Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

Дүйнөдө экстремизм-терроризм коркунучу татаалдап баратат.

Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун баш катчысы Дмитрий Мезенцев Бишкекте 26-июнда аталган уюмга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынынан кийин билдирди.

Бул жыйында негизинен үч документке кол коюлду жана тараптар коопсуздукту биргелешип камсыздоо чараларын макулдашты.

Жыйынга Өзбекстандан башка Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө бардык мамлекеттердин коргоо министрлери келди. Ташкент Бишкекке эмнегедир коргоо министринин биринчи орун басары Шавкат Норматовду жөнөткөн экен.

Министрлердин Бишкек жыйынында 2014-2015-жылдарга иш-аракеттердин планы бекиди. Аймактагы коопсуздук маселелери жана туруктуулукту камсыздоо чаралары, аскердик кызматташууну кеңейтүү тууралуу биргелешкен коммюнике кабыл алынды. Ошондой эле жыйын соңунда протоколго кол коюлду.

Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жыйынды жыйынтыктап жатып, белгиленген маселелердин баары талкууланганын билдирди:

- Дүйнөдөгү жана аймактагы азыркыдай кырдаалда биргелешип аракеттенүү маселелерин, аталган уюмга мүчө мамлекеттердин коргоо жана коопсуздук жаатта кызматташуусун ачык жана достук маанайда талкуулап алдык. Жыйындын катышуучулары жаңы коркунучтарга каршы уюмга мүчө мамлекеттердин коргоо мекемелеринин аракетин күчөтүү керектигин бир ооздон белгилешти. Мындан ары да террорчулукка каршы машыгууларды өткөрүү зарылдыгын айтышты.

Кытайдын коргоо министри Чан Ванцюан журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, террорчулукка каршы машыгууларга басым жасады. Анткени эмдиги жылы “Тынчтык миссия” деген аталыштагы биргелешкен машыгууларды Бээжин өткөрмөкчү:

- Тынчтык жана өнүгүү азыркы доордун агымы болуп калганына карабастан, баары туруктуу деп айтууга болбойт. Аймакта коопсуздукка үч негизги коркунуч бар. Биздин биргелешкен машыгуулар мына ушул коркунучтарга каршы багытталган. Экинчиден, бул машыгуулар уюмга мүчө мамлекеттердин аймактагы коопсуздук боюнча бирдей пикирде экенин жана коргоо жана коопсуздук боюнча кызматташуунун маанилүүлүгүн түшүнөрүн далилдейт. Андан сырткары бул уюмга мүчө мамлекеттердин аскердик кызматташтыгынын ачык-айкындыгын билдирет. Баарыңарга белгилүү болгондой аскерий кызматташтыктагы ачык-айкындуулук бул өтө маанилүү. Бул өз кезегинде уюмга мүчө мамлекеттердин жакындыгын көрсөтүп турат.

Уюмдун баш катчысы Дмитрий Мезенцев 2014-жылы Ооганстандан АКШ баштаган коалициялык күчтөр чыгып кеткенден кийинки кырдаал да талкууланганын маалымдады. Анын айтымында, аталган уюм бул маселе боюнча башка эл аралык жана аймактык уюмдар менен кызматташуусу зарыл:

- Эске албай коюуга мүмкүн болбой турган ооган фактору, эмдиги жылы коалициялык күчтөр чыгып кеткенден кийинки кырдаал тууралуу божомол бар. Шанхай кызматташык уюму аскердик-саясий эле уюм эмес. Уюм алектенген маселелер өтө көбөйдү. Бул биринчи кезекте аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу. Аскер мекемелеринин кызматташтыгы дегенде биз террорчулукка каршы аракеттерди белгилейбиз. Ошондуктан экстремизм, терроризм жана сепаратизм менен күрөш күн тартибинде биринчи болуп турат. Бул маселелер татаалдашып баратат. Ошондуктан уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары койгон тапшырмаларды аткаруу үчүн коргоо мекемелеринин биргелешип аракеттенүүсү жакшы гана натыйжа берет.

Шанхай кызматташык уюму түзүлгөндөн бери ага мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери ушуну менен онунчу ирээт жолугушту.

Уюм 1996-жылы негизделген жана ага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Ал эми Иран, Индия, Монголия, Пакистан жана Ооганстан уюмда байкоочу макамына ээ.
XS
SM
MD
LG