Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:24

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы илимий борборду реформалоо боюнча өз концепциясын сунуштады.

Анда академиянын түзүмүн өзгөртүп, курамындагы институттарды кыскартуу жана академиянын менчигиндеги айрым мүлктөрдү өкмөттүн карамагына өткөрүп берүү сунушталууда.

Сунушталган концепцияда Улуттук илимдер академиясы мекеменин түзүмүн 3,5 эсеге кыскартып, андагы төрт вице-президентти жана тогуз кишиден турган окумуштуулар президиумун жоюу каралган. Илим изилдөө институттары ирилештирилип, анын ордуна заманбап жети институт түзүлмөкчү. Жаңы иштелип чыккан концепция тууралуу Академиянын президенти Абдыганы Эркебаев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Академия жоюлбаш керек. Ал илимдин очогу катары сакталып калышы зарыл. Бирок академия учур талабына жооп бербей калды деген сындын туура айтылганын эске алып, өз түзүмүбүздү жаңылайлы деген чечимге келдик. Ага ылайык академиядагы төрт вице-президент деген кызматты жоюп, президент жана илимий катчы деген гана кызматты калтырдык. Ошондой эле илимий мекеменин курамындагы 22 илим изилдөө институту, эки борбор жана бир ботаникалык бакча бар. Аларды ирилештирип, жети гана институтту калтырдык.

Абдыганы Эркебаев.

Абдыганы Эркебаев.

Академик Эркебаевдин маалыматы боюнча, илимий мекеменин бир жылдык бюджети 252 миллион сомду түзөт. Ал негизинен академияда иштеген 1900гө жакын кызматкердин айлык-акысы жана имараттардын коммуналдык төлөмдөрүнө гана коротулат. Окумуштуулардын айлык-акысы деле кыйратпайт. Академияда орточо маяна 6 миң сомду түзөт. Ал эми илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө же техникалык жабдыктарды алууга каражат артпайт. Мындан улам кыскартуудан үнөмдөлгөн каражатты академиядагы илимди өнүктүрүүгө жана илимий кызматкерлердин социалдык абалын оңдоого жумшоо пландалууда.

Ошондой эле концепцияда белгиленгендей, Илимдер академиясы ээлик кылган бир нече имараттын, гектарлаган жер тилкелеринин айрымдарын алып калып, калганын өкмөттүн карамагына өткөрүп берүү сунушу бар.

- Академияга мүлктөр боюнча да доомат айтылып келген. Биз да муну ойлонуп, өзүбүзгө керектүү гана имараттарды алып калып, калгандарын өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүп берели деп чечтик.

Негизи Улуттук илимдер академиясын реформалоо демилгесин президент Алмазбек Атамбаев көтөрүп, бул боюнча Президенттик аппараттын алдында атайын эксперттик топ, өкмөттүн алдында жумушчу топ түзүлгөн. Эксперттик топ "Илимдер академиясынын иши бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт" деген бүтүмгө келип, ага коомдук уюм деген макам берип, анын курамындагы илимий изилдөө институттарын өлкөдөгү жогорку окуу жайларына өткөрүү каралган эле. Бул сунушка академиянын жетекчилери каршы чыккан болчу.

Бул боюнча түзүлгөн атайын жумушчу топтун мүчөсү, өкмөттүн Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Абдиманап Муратовдун айтымында, келип түшкөн сунуштар талданып, андан соң чечим кабыл алынат:

- Эксперттик топ жана Улуттук илимдер академиясынан келип түшкөн эки сунушту карап чыгып, атайын концепция даярдайбыз. Аны жыл аягына чейин иштеп чыгабыз. Ал коомдук талкууга коюлат. Талкуудан өткөн соң өкмөт бул боюнча чечим кабыл алат. Мунун баары кийинки жылдын алгачкы айларында бүтөт деп ойлоп жатабыз.

Коомчулукта Илимдер академиясынын реформага ыктап, өз долбоорун сунуштаганы жакшы көрүнүш катары бааланганы менен, ал ишке ашабы деп чочулагандар да бар. Маселен, академияны реформалоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү, Борбор Азиядагы Америка университетинин доценти Эмил Жураевдин айтымында, илимий жайдын курамын кыскартуу менен эле иш бүтпөйт:

Эмил Жураев.

Эмил Жураев.

- Илимдер академиясы жетекчилердин санын кыскартып, реформа жүргүзөлү дегени позитивдүү көрүнүш. Бирок айрым адамдарды орун алмаштырып, эки-үч орунду жоюп, сапаты мурдагыдай калып калбайбы деген коркунуч бар. Эгер Илимдер академиясынын табияты ошол бойдон калып калса, анда бул реформа эч кандай максатына жетпей калышы мүмкүн.

Мындай ойго тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Тарых коомунун президенти Тынчтыкбек Чоротегин да кошулат. Чоротегиндин айтымында, академияны реформалоо үчүн эң ириде эл аралык тажрыйбаны эске алуу керек.

- Бул жаатта биз Казакстан жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын, оош-кыйышын эске алуубуз керек. Аларда академиянын курамы кандайдыр бир деңгээлде сакталып калганы менен, илимий иштер грант, долбоорлордун негизинде ишке ашат. Бул илимий жайдын натыйжалуулугун арттырды деп айтып жүрүшөт. Мындан сырткары академиядагы илимий институттарды ирилештирип, кыскартуу менен чектелбей, алардын университеттер менен байланышын күчөтүү зарыл. Муну менен академияда академик, мүчө-корреспондент дегендерди сактап, акы төлөбөстөн, Нью-Йорк же башка өлкөлөрдөгүдөй өз мүчөлүк акысын төлөшү керек.

Ошол эле өлкөдө илимге бөлүнчү каражатты көбөйтүп, бул тармакты коррупциядан арылтмайын, ар кыл реформаларды ишке ашыруудан майнап чыкпайт деген пикирлер да арбын.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG