Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Бишкек расмий конокторду тосуп алууда


Ирандын президенти Хасан Роухани "Манас" аба майданында. 12-сентябрь, 2013.
Ирандын президенти Хасан Роухани "Манас" аба майданында. 12-сентябрь, 2013.

Бишкекке эртең өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышчу өлкө башчылары четинен келе баштады.

Бүгүн биринчи болуп Бишкекке Иран президенти Хасан Роухани учуп келди. "Манас" аэропортунан аны өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев тосуп алды. Андан соң Иран делегациясынын кортежи "Ала-Арча" резиденциясына келди. Ал жерде Роуханини Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев тосуп алды.

Ошондой эле бүгүн Иран президенти Бишкекте бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Орусия жана Кытай президенттери менен жолугат. Эки тараптуу жана аймактык кызматташтык маселелери талкууланат. Ирандын жетекчиси эртең Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн келди.


Ооган президенти Хамид Карзай Бишкекте.
Ооган президенти Хамид Карзай Бишкекте.
Иран президентинен кийин өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Манас" аэропортунан ооган президенти Хамид Карзайды тосуп алды. Карзай бүгүн кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев жана Иран лидери Хасан Роухани менен жолугат.

Бул эки өлкө башчысынан соң Бишкекке Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж келди.

Мындан тышкары Индиянын тышкы иштер министри Салман Хуршид жана Пакистан премьер-министринин улуттук коопсуздук, эл аралык иштер боюнча кеңешчиси Сартаж Азиз да бүгүн Бишкекке келди. Жогоруда аты аталган бул беш өлкөнүн баары Шанхай кызматташтык уюмунда байкоочу макамына ээ.

Саммитке келчү коноктордун баарын "Манас" аба майданынан Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев тосуп алууда.

Түштөн кийин Бишкекке Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, андан кийинчерээк Өзбекстандын президенти Ислам Каримов, Казакстандын президенти келди. Эми Орусиянын президенти келиши күтүлүүдө.


Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдоржду тосуп алды.
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдоржду тосуп алды.
Ошентип бүгүн кыргыз тарап конокторду тосуп алуу менен алек болууда. Саммитке уюмга мүчө бардык өлкөлөрдүн президенттери - Нурсултан Назарбаев (Казакстан), Си Цзинпин (Кытай), Владимир Путин (Орусия), Эмомали Рахмон (Тажикстан) жана Ислам Каримов (Өзбекстан) катышканы жатат.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Бишкекке эки күн мурда келген.

Эртең,13-сентябрда Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде каралчу негизги маселе - аймактагы жана жалпы дүйнөдөгү коопсуздук маселеси болоорун "Азаттыкка" Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков билдирди. Ал Сирия боюнча да пикирлер айтылышы мүмкүндүгүн четке каккан жок.

Тасмада: Иран жана Ооган президенттери Бишкекте
Ооган, Иран президенттери Бишкекте
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

XS
SM
MD
LG