Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:58

Илимде реформа жасап, Улуттук илимдер академиясынын ишин жакшыртуу керек деген максат коюлду.

Учурда Жогорку Кеңеш карап жаткан "Илим жөнүндө" жана "Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" мыйзамдар кабыл алынса, чукул өзгөрүүлөр жасалып, илимде оптимизация болот деп күтүлүүдө.

Эмне үчүн эгемен Кыргызстанда илимдин артыкчылыктуу багыты аныкталган жок? Эмне үчүн корголгон диссертациялар көп да, экономиканы өнүктүргөн ачылыштар жок? Эмне үчүн Улуттук илимдер академиясы жоюлбай калды?

“Азаттык” бул жолку “Арай көз чарай” талкуусун мына ушул маселеге арнады.

Талкууга Билим берүү жана илим министринин орун басары, илим департаментинин башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Абдыманап Муратов жана Улуттук илимдер академиясынын башкы окумуштуу катчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев катышты.

Жойгон оңой, курган кыйын

“Азаттык”: Чолпонкул мырза, акыркы 3-4 жылдан бери Улуттук илимдер академиясын жоюу керек, себеби Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери өнүккөн жери жок деген аракеттер болду эле. Бирок, академия жоюлбай, ишин жакшыртуу милдети алдыга коюлду. Демек, илим жаңы багытта өнүгөбү? Эгер жаңы багыт алса кайсы илим тармактарына артыкчылык берилет?

Акылдуу эсептегичтер дегенди биздин окумуштуулар мындан 10-15 жыл мурун эле ойлоп таап коюшкан болчу, бирок каражаттын айынан эле ишке кирбей жатат.

Чолпонкул Арабаев: Коомчулукта Улуттук илимдер академиясы жоюлсун деген пикир деле болгон жок. Илимди реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлүп, ошол жерде гана бир топ талкуулар жүргөн. Анан өткөн кылымда согуш кайнап турган 1943-жылы түзүлгөн Улуттук илимдер академиясын азыр жоюу мүмкүн эмес. Жоюп жибергендер азыр кайра түзө албай убара болуп жатышат. Акыркы жылдары мурдагы колхоз-совхоздорду жоюп жибергендей ыргак менен баарын жоюп салуу деген гана ой болуп жатат. Андай иш кылуу жарабайт. Андан көрө колдо болгон нерселерди андан ары өнүктүрүү аракетин көрүшүбүз керек. Анткени, Улуттук илимдер академиясында фундаменталдык жана прикладдык илимдер боюнча жасалып жаткан иштер абдан көп. Албетте, кыска убакыттын ичинде анын бардыгын санап өтүү мүмкүн эмес. Ошондой болсо дагы Улуттук илимдер академиясында профессионалдык илим менен иш алып барып, айрыкча кыргыздын тарыхын, адабиятын, тилин, философиясын өнүктүрө турган академиялык илимий изилдөө иштер бар. Эгер ошол иштердин бардыгы ЖОЖдорго бериле турган болсо, аягы эмне менен бүтөөрү белгисиз. Ошондуктан жакында эле илимди өнүктүрүүнүн Концепциясы кабыл алынды. Фундаменталдык илим дегенде физика, химиядан тышкары кыргыздын укугун, адабиятын, тарыхын кыргыздан башка эч ким иликтеп бербей турган тармакка көңүл бурулуп жатат. Андан тышкары тоо-кен, гидроэнергетика тармагы боюнча да алгылыктуу изилдөөлөр бар.

Азаттык”: Абдыманап мырза, Билим берүү жана илим министрлиги илимде реформа жасайбыз деп, илим боюнча сиз жетектеген департаментти түздү, илим атайын фонд аркылуу каржыланат деген сөздөр бар. Чындыгын айтканда, мындай өзгөртүүлөр илимди башкаруунун формасын эле өзгөртүп, мазмунуна тийишпей жаткансыйт. Эмне үчүн эгемен Кыргызстанда илимдин артыкчылыктуу багыты аныкталган жок? Эмне үчүн өлкөнү өнүктүрүүгө негиз бере турган илим тармагы тандалып, ошого гана көңүл бурулбай жатат?

Абдыманап Муратов: Мен адегенде мурда берилген суроого тактоо киргизгим келип турат. Өкмөт эч качан Улуттук илимдер академиясын жоюу демилгесин көтөргөн эмес. Тескерисинче, академияда топтолгон тажрыйба элге кызмат кылыш керек деген аракет көрүлүп жатат. Илимди өнүктүрүү Концепциясы кабыл алынган. Бул концепция кабыл алынганга чейин өлкө президенти илимди көтөрүш керек деген милдетти алдыга койгон. Улуттук илимпоздордун эмгегин дүйнөнүн башка мамлекеттери билиш керек деген тапшырма берген. Ошон үчүн Концепция кабыл алынып, илимди башкаруу тармагы чоң багыт катары белгиленген. Ошонун негизинде Билим берүү жана илим министрлигинде илим департаменти, Улуттук илим фонду жана Премьер-министрдин алдында Илим жана инновация кеңеши түзүлдү. Мурда мындай түзүмдөр жок болчу. Илим жана инновация кеңешинин биринчи жыйынында Кыргызстандагы илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо тапшырмасы берилген. Биз ал долбоорду даярдадык. Долбоор жакында кеңештин экинчи жыйынында талкууланып, кабыл алынат. Анда айыл чарбасына, тоо-кен тармагы, гидроэнергетика сыяктуу жети тармакка артыкчылык берилип жатат.

Угармандын пикири: Мен Анара Дауталиевамын. Мындан эки жыл мурун Улуттук илимдер академиясын жоюу керек деген маселени президенттин алдындагы кеңештин жыйынында төрт адам көтөрүп чыккан. Ошондон кийин бул маселе коомдо кызуу талкууланып кеткен. Чынында курганга караганда бузган оңой. Улуттук академияны 25 жылдан бери талкалабай сактап келе жаткан окумуштууларга рахмат айтып, ыраазычылык билдиришибиз керек.

Илимди өнүктүрүүнүн стратегиясы

“Азаттык”: Чолпонкул мырза, СССР доорунда Кыргызстанда илим жалпы советтик илимдин милдетинин негизинде иштеп, Кыргызстандын өзүнө түздөн-түз таасир бербей турган илим тармактары жакшы иштеген. Мисалы, космосту изилдөө, аскерий, химиялык, физика тармагында жакшы ачылыштар болуп, анын жемиши жалпы СССР илиминде пайдаланган. Азыр Кыргызстандын космос же аскерий техника чыгарууга мүмкүнчүлүгү жок болгондон кийин айыл чарбасын, өндүрүштү өнүктүрө турган, ишке оңой аша турган изилдөөлөрдү жүргүзүп, анча зарыл эмес тармактардын ишин бир аз кыскартуу керек го. Бул багытта Улуттук илимдер академиясында жаңы аракеттер барбы же баягы эле СССР мезгилиндегидей көлөм, тармак боюнча иштеп жатасыздарбы?

Илим Эйнштейндин теориясын тастыктады

Алберт Эйнштейндин 100 жыл мурдагы салыштырмалуулук теориясын тастыктаган илимий ачылыш жасалды. Эйнштейн белгилеген гравитациялык толкундар Аалам мейкиндигинде бар экен.

Чолпонкул Арабаев: Концепция кабыл алынгандан кийин жана ага чейин деле илимди өнүктүрүү багытында бир топ аракеттерди көрүп жатабыз. Улуттук илимдер академиясында илимди өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки стратегиясы кабыл алынды. Илим деген 10-20-жылдап изилденип анан натыйжасы алына турган тармак, ал барып эле сатып ала кое тургандай “Дордой” базары эмес. Ошондуктан илимге мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулганда гана натыйжа чыгат. Маселен, мурда дүйнөлүк эки чоң ачылыш болгон. Анын бири жакында Тажибай деген окумуштуунун мыйзамы ачылды. Андан тышкары бүгүнкү күндө коомдо кызуу колдонуп жаткан акылдуу эсептегичтер дегенди биздин окумуштуулар мындан 10-15 жыл мурун эле ойлоп таап коюшкан болчу, бирок каражаттын айынан эле ишке кирбей жатат. Улуттук илимдер академиясы мамлекеттик деңгээлде иштелип чыгып жаткан ири долбоорлорду, программаларды эксперттик башкы мекеме катары экспертизадан өткөрүп турат. Демек, окумуштуулар эки колун бооруна алып эле отурган жери жок, өндүрүшкө, өлкөнүн экономикасына салым кошуп, алдыга жылдырсак дегендеэки көзүбүз төрт.

Угармандын пикири: Улуттук илимдер академиясы тоо-кен казуудан улам Нарын, Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад областтарында тарыхый баалуу эстелик жайлар бузулуп жатат. Ага лицензия берүүдө академиянын адистери да катышып, археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө уруксат берүүсүнө катышуусу зарыл. Ошондо баалуулуктар сакталып калат эле.

Окумуштуулар ансыз да аз

Чолпонкул Арабаев: Абдан жакшы суроо берип жатасыз. Кечээ илим күнү белгиленип жатканда мамлекеттик органдардын коллегиясына сөзсүз түрдө бирден окумуштуу киргизилсин деген сунуш айтылды. Ал эми Кочкордогу археологиялык жайларды сактоодо окумуштуулардын салымы зор болот. Ошон үчүн жакында академиянын президенти өзү адистер менен барып, тактап келгени жатат.

“Азаттык”: Абдыманап мырза, ушул тапта Жогорку Кеңеште “Илим жөнүндө” жана “Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралып жатпайбы. Бул мыйзамдарда кандай жаңы жоболор бар? Алар кабыл алынгандан кийин илим тармагында чукул кандай өзгөрүүлөр болот?

Абдыманап Муратов: Илим жаатында эки чоң мыйзам бар. Алар 1999-жылы кабыл алынган “Илим жана илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө” жана 2002-жылкы “Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзамдар. Алардын талаптары азыркы турмушка дал келбей калды. Анткени, ар бир илимий мекеме азыр өзүнчө юридикалык жак болуп калды. Андан тышкары Улуттук илимдер академия кандай каржыланып, шайлоолор кандай өткөрүлүшү керектигин жаңыртуу зарыл.

“Азаттык”: Чолпонкул мырза, өкмөт Улуттук илимдер академиясында реформа жасап, ушул тапта анча зарыл эмес түзүмдөрдү жоюу милдетин алдыга койгон. Ал ишке ашкан жатабы? Кандай өзгөрүүлөр болот?

Чолпонкул Арабаев: Мамлекеттик каражатты натыйжалуу сарптоо максатында академиянын тутумундагы институттардын санын оптимизациялоо күн тартибиндеги башкы маселе. Андан кийин илимпоздордун санын бир да адамга кыскартпаганга аракет кылып жатабыз, себеби башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизде илимпоздордун саны абдан аз. Жалгыз эле академияда эмес жалпы өлкө боюнча иштеген окумуштуулардын санын эсептегенде 1000 кишиге 0,08ге барабар экен. Ал эми кыскартууга башкаруучулардын санын кыскартып, үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен илимпоздордун маянасын көтөрүү милдети алдыда турат.

“Азаттык”: Абдыманап мырза, илим изилдөөлөр мамлекеттик гранттын эсебинен жүргүзүлүш керек деп 2017-жылга конкурс жарыяланган эле. Анда илимдин кайсы тармактарына басым жасалып жатат жана эмне үчүн? Кыргызстандын өнүгүшүнө өбөлгө түзө турган кандай илимий изилдөөлөр зарыл болуп турат? Алар кантип тандалды?

Окумуштууга материалдык колдоо керек, себеби ал бир гана илим жөнүндө ойлонушу керек.

Абдыманап Муратов: Негизинен каражат Кыргызстандын өнүгүшүнө зарыл тармактарга жумшалышы керек деп концепцияда каралган. Себеби биз ушул күнгө чейин мурдагы советтик каржылоо системасы боюнча келгенбиз. Азыр программалык максаттуу долбоорлорду каржылоого жумшайлы деп жатабыз. Ал программалар мамлекеттик заказ катары даярдалышы зарыл. Тилекке каршы, ушул убакка чейин тармактык министрликтер менен мекемелерден эч кандай сунуш боло элек, демек алар алигиче түшүнбөй жатышат. Үчүнчү багыт гранттык болуп эсептелет. Бул бүт дүйнө жүзүндө колдонулган тажрыйба. Ага конкурс жарыяланган жана долбоорлор 14-ноябрга чейин кабыл алынат. Гранттын натыйжасы мурда такыр иликтенчү эмес, азыр жоболорго өзгөртүү киргиздик, эми натыйжасын текшерилет. Андан тышкары гранттын 90% грант жазган адамдардын айлыгына кетчү, азыр анын жок дегенде 35% илимий изилдөөгө жумшалсын деп жазып жатабыз. Кийин мунун көлөмүн 50% жеткирүүнү көздөп жатабыз. Анан грантты башкаруу критерийин да өзгөрттүк, анын негизинде сөзсүз түрдө мониторинг жүргүзүлөт. Эгер каражат башка жакка кетип кала турган болсо анын жетекчиси жоопкерчиликке тартылат, анан грант кеңештин чечими менен кайра кайтарылып алынат. Буларды биз мыйзамга киргиздик.

“Азаттык”: Чолпонкул мырза, акыркы кезде коомдо илимпоздор элге пайда алып келчү иш жасаган жери жок, жөн эле маяна алып олтурушат деген пикир күчтүү. Демек, мындай пикир эч кимге пайдасы жок, азыркы турмуштун талабына коошпой турган китептерди жазуудан улам жаралса керек. Эмне үчүн корголгон диссертациялар көп да, экономиканы өнүктүргөн ачылыштар жок? Диссертациялардын натыйжасы талданабы?

Чолпонкул Арабаев: Улуттук илимдер академиясынын чегинде корголуп жаткан диссертациялардын натыйжасын талдоо бар. Ал эми жалпы өлкө боюнча талдоону Жогорку аттестациялык комиссия жүргүзүшү керек. Ал эми илимий негизде табылган ачылыштарды ишке киргизүү үчүн мамлекеттик колдоо керек, коомчулук билиши керек. Азыр аларды ишке киргизүүчү өндүрүш да жакшы болбой жатпайбы! Мыкты диссертациялар көп, бирок аны ишке киргизүүчү шарт жок.

“Азаттык”: Абдыманап мырза, илим турмуш талап кылган багытта жана деңгээлде өнүгүш керек деп жатабыз. Анда Кыргызстан ушул тапта кайсы тармакты тезинен өнүктүрүшү керек? Ага жаш, таланттуу окумуштууларды тартуунун кандай аракети бар?

Абдыманап Муратов: Албетте, окумуштууга материалдык колдоо керек, себеби ал бир гана илим жөнүндө ойлонушу керек. Аны жогоруда айтылган долбоорго киргиздик. Анда каржылык колдоо негиздери өзгөртүлөт.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG