакшы көңүл бурбай калганын айтып кейиди:

- 90 миңге жакын бала мите курттары менен ооруп жатат. Жүз миңдеген балдардын тиши чирип кеткен. Жылына миңдеген бала колдун гигиенасын сактаганды, туура жууганды билбегенден улам ар кандай жугуштуу ооруга чалдыгууда. Туура эмес тамактануунун натыйжасында ашказан ооруларынан жабыркашууда. Мектепти бүтүп жаткан эркек балдарыбыздын 40% сөөктүн туура эмес өсүүсүнөн, аз кандуулуктан жана акыл-эси кемдигинен улам аскердик кызматты өтөөгө жарабай калышууда. Мына ушундан улам сөзсүз түрдө эне-аталар да ойлонуп, балдарды туура тамактанууга шарт түзүшү керек. Күндө жок дегенде бирден жумуртка же сүт берсе болот. Эми айыл жеринде бул азыктардын баары эле бар да. Биз айылдарды кыдырып жүргөндө көрдүк, ата-энелер жоопкерчиликти көбүнчө мугалимдерге артып коёт. Болбосо кактан деле, кадимки алмадан деле жакшы тамактарды жасап берсе болот. Чайдын ордуна какты кайнатып компот беришсе, таттуу момпосуйдун ордуна алма берсе же жок дегенде сабизди таза жууп, туурап сумкасына салып берсе болот да. Ошону да кылышпайт эмеспи.

Атайын адистер даярдалбай калган

Мектеп окуучуларынын туура тамактануусу багытында мурда кесиптик- техникалык окуу жайларда атайын адистиктер болуп, бала бакча, мектеп ашпозчулары даярдалчу. Акыркы мезгилде мындай адистикке суроо-талап жок болуп кеткенден улам да жеткинчектердин тамак-ашынын даярдалышы да аксап жатканын №10 кесиптик окуу жайдын директору Саадат Жамангулова билдирди:

- Тамак-аш багытындагы билим берүүдө мурда чоң бөлүм болгон мектеп, бакчадагы азыктануу деген тармак жоюлуп кетти. Азыр эми заман талабына ылайык чет элдик жана улуттук ашкана деген багытта гана адистерди чыгарып жатабыз. Мектеп ашпозчу деген кесип такыр эле жоголду. Илгери сөзсүз түрдө диеталык азыктануу, балдардын туура тамактануусу деген багыттарда бир нече жыл ашпозчуларды окутуп даярдачубуз. Азыр эми бул программаны үстүртөн эле бир сабак катары өтүп коёбуз. Ал эми наристелердин тамактануусу, айрыкча эки жаштан алты жашка чейинки бакча балдары менен башталгыч класстардын балдарына туура тамак даярдоо жаатында аксап жатабыз. Анткени аларга тамак даярдоонун өз нормалары бар да. Витаминдерди, калорийлерди санаш керек.

Туура эмес азыктануу билимди аксатууда

Акыркы мезгилде мектеп окуучуларынын билим деңгээли да бара-бара төмөндөп баратканы айтылууда. Адистер мунун себептеринин бири катары балдардын организмине туура, пайдалуу азыктар жетпей жатканын айтышат. Бул абалдан чыгуунун жолу катары Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк программасынын координатору Надежда Франк ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгилейт:

Таштанды талаасында иштеген бала

Таштанды талаасында иштеген бала

- Биз азыр ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча комплекстүү бир ыкманы ойлоп табуунун үстүндөбүз. Албетте, анда Кыргызстандагы жашоо-шартты, менталитетти, улуттук өзгөчөлүктөрдү жана туура эмес тамактанууга себеп болуп жаткан жагдайларды эсепке алуу маанилүү. Жеке эле ата-энелерди эмес, мугалимдерди, мектеп директорлорун жана эң башкысы, балдардын өздөрүн туура тамактанганга үйрөтүүнү колго алуубуз керек деп ойлойм. Анткени алар эртең эле чоңоёт. Тамактануу маданияты кандай калыптанса, келечекте балдарын да дал ошондой маданият менен тарбиялайт да.

Өнүккөн өлкөлөрдө балдарды туура тамактанууга үйрөтүү алар бакчага баргандан тарта башталат. Ата-энелерге да кайсы азыктар баланын кайсы органына пайдалуу экенине байланыштуу ар кандай китепчелер маал-маалы менен таркатылып, мектептен жей турган тамагынын тизмеси алдын ала мамлекеттик деңгээлде бекитилет. Британияда маселен, бир баланын түшкү тамагына күнүнө 2 фунттан ашык каражат бөлүнөт. Бул биздин акча менен 300 сомго жакын сумма.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG