Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Саммит: коопсуздук чаралары күчөтүлөт


Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити учурунда коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев бул күндөрү кайсы жолдор жабылып, шаар тургундары кандай эрежелерди эске алуусу керектиги тууралуу айтып берди.

“Азаттык”: Бүгүн Кыргызстанга Кытай лидери Си Цзинпин келет, андан кийин Шанхай кызматташтык уюмунун саммити башталат. Бул күндөрү уюштурула турган коопсуздук чаралары туурасында маалымат берсеңиз.

Бактыбек Жусубалиев: Бүгүнкү күндө коопсуздукту сактоо чараларына 3 миңден ашуун милиция кызматкери тартылды. Дагы резервде 2 миң кызматкер турат.

Биздин негизги милдет – элдин коопсуздугун сактап, кылмышка каршы күрөшүү жана келген конокторду тартиптин чегинде, коопсуздугун камсыздоо менен тосуп, узатуу болуп саналат. Бул багытта бардык иш пландар иштелип чыккан, күчүбүз, каражатыбыз жетиштүү.

"Азаттык": Саммитке бир катар мамлекеттин башчылары келет. Аларды коштоп жүрүү боюнча атайын система дагы иштелип чыктыбы?

Бактыбек Жусубалиев: Туура, бул боюнча атайын план, иш-аракеттер даярдалган. Биз жогорку деңгээлдеги коноктордун баарын коштоп жүрөбүз. Алардын коопсуздугун жашаган жеринде, барган жерлеринде да камсыз кылабыз.

Андан тышкары Бишкек шаары боюнча жана Чүй облусунун кээ бир аймактарында саммит учурунда жолдор жабылат. Атайын жылып турган график бекитилген, ага ылайык улам бир көчөнү жаап турууга аргасызбыз. Саммитти жогорку деңгээлдеги тартипте өткөрөбүз деп ишенем.

"Азаттык": Ушундай чоң иш-чаралар учурунда баары бир шаар тургундарына ыңгайсыз абал жаралат. Жарандардын жумушка, балдардын мектепке барып келүүсүнө ар кандай тоскоолдуктар жаралат. Алардын укуктары кандай корголот, деги эле бул боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөбү?

Бактыбек Жусубалиев: Биз буга чейин 1-сентябрдан баштап коомчулукка массалык маалымат каражаттары аркылуу жол кыймылынын катышуучуларына эскертүүлөрдү жасап келатабыз. Бул күндөрү шаар тургундары түшүнүү менен мамиле жасап, айдоочулар эгер жумушу жок болсо унааларын үйгө токтотуп, жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактап, көмөк көрсөтөт деп ишенем. Мектеп окуучуларынын окууга барып келүүсүнө тоскоолдук болбойт. Мектепке кирип чыкчу жолдордо биздин кызматкерлер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери иштешет.

"Азаттык": Ушул күндөрү ар бир жаран кандай эрежелерди карманыш керек, өзүн кандай алып жүрүшү керек?

Бактыбек Жусубалиев: Биздин Кыргызстандын калкы меймандос, конокту сыйлап узата билет деп эсептейбиз. Ар бир адам өзүнүн жеке тартибине карап, жогорку маданияттуулугун көргөзүш керек. Мас абалында көчөдө жүргөндөр, жолдо туура эмес жерлерди кесип өткөндөр болбошу керек.

"Азаттык": Негизги кайсы жолдор кезеги менен бекитилет?

Бактыбек Жусубалиев: "Манас" аэропортунан баштап, Бишкек шаарына чейинки жол, №1 мамлекеттик резиденцияга кетчү Манас проспектиси, Чүй, Жибек жолу, Совет, Ахунбаев жана башка көчөлөр. Мен айткандай, бизде график атайын жылып тургандай кылып түзүлгөн. Бүгүн Кытай лидери келет, эртеңден баштап жогорку коноктордун баары келет. 14-сентябрь күнү биз бардык иш-чараларды жыйынтыктайбыз.

"Азаттык": Бул күндөрү чек араларда да коопсуздук чаралары күчөтүлөбү?

Бактыбек Жусубалиев: Туура, чек ара, куралдуу күчтөр, милиция - баары иштеп жатышат. Кооптонууга негиз жок.

"Азаттык": Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG