Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:47

18-сентябрда шотландиялыктар Бириккен Падышалыктын түзүмүнөн чыгуу тууралуу добуш беришти. Референдумда көз карандысыз Шотландия мамлекети болсунбу? - деген суроо коюлган. Шотландиядагы референдум тууралуу “Азаттык” менен саясат таануучу Эмил Жураев ой бөлүштү.

“Азаттык”: Сиздин баамыңызда, кечээ Шотландияда өткөн референдум кандай жыйынтык бериши мүмкүн?

Эмил Жураев: Алдын ала байкоолорго караганда, Британиянын курамында калабыз жана андан бөлүнүп, эгемен өлкө болобуз дегендердин добуштары көп деле айырмаланган жок. Азыр чакан райондун гана жыйынтыгы чыгыптыр. Британияда калабыз дегендердин добуштары үстөмдүк кылып жаткан экен.

Учурда ар бир добуш тагдыр чечүүчү болуп турат. Анткени 300 жылдан бери Шотландия Британиянын курамында болуп келген. Азыр бөлүнөбүз деген референдумга шотландиялыктар чоң кызыгуу менен катышып жатышат. Референдумга катышып жаткандардын саны өзгөчө көп болчудай экен.

“Азаттык”: Ушул референдумду өткөрүү канчалык зарыл эле, буга эмне түрткү болду? Анткени бир топ эксперттер Шотландиянын Британиянын курамында болгону оң деп ырасташат.

Эмил Жураев: Ооба, Шотландиянын өзүндө саясатчылар да, эли да ушул маселеде экиге бөлүндү. Мунун артында бир топ жылдан бери бышып-жетилип келаткан маселелер бар. Британиянын башка аймактарына, мисалы, Англияга салыштырмалуу Шотландия чындыгында өнөр жай, экономикалык өнүгүү жагынан бир аз артта калып келет.

Экинчиден, саясий жагынан Шотландия көп жылдан бери өзгөчө солчул социалдык жакка көбүрөөк ыктаган добуштарды берсе да, улуттук деңгээлде консерватор партиялар утуп келген экен. Шотландиялыктар добушун канчалык бекем жана жылдан жылга бирдей бергени менен баары бир алардын кызыкчылыктары улуттук деңгээлде корголбой калчу экен.

Эгемен, өз алдынча мамлекет болсок саясатты өзүбүз билгендей жүргүзөбүз деп турушат. Анын үстүнө бир аз улутчулдук да бар. Шотландияда эң популярдуу партия - Улутчул партия. Бирок улутчулдар Британиянын парламентине келген күндө деле алардын саны өтө аз бойдон калып, саясатка көп деле таасир тийгизе албайт.

“Азаттык”: Эгер референдумду көпчүлүк колдосо - бул дүйнөдөгү жикчил маанайдагы улуттарга түрткү бербейби? Тынч жол менен дүйнөдө дагы бир өлкө пайда болуп калышы мүмкүн да.

Эмил Жураев: Ооба, ал да бар. Көп жерде так ушундай нукта кыймылдар болуп жатат. Испанияда, Германияда айрым элдер Шотландиядагы референдумду кунт коюп байкап турушат. Бир топ жерлерде референдум өткөрөбүз деген демилгелер көтөрүлүп жатат. Бирок салыштырмалуу айтсак, Шотландия ошол эле Европанын ичинде эң жакшы калыптанып, мыйзамды бекем сактаган, эгемен болуу үчүн тынч жол менен аракеттенип келаткан өлкө. Ошол эле басктар, каталондор менен салыштырсак, алар экстремисттик аракеттерди колдоп келишкен. Ошондуктан референдум элдин мүдөөсүн чагылдырат деген ишеним ошол элдерде азыраак.

“Азаттык”: Шотландия чындап эле Британиянын курамынан чыкса, бул эл аралык саясий түзүлүштү кандай өзгөртөт? Мисалы, бизге жакын чөлкөмдөрдөгү Башкыртстанда, Каракалпакстанда, Татарстанда да ушундай референдум өтүшү мүмкүнбү?

Эмил Жураев: Бизге жакын чөлкөмдөрдө жакынкы келечекте андайга жол берилбейт. Албетте келечекте кандай болоорун билбейбиз. Бирок Орусия Федерациясынын, Өзбекстандын авторитардык бийлигин алып карасак, мындай референдумду өткөрүү үчүн өзгөчө саясий шарт – демократия болушу керек. Шотландиянын үлгүсүн жактырганы менен, чындыгында андайды ишке ашыруу өтө кыйын болот.

Бул ошондой эле саясий күчтөрүнө байланыштуу болот. Мисалы, авторитардык бийликти жактырбаган элдер да бөлүнөбүз деп аракет кылышы мүмкүн. Бирок ошол эле Каракалпакстанды алып карасаңыз, элинин саны жалпы калктын санынан өтө аз, жакыр жашайт, саясий активдүүлүгү жок. Орусияда деле ушундай көрүнүш байкалат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG