Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Шахсанемдин Шотландиядагы "Саягы"


Шахсанем Сартова-Мүррей Британиянын премьер-министри Девид Кэмерон менен.
Шахсанем Сартова-Мүррей Британиянын премьер-министри Девид Кэмерон менен.

Кыргызстандык Шахсанем Сартова-Мүррей 13 жылдан бери Шотландиянын Эдинбург шаарында жашайт.

Шахсанем Сартова-Мүррей мындан 13 жыл мурун шотландиялык жигитке турмушка чыккан. Ал аталган шаарда кыргыз маданий борборун түптөгөн. Учурда анын жетекчиси. Муну менен катар өз чөйрөсүндө жазуучу жана котормочу катары да белгилүү. Шахсанем айым 2000-жылдардын башында Бишкекте жеке ишкерлик менен алектенип жүрүп, жолдошу шотландиялык Гордон Мүррей менен таанышып калат:

- Гордон абдан жылдыздуу, маданияттуу жигит экен. Экөөбүз таанышкан соң кат жазышып жүрдүк. Анан Гордон аркылуу Эдинбург шаарындагы курска тапшырдым. Ал жакка баргандан кийин да Гордон менен абдан ынак болуп, дос болуп калдык. Бир күнү Гордон үйлөнүү тууралуу сунуш киргизип, үй-бүлөсү менен тааныштырды. Анын жакындары мени абдан жылуу кабыл алды.


​Ошентип, тагдыр буюруп Шахсанем айым Шотландияда жашап калат. Анын айтымында, Британ королдугунун байыркы шаарларынын бири болгон Эдинбургдагы жашоого көнүү кыйын деле болбоптур:

- Биринчиден, мен аябай жакшы үй-бүлөгө туш болдум. Кайненем, күйөөмдүн туугандары алыстан келдиң дебестен, абдан жакшы кабыл алышты. Экинчиден, шотландиялыктар абдан жөнөкөй, сыйчыл келишет. Бирөө экинчисинин жашоосуна көп деле кийлигишпейт. Ошондуктан, бул жакта жашоого көнүү кыйын деле болгон жок.
Шахсанем Сартова күйөөсү Гордон Мүррей менен.
Шахсанем Сартова күйөөсү Гордон Мүррей менен.


Шахсанем Сартова-Мүррей Эдинбургда ишкерлик менен алектенген жолдошуна жардам берип келет. Атүгүл жолдошу экөө биргелешип “Саяк” аттуу компания да түптөгөн экен:

- Бул жакта ар кыл курстарда окудум. Андан соң жолдошума жардам берип жүрдүм. Анын курулуш тармагындагы компаниясы бар болчу. Мына ошол жерде администратор болуп иштедим. Бирок кийинишкана банкрот болуп, жаңы компания түзүүгө туура келди. Мына ошондо биз “Саяк” аттуу консалтинг компанияны негиздедик. Анын аталышын мен сунуштагам. Учурда дал ушул компанияда эмгектенем.

- Эмне себептен "Саяк"? Бул сиздин урууңуздун аты эмеспи?

- Ооба, мен Жумгалды байырлаган саяк уруусунун кызымын.

- Жолдошуңуз бул сунушуңузду кандай кабыл алды эле?

- Жолдошум абдан жакшы кабыл алган. Келгендердин баарына бул сөздүн маани-маңызын түшүндүрүп берет. Анын үстүнө алгачкы компаниясынын аты Scosha же «Шотландиялык» деген маанини берчү. Ошондуктан, бул сөздү дароо эле кабыл алып, макул болду.

Шахсанем айым, өз уруусунун атын компанияга берүүнү шотландиялык ишканалардын көпчүлүгүнүн атын уккан соң ойлонгонун айтууда. Анткени, бул өлкөдө ата-бабаларга сый көрсөтүү адаты калыптанган. "Бул жагынан кыргыздар менен шотландиялыктардын окшоштугу бар" деди журтташыбыз:

- Булар дагы клан, клан болуп өз үй-бүлөсүнө, урууларга аябай маани беришет. Ар бир кландын өз эн белгиси, атайын кийими, жада калса өз түсү бар. Каада-салтты сактоо жагынан да абдан кызык нерселерди байкадым. Дүйнөдө шотландиялык кийим катары белгилүү болгон килтти (юбкага окшош кийим) азыркыга чейин кийишет. Майрамдарда ар дайым кийип чыгышат. Кыргыздарга дагы бир окшоштугу бар - койдун этин бизге окшоп быжы кылып жешет. Мунун баары мага кызык болду.

"Кыргыз китептерин англисчеге котором"

Шахсанем Сартова-Мүррей 2005-жылы Эдинбургда Кыргыз маданиятынын борборун түзгөн. Бул борбор кыргыздардын маданият, жашоо-турмушун жергиликтүүлөргө таанытуу үчүн ар кыл иш-чараларды уюштурат. Анын айтымында, Эдинбургда 10го жакын кыргызстандык жашайт. Алар менен бат-баттан чогулуп, тыгыз катташып турат экен:

- 2005-жылы атайын Кыргыз маданиятынын коомун түзгөнбүз. Ошондон бери ар кыл майрамдарда бул жактагы кыргыздар чогулуп, жергиликтүү элге өз өнөрлөрүбүздү тартуулайбыз. Бизге кыргыздар эле эмес, мурдагы Советтер союзунун курамындагы башка өлкөлөрдөн келгендер да кошулуп турат. Биздин ыр-күүбүздү жергиликтүүлөр аябай кызыгуу менен кабыл алат.
Эдинбургдагы борбор азиялыктар.
Эдинбургдагы борбор азиялыктар.

Муну менен катар Шахсанем айым акыркы жылдары өзүн жазуучулук жана котормочулук жаатында да сынап, чыгармачылык менен алектенип келет. Буга атасынын агасы, белгилүү фантаст-жазуучу Беганас Сартовдун чыгармаларынын таасири болгонун айтып отурду:

- Башында Беганас атамдын чыгармаларын окуп, ушуну которсомбу деген тилек бар эле. Анан 2010-жылы "Мамыры гүлдөгөн маалда” деген китебине чыгынып киришип, англис тилине которуп баштадым. Эки жылдай убактым кетти. Алгач англис тилинде бастырдык. Анын бет ачары алгач Лондондо, андан соң Бишкекте өттү. Мына ушундан кийин өзүм да китеп жазып баштадым. Ал “Ыйык ашуулардын издери” деп аталат. Бул китеп жазылып бүттү. Жакында бет ачары болгону турат.

Шахсанем айымдын айтымында, чыгармачылыкта бир топ пландары бар. Ал келечекте кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын англис тилине которуп, британ, шотландиялыктарга таанытууну кыялданып жүргөнүн айтты. Ошондой эле Эдинбургдагы Кыргыз маданият борборун кеңейтип, ар кыл долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатыптыр.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG