Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

Жашоонун негизин түзгөн жана биз ичип жаткан сууну планетабызга астероиддер алып келген деп көп айтылат. Окумуштуулар убагында бетин 26 пайыз суу каптаган планетанын калдыктарын табышты. Суунун Күн системабыздан тыш жерде табылышы – жашоого шарт түзгөн элементтер бар болгонун, балким дагы деле бар экенин далилдейт.

Космос мейкиндигинде кыргызча аталышта бир гана объект бар. 3349 Манас астероидди 1979-жылдын 23-мартында воронеждик астроном Николай Черных Крым обсерваториясында ачкан. "Манас" эпосунун урматына аты коюлган астероид ачылгандан бери телескопторго 1106 жолу илинген. Акыркы жолу 3349 Манас астероиди 14-октябрда космодүрбүгө илинген. Дүйнөдөгү эң узун эпостун атын алып жүргөн астероид өз огунда 52 саатта айланат, Күндү болсо 4 жыл 196 күндө айланат.

3349 Манас астероиди Юпитерден 33.5 триллион чакырым, ал эми планетабыздан 16.5 триллион чакырым алыстыкта. Окумуштуулардын эсеби боюнча, аты аталган астероид Жерден эң жакын аралыкта 2015-жылдын 10-октябрында учуп өтөт.

Космостогу объектке ат койгуңуз келсе, бул жараяндын жол-жоболорун биздин сайттан окуңуздар.

Сиз сунуштаган атты эмне үчүн тандадыңыз? Эмне үчүн бул ат космостук объектке коюлууга татыктуу? Сиз сунуштаган ат эмнени билдирет? Бул атты тандап алуу себептери кандай? Бул суроолорго жооп берген англис тилинде жазылган катты Эл аралык астрономия биримдигинин тиешелүү бөлүмүнө жөнөтсөңүз болот. Сиз планеталардын табигый жандоочторуна, Меркурий, Венера жана Марстын жанындагы объекттерге, эргежээл объекттерге жана Күн системасынан тыш объекттерге ат сунуштасаңыз болот. Тиешелүү бөлүмдүн дарегин бул жерден таба аласыз.

Туура 53 күндөн кийин Европа космос агенттигинин "комета кубалоочу" атыккан "Розетта" көлүк-роботу учурдагы алыскы космостогу "уйкусунан" ойгонуп, Клим Чурюмов жана Светлана Герасименко атындагы кометага сапарын улайт.

"Розетта" космоско 2004-жылдын 4-мартында учурулган. Штейнс кометасын 2008-жылы жана Лютеция кометасын 2010-жылы сүрөткө тарткандан кийин, "Розетта" 2011-жылы кубаттуулугун сарптоо максатында "уктатылган".

"Розетта" Юпитердин жанынан учуп өткөндөн кийин анын батареялары Күн тарапка бурдурулуп, Күн нурун чогултканга ыңгайлаштырылып, 2011-жылы "уйкуга", же кыймылсыз абалга келтирилген.

Келерки жылдын 20-январында "Розетта" сапарын улантат. "Розетта" жөнөткөн маалыматтар Жерге алты саатта жетип келет. Кийинки жылдын май айында Чурюмов–Герасименко атындагы кометанын алгачкы сүрөттөрү тартылат. Ошону менен бирге "Розетта" кометанын өз огунда айлануу ылдамдыгын аныктайт. Кометанын бети толугу менен изилденип бүткөндөн кийин август–сентябрь айларында "Розеттада" орнотулган 100 килограммдык "Филе" аппаратынын конуу жайы аныкталат. Ноябрь айында аппарат кометага конот.

"Филе" аппараты 20–30 сантиметр тереңдиктен кометанын жер кыртышын изилдеп, Жерге Чурюмов–Герасименко атындагы кометанын үстүнөн сүрөттөрдү жөнөтүп турат. Андан соң "Розетта" комета менен бирге Күнгө карай сапар тартат. Комета Күнгө жакындаган сайын, анын үстүндөгү муздар ээрип, чаң жана газдар бөлүнүп чыга баштайт. Алардын баарын көлүк изилдеп турат. 2015-жылдын августунда көлүк Күндөн жакын аралыкта учуп өтөт.

GD61 системасында жашоо болгон

Илимпоздор биринчи жолу биздин Күн системабыздан ары жайгашкан объектте суу болгонун аныкташты. "Спейс эксплорейшн нетуорк" маалымдагандай, Жерден 1700 триллион чакырым алыстыкта жайгашкан GD61 эргежээл жылдызды изилдеп жаткан учурда анын калдыктарында жана чаңында ири өлчөмдөгү кислород табылган. "Хаббл" телескобу аныктагандай, бул калдыктар убагында бетин 26 пайыз суу каптаган планетанын калдыктары.

Мындай тыянакка Британиядагы Уорик жана Кембриж университеттеринин жана Германиядагы Киль университетинин окумуштуулары келген. Бул ачылышка чейин суунун элементтери биздин Күн системасындагы газ гиганттарында гана табылган. Бул ачылыш аска-тоолуу жашоо жаралышы мүмкүн планеталардын түзүлүшүн жана эволюциясын изилдегенге өбөлгө түзөт.

Аска-тоолуу жер кыртышы жана суу – жашоого жөндөмдүү планеталарды аныктоодогу эң негизги бөлүктөр. Биздин Күн системасындагы астероиддер кемериндеги Церера эргежээл планетасынын үстүңкү кыртышынын астында муз бар экени белгилүү. Церера сыяктуу планеталардын калдыктары жана кометалар Жерге суунун элементтерин алып келген деген божомолдор айтылып келет.

GD61 жылдызы өз чегине жетип, 200 миллион жыл мурда эргежээл деңгээлге жеткенге чейин ал биздин Күндөн бир нече чоң болуп, анын айланасында планеталар айланып турган. Аны айланган кээ бир планеталардын калдыктары чоң жарылуудан кийин аман калган. Дал ошол калдыктарда суу муз түрүндө табылган.

Буга чейин окумуштуулар өчүп калган эргежээл жылдыздардын жанында жайгашкан 12 жок болгон планета изилденген. Бирок алардын биринде да суунун белгилери табылган эмес. Суунун табылышы – жашоого шарт түзгөн элементтер бар болгонун, балким аты аталган GD61 системасында дагы деле жашоо бар экенин далилдейт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG