Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:02

Жумаева: Согушка кеткен атамды таптым


Жумалы Курманалиев жана Асан Курманалиев. 1941-жылы согуш башталганда Жумалы 30, Асан 16 жашта болгон.

Жумалы Курманалиев жана Асан Курманалиев. 1941-жылы согуш башталганда Жумалы 30, Асан 16 жашта болгон.

Миллиондогон өмүрдү алган Экинчи Дүйнөлүк согуштун тагы ушул күнгө чейин кете элек. Азыркыга чейин кан майданга кеткен жакындарын издеп, таппай жүргөндөр арабызда арбын.

Биздин каарманыбыз Калипа Жумаева да атасы менен агасын 70 жылга чукул издеп, акыры алардын сөөгү коюлган жерди тапкан.

Атаны издөө

Калипа Жумаева кан күйгөн согуш айынан ата мээримин көрбөй өскөн муундун өкүлү. Ал атасы Жумалы Курманалиев согушка кеткен кезде болгону үч жашта экен.

Кызынын айтымында, Жумалы Курманалиев менен кошо иниси Асан дагы согушка кеткен. Эки бир тууганга ошол бойдон ата журтун көрүү бактысы буюрубаптыр.

1944-жылы жакындары алардын дайынсыз жоголгону тууралуу кара кагаз алышкан.

Жумалы Курманалиев.

Жумалы Курманалиев.

- Атам Жумалы Курманалиев мугалим болгон. Чүй районундагы “Шамшы” совхозунда мектепте иштеген. Согуш башталган жылы отузда экен. Атам менен кошо 16га чыга элек иниси да майданга кетиптир. Ошол бойдон дайындары чыкпай, 1944-жылы үйгө кара кагаз келет. Чоң атам Курманалы уулдары тууралуу суук кабарды укканда күйүткө чыдабай тез эле өлүп калат. Апам болсо окуган эмес, үч баласы, карыган кайненеси менен калып, атам менен агамды сураштыра албаптыр. Кийин мен эс тартканда издей баштадым, көп жерге кат жаздык. "Андай кишилер жок" деген эле жооп келип атчу.

Калипа Жумаева ар жылы, 9-майда аянтка чыгып кан майдандын катышуучуларына атасынын сүрөтүн көрсөтүп, сураштырчу экен. Издөө бир нече жылга созулуп, 1995-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары тууралуу маалыматты камтыган "Эскерүү китеби" колуна тийгенде токтогон.

- 1995-жылы "Эскерүү китеби" чыкты дегенди угуп калдым, ошону таап карасам, атамдын да, агамдын да аты жүрөт. “Кыргыз сержанты Асан Курманалиев 1943-жылы, 24-декабрда урушта курман болду. Сөөгү Калинин облусундагы Капачово кыштагына коюлду” деп жазылып турат. Атам болсо 1942-жылы, 23-декабрда Великие Луки шаарына жакын жерде өлүптүр.

Ага-ини көмүлгөн жерде

Алтынга тете ушул маалыматтан кийин Калипа апа Кыргызстандын жана Орусиянын тиешелүү органдарына кайрадан кат жазат. Бул жолу мээнет акталып, Орусиянын Коргоо министрлигинин башкы архивинен күттүргөн жооп да келет.

Жумалы Курманалиевдин согуш учурунда түшкөн сүрөтү

Жумалы Курманалиевдин согуш учурунда түшкөн сүрөтү

- Атам Жумалы 257- аткычтар дивизиясынын 948-полкунун бөлүмүнүн командири болгонун, сөөгү Псков облусунун Великие Луки районундагы Золотково кыштагындагы көрүстөнгө коюлганын билдим. Анын иниси Асан байкем 21-гвардиялык аткычтар дивизиясынын, 69-Гвардиялык полкунун бөлүмүнүн командири болгон. Сөөгү ушул эле облустун Невел районундагы Чернецово кыштагындагы көрүстөнгө коюлуптур.

Архивден алынган бул маалыматтан кийин Калипа апа атасы менен агасы көмүлгөн жерге барууну чечип, 2012-жылы жолго чыккан. Ага-ини Курманалиевдер бир облуста согушканы менен эки башка жерде курман болуп, эки башка жерге коюлган.

- 9-майга чукул Псковго, атам менен агамдын сөөгү жаткан жерге бардык. Бул жактан топурак ала баргам аны септим, куран окудум. Атамдын иниси жаткан көрүстөнгө эки миң жоокерди көмүшкөн экен. Тегерегинин баары гүл, бак-дарак шуулдап, чымчыктар сайрап турду. Негедир мага маркумдар, анын ичинде атам менен агам ошол булбулдун үнү менен сүйлөп жаткандай сезилди. Бир четинен ыйласам, экинчи четинен сыймыктанып турдум. Жеңиш майрамына туштап барганбыз, көрүстөндө эскерүү митинги өтүп, мага да сөз беришти.

Ооруктун жүгү оңой болгон эмес

Калипа Жумаеванын айтымында, согуштан кийинки жылдар кыйын күндөрү менен жүрөккө так калтырган. Апасы Айна Курманалиева үч баланы кыйынчылык менен багып чоңойткон экен.

Айна Курманалиеванын 28 жашында түшкөн сүрөтү

Айна Курманалиеванын 28 жашында түшкөн сүрөтү

- Апам бизге кошуп оорулуу кайненесин да бакты. Согуштан кийин деле жашоо дароо оңолуп кетпеди. Апам кызылча багат, эгин бышканда орок орот. Апаларына кошулуп алып балдар да иштейт. Айтор кыйын эле күндөр өттү баштан. Бут кийим жок, жаз чыккандан сентябрга чейин жылаңаяк жүрчүбүз. Ошого карабай элдин пейили жакшы, ниети ак, ыйманы таза эле, бир сындырым нанды тең бөлүп жеп, каалгага кулп салынчу эмес.

Айна Курманалиева күйөөсүнүн кайда көмүлгөнүн билбеген тейинче 1994-жылы 84 жашында дүйнө салган. Калипа Жумаева апасынын, дегеле ошол жылдары кызылчада иштеген аялдардын эмгеги татыктуу бааланууга тийиш деп эсептейт.

- Ошол кезде иштеген аялдардын көбүнүн эмгеги бааланбай калды. Болбосо алар деле Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова сыяктуу иштеген. Мисалы менин апам эки гектар жердеги кызылчаны отоп, суюлтуп, сугарып таңдан кечке талаада жүрчү. Кечкисин мээлей согуп, тон тигип фронтко жөнөтүшчү. Эгин бышканда комбайн жок, орок орчу. Жокчулуктун кээри да, апам кээде эки жеңинин учун бууп, биртике буудай салып келчү. Кечинде аны жаргылчакка тартып, бизге ун-талкан кылып берчү. Болгону бир эле көйнөгү, бөз жоолугу бар эле. Кирдегенде жыртык көйнөгүн кие калып, бүтүнүн жууп жая койчу. Айрылган көйнөктөн жылаңач денеси көрүнүп, кир жууп отурганы көз алдыман кетпейт.

Калипа Жумаева өзү өмүрүнүн теңин медицинага арнаган. Бир топ жыл Тоң районунун ооруканасында хирург болуп иштеген. Агасы Мукай менен иниси Керим азыр бул дүйнөдө жок. Калипа Жумаева атанын аты унутулбасын деп, мындан эки-үч жыл мурда “Өрөөндү өзгөрткөн өмүрлөр” аттуу китеп жазган. Анда чоң атасы, Чүй өрөөнүнөн чыккан багбан Курманалы, атасы Жумалы, агасы Асан тууралуу эскерүүлөр орун алган.

  • 16x9 Image

    Санжи Туйтунова

    “Азаттыктын” Бишкек бюросунун кызматкери, веб-редактор. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG