Линктер

Өзбекстандын борбору - Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун жогорку деңгээлдеги жыйыны өтүүдө.

Азыркы глобалдык саясатта бул уюм таасирдүү күчкө айлана алдыбы? Чыгыш жана Азия өлкөлөрүнүн башын кошкон уюмдун максаты батыш мамлекеттерине тең салмактуулукту сактоого багытталганбы? Аймактык көйгөйлөрдү чечүүдө мындан ары чечкиндүү кадам жасалабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков жана саясий серепчи Талант Султанов катышты.

“Азаттык”: Талант мырза, быйыл дүйнө калкынын үчтөн биринин ээлеген мамлекеттердин башын кошкон Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнө 15 жыл болду, баа берүүгө убакыт келди, азыркы глобалдашкан саясатта бул уюмдун орду, ролу кандай болду?

ШКУ уюму Борбор Азия өлкөлөрүнө жакшы мүмкүнчүлүк берип жатат. Биздин президенттердин диалог түзүп алуусуна шарт болууда.

Талант Кушчубеков: Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлүшү тарыхый жана саясий зарылчылыктан улам келип чыккан. Бир аз тарыхына кайрылсак, башында чек аралаш беш өлкө (Кытай, Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан - Б.О.) чек аралардагы коопсуздук боюнча келишимге кол коюшкан. Ал келишим аткарылгандан кийин экинчи кадамга алып келди – аймактык уюм түзүү демилгеси чыкты. Ошентип Шанхай кызматташтык уюму түзүлдү.

Биздин аймак үчүн ШКУнун мааниси өтө чоң. Анын мүчөлүгүндө азыркы дүйнө саясатындагы үлкөн мамлекеттер Орусия менен Кытайдын турушу да маанилүү.

Уюмду жаңыдан түзүп жатканда чек ара маселесинен сырткары аймактын коопсуздугун тынчсыздандырган Ооганстан маселеси да турду. Ошол көйгөйгө да бел болуп берет деген ой менен түзүлгөн. Кийинки жылдары замандын шарты, талабы болууда, Кытай экономикалык кызматташтыкты ушул уюм аркылуу алга жылдырууга дем берип келатат. Айтылгандардын баарын эске алганда ШКУнун мааниси, орду абдан зор, келечеги бар уюм десек болот.

“Азаттык”: Талант мырза, Ташкентке барар алдында Казакстандын президенти Назарбаев ШКУ АСЕАН, КМШ уюмдары сыяктуу солкулдаган, бюрократиялык уюм болбошу керек деди. Демек, ШКУ азырынча таасирдүү боло албай жаткан уюм десек болобу?

Талант Кушчубеков: Биринчиден, бул аймактык уюм катары түзүлгөнүн эске алышыбыз керек. Ошого карабай бул уюм түзүлгөндөн бери ага эл аралык деңгээлде абдан көп кызыгуулар болуп келатат. Бекеринен көп мамлекеттер уюмга мүчө болууга ыктыярлыгын билгизбесе керек. Кийин уюмга Өзбекстан кирди, дагы бир топ мамлекеттер байкоочу статусу менен келатат. Ар бир уюмдун салты болушу үчүн, тажрыйбасын арттыруу үчүн убакыт керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Талант мырза, Ташкенттеги бул жолку жыйында аймактык коопсуздукка коркунуч туудурган Ооганстандагы маселе каралары айтылууда, бул жолу чечкиндүү кадам же бурулуш болот деп ойлойсузбу?

Талант Султанов: Ооганстан маселеси дүйнөнүн көп өлкөлөрүн ойлондуруп жатат. ШКУ да бул көйгөйгө көңүл бурбаса болбойт. НАТО аскерлеринин ал жактан чыгып кетиши менен "Талибан" кыймылы күчөп жатат, быйыл ал өлкөдө парламенттик шайлоо болот. Мындан ары абал кандай болот эч ким билбей жатат. Азыркы кооптуу кырдаал ШКУга мүчө мамлекеттерге көп тобокелдик алып келиши мүмкүн. Ошондуктан бул маселенин каралышы өтө маанилүү жана зарыл деп ойлойм.

“Азаттык”: Шанхай уюмуна Пакистан менен Индия мүчө болору көптөн бери эле айтылат, бирок ишке ашпайт. Мамилеси салкын бул эки мамлекеттин бир уюмга кире калышы мүмкүнбү, болсо эмне үчүн бул процесс кечигип келди?

Талант Кушчубеков: Жеке пикиримде, Өзбекстандан кийин ШКУга Монголия мүчө болот деп ойлогом. Анткени бардык параметрлери боюнча Монголия даяр болчу. Эмне үчүн бул маселе калып, Пакистан менен Индия мүчөлүккө каралып жатканын мен айта албайм. Албетте, аталган эки өлкө тең аймактагы кубаттуу, таасирдүү мамлекеттер. Бирок экөөнүн ортосунда Кашмир деген чечилбеген маселе бар, ошол Кашмир көйгөйү ШКУ уюмун шал кылып салбайбы деген кооптонуу бар.

“Азаттык”: Орус президенти ШКУ мүчө мамлекеттердин көбөйүшү, дүйнөлүк деңгээлдеги маселелерди чечүүгө шарт түзөт, таасирдүү кылат, деп билдирди. Шанхай кызматташтык уюмунун Азия, Чыгыш өлкөлөрүнөн куралып жатканын эске алсак, анын максаты батыш менен болгон тең салмактуулукту сактоого багытталган десек болобу?

Талант Кушчубеков: Эгер Орусия президентинин сөзүнө таянсак, анда ошондой болуп жатат. Бирок бул уюмдун эң негизги максаты – аймактык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Өтө чоң маселелерди коюп алып чече албай калсак эмне болот? Назарбаев бекеринен айткан жок да “уюм борпоң болуп калбасын” деп. Менимче, практика жагынан колдон келе турган маселелерди чечүүгө аракет кылганыбыз оң.

Уюмдун мүчөлөрүнүн саны көбөйгөнү менен сапаты кандай болот деген суроо турат. Ошол эле Индия менен Пакистандын Кашмир маселесин 1948-жылдан бери БУУ да чече албай келатат. Индия менен Пакистан бир убакта Ислам конференциясы уюмуна мүчө болуп киришкен. Кашмирдин айынан эки жылдан кийин Индия ал уюмдан чыгып кеткен.

Эки өлкө тең аймактагы кубаттуу, таасирдүү мамлекеттер. Бирок экөөнүн ортосунда Кашмир деген чечилбеген маселе бар, ошол Кашмир көйгөйү ШКУ уюмун шал кылып салбайбы деген кооптонуу бар.

"Азаттык”: Кыргызстандын президенти жаз айларында Ташкентте өтө турган ШКУнун саммитине барбайм дегендей таарынычын айтты эле, эми Ташкентке барды, кыргыз-өзбек мамилесине жылытууга кадам жасалат десек болобу?

Талант Султанов: ШКУ уюму Борбор Азия өлкөлөрүнө жакшы мүмкүнчүлүк берип жатат. Биздин президенттердин диалог түзүп алуусуна шарт болууда. Башка учурларда жолуга албаса да жылына бир жолу ушундай шартта болсо да жолугуп, курч маселелерди сүйлөшүп алууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

Талант Кушчубеков: Бул маселеде бир тараптуу айтуу кыйын. Эл аралык мамилелердеги тажрыйбаны эске алсак, мамилелери жакшы өлкөлөрдүн жетекчилери деле көп жолугушпайт. Эки өлкөнүн жетекчилеринин абдан көп жолугушкан учурлары болгон, анын натыйжасы эмне болду, ал дагы суроо боюнча турат. Эмне үчүн эки тарап кызматташпайт, жолугушпайт, анткени эки тараптын тең кызыкчылыгы төп келген учур келелек, демек маселе быша элек. Кызматташууну алдыга жылдыруу үчүн эки тараптан тең саясий эрк керек.

XS
SM
MD
LG