Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Сирия өкмөтүнө жан тарткан митинг өттү


Сирия, 4-сентябрь, 2013-жыл
Сирия, 4-сентябрь, 2013-жыл

Кыргызстандагы Сергий Радонежский жана Айкөл Манас атындагы укук коргоо борбору бүгүн АКШнын Бишкектеги элчилигинин алдында Сириядагы аскерий операцияларга каршы акция өткөрдү.

Сирияга байланыштуу АКШ элчилигинин алдындагы акция белгиленген мөөнөттөн дээрлик бир саат кечигип башталды. Акцияга уюштуруучуларга караганда журналисттер менен милиция кызматкерлери көп келди.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Игорь Трофимов АКШны Сирияга аскердик чабуул жасабоого чакырды. Ал Дамасктагы 1,5 миңге жакын адамдын өлүмүнө Американы күнөөлөп, соңку кездерде аскердик операциялар АКШ үчүн компьютердик оюнга окшоп жатат деп сындады.

- Сирияны талкалагандан кийин Америка бизге чейин жетет. Азыр бизде тынчтык өтө аярлуу маселе. Совет мезгилинде тынчтык деген абдан туруктуу, биз жашаган чоң, күчтүү өлкөгө эч ким даап кире албагандай, буза албагандай сезилчү. Азыр ар бирибиз Кыргызстандын бир бөлүгүбүз. Кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу биздин куралдуу күчүбүз алсыз, бирок духубуз күчтүү. Ошондуктан Кыргызстан бир тарапта турушу керек. Ким менен достошуу керек? Бардыгы менен дос боло албайсың. Сирия маселесинде ким калп айтып атат, ошону түшүнүү керек.

Акциянын уюштуруучулары колуна “Сириядан колуңду тарт”, "Америка “ал-Каида”, радикал исламчылардын колу менен христианчылыкты талкалоодо", “Америка Кыргызстандан чыгып кет, аны менен америкачыл саясатчыларды ала кет” деген плакаттарды көтөрүп алышкан. Америкачы делген саясатчылардын катарына Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов, Өмүрбек Бабанов, Анарбек Калматов, Асия Сасыкбаеванын аты жазылган.

Игорь Трофимовдун үнүн укканга элчиликтен эч ким чыккан жок. Анткен менен бир өлкөнү каралап, экинчисин мактаган мындай чакан акциялардын артында да башка өлкөлөр турарын серепчилер белгилешүүдө.

Сирия маселесин Жогорку Кеңештин 5-сентябрдагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу көтөрүп, парламент бул маселе боюнча АКШга кайрылышы ыктымалдыгын белгилеген. Ал Сирияга аскердик чабуул жасоо планын Кыргызстан колдобой турганын билдирген парламенттин сунушун АКШ Сенатына жибериши мүмкүн экенин “Азаттыкка” билдирген болчу. Бакир уулу бул демилгени Сириядагы мусулмандарга колдоо көрсөтүү максатында сунуштаганын айтты.

- Мусулман өлкө катарында биз кайрылсак орундуу эле болот. Биз дем, күч болуп берет элек. Мүмкүн бизден кийин дагы башка мусулман өлкөлөрдүн парламенттери да өз пикирин айтат.

Анткен менен бүгүнкү акцияда америкачыл катары көрсөтүлгөн “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өлкөнүн тышкы саясатын тиешелүү адамдар калыптандыруу керек деп эсептейт.

- Дүйнөдө кандай окуя болуп жатат, Кыргызстан парламенттин деңгээлинде реакция берген эмес. Тышкы саясат боюнча жооп берген бизде түзүмдөр бар президент баш болгон. Мындай татаал ишти ошолор даярдашат, ошолор калыптандырыш керек. Көрүнгөн саясатчы, Трофимовго окшоп өз оюн айта бергенде болбойт. Бакир уулу айткандай, парламент тышкы саясатты жүргүзүүдө демилгечи боло албайт. Ал болгону демилгени жактырат же жактырбайт. Ал эми демилге президенттен же өкмөттөн болушу керек. Мына ошолордон сунуш келсе колдойм, болбосо жок.

Ал эми мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Сирия боюнча Кыргызстандын позициясын Шанхай кызматташтык уюмунун 13-сентябрда Бишкекте өтө турган жыйынында ачыктарын президенттик аппараттан маалымдашты.

АКШ президенти Барак Обама Сириянын баш калаасы Дамаскта 21-август күнү 1400дөн ашык кишинин өлүмүнө алып келген чабуулда Асаддын өкмөтү химиялык курал колдонгон деген ишенимин билдирген жана ал жакка аскерий чабуул жасоо сунушун айткан. АКШ Конгресси кийинки аптада Сириядагы аскер операциясын колдогон резолюция долбоорун талкуулап, аталган маселе БУУнун Коопсуздук кеңешинде каралуусу күтүлүүдө.

Сирияда өкмөттүк армия менен ага каршы курал көтөргөн оппозициянын ортосундагы атышуулар 2011-жылдын мартынан бери уланууда. Андан берки атышууларда, Бириккен улуттар уюмунун эсеби боюнча, 90 миңден ашуун адам өлдү.
Бишкекте Сирияга байланыштуу акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00

XS
SM
MD
LG