Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

"Манас" базасынан Кыргызстанга кандай пайда бар?


Бишкектеги "Манас" транзиттик борбору.

Бишкектеги "Манас" транзиттик борбору.

Эки күндөн кийин Нью-Йорктогу террордук чабуулга туура 10 жыл болот. Дүйнө коомчулугунун үшүн алган бул окуяда 80 мамлекеттин 3 миңге жакын атуулу курман болгон.

11-сентябрь окуясынан кийин Кыргызстанга антитеррордук күчтөрдүн “Манас" аба базасынын жайгашуусу, анын Кыргызстандын коопсуздугуна, экономикасына тийгизген пайдасы тууралуу саясат таануучу, эл аралык мамилелер, коопсуздук боюнча эксперт Искендер Ормон уулу кеп салып берди.

- 11-сентябрь окуясынан мурунку жылдары Кыргызстан башынан Баткен окуяларын кечирген. 2001-жылы сентябрда АКШда антип каргаша болгондон кийин кыргыз бийлиги өз аймагынан антитеррордук күчтөргө орун бергени белгилүү. АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн Кыргызстанга жайгашуусу менен Борбор Азия аймагында терроризм азайды деп айтууга болобу?

- Терроризм азайды деген пикирден узакмын, себеби факты, статистикалык маалыматтар көрсөтүп турат, Орто Азия аймагында, жалпы дүйнөдө эле террорчулук кыймылдар, же болбосо алардын иш-аракеттери уланып жатат, азайган жок.

- 1999-2000-жылдары Кыргызстанга Тажикстан тараптан согушчандар кол салбады беле. 2001-жылы антитеррордук база жайгашуусу менен биз тынчыраак уктап калдык, базанын баары бир сүрү, күчү бар деген пикирлер да айтылып жатат. Кыргызстан үчүн бул базанын турганы канчалык пайдалуу, ошол эле коопсуздук жана экономикалык жактан алып караганда?

-Албетте, дүйнөлүк саясаттагы жалпы шарттарга байланыштуу көп кырдуу маселенин, талкуулардын натыйжасында, 11-сентябрдын чоң психологиялык басымынын натыйжасында база бул жерде орун алышына жол берилген. Буга бир эле Кыргызстан эмес, бүтүндөй кызыкдар мамлекеттер уруксатын берген десек болот. Мунун албетте, терроризмге каршы күрөшүүдөгү, экономикалык жактан орду абдан чоң, муну эч качан танбашыбыз керек. Террордук уюмдар базадан коркушу ыктымал, бирок аны так фактылар болмоюнча антип айтуу мүмкүн эмес. Бирок көрсөтүп тургандай эле бир аз айбыкты деп айтсак туура болот. Ал эми базанын чакан Кыргызстан үчүн экономикалык пайдасы өтө чоң болуп жатат. Биздин мамлекеттик бюджетти карап көргөндө базанын орду аз эмес, түздөн-түз түшүп жаткан 60 млн. долларлык салымынан тышкары ал жакта иштеп жаткан жумушчулар, фирмалар, андан алынып жаткан салыктардын баарын камтыганда экономикалык салымы да өтө чоң.

- АКШнын президенти Барак Обама бир нече жолу белгилеп, Ооганстандагы аскер күчтөрү 2014-жылга чейин чыгарылат деп айтып кеткен. Андан кийин жалпы эле Борбор Азия аймагында, анын ичинде Кыргызстандын коопсуздук жагы кандай болот?

- Барак Обама экинчи жолу дагы президенттик шайлоого катышып, шайланып алууга аракет кылат. Ал үчүн сөзсүз мурдагы берген сөздөрүнө дал келүүчү иштерди аткарышы керек, себеби ал биринчи шайлоонун үгүт учуру жүрүп жатканда “Ирактан жана Ооганстандан аскерлерди чыгарып алам” деп сөз берген. Эми экинчи жолку шайлоого ошол убадаларын аткарган абалда кириши керек.
Базадан кийинки Кыргызстандын абалы оңой болбойт, ошондуктан, биз ошого жараша чараларды көрүшүбүз керек. Ооганстанда дайыма басып турган 150-200 миңдей коалициялык аскерлер бар болгон соң, алардын аймактагы коопсуздукка байланыштуу орду бардыгы маалым. Алар кеткенден кийин бизден дагы Ооганстандын өзүндө ич ара чоң тополоңдор болушу толук ыктымал. Бул тополоңдордун бизге таасири тийбей койбойт.

- Ушул эле терроризм коркунучу Орусияны да катуу тынчсыздандырып жатканы көрүнүп турат. Алар бул коркунуч Борбор Азия аркылуу Орусиянын өзүнө катуу кооптонуу жаратып жатканы тууралуу кайталап айтып да атышат. Ушундан улам Борбор Азиядагы терроризмге каршы Орусия кандай аракеттерди көрөт? Мисалы Канттагы орустардын аба базасы азыркы антитеррордук күчтөрдүн ордун алмаштыра алабы?

- Кыргызстан аскердик күчтөрү ченелүү өлкө катары аймагында эки чет өлкөнүн аскердик базалары турушуна канчалык карама-каршылыктар болсо дагы, мен муну туура деп эсептейм. Себеби бир эле аскер базанын болушу балким тең салмактуулукка жатпай, биздин тышкы саясатыбызды толук кандуу жүргүзүүбүз оор болуп калат. Азыр бизден сырткары эки мамлекеттин ортосундагы баланс сакталып турат. Албетте Канттагы аба базасын күчтөндүрүп, анын мобилдик аракетке өтүү абалына келүүсүнө көп аракеттер жасалып атат.

Борбор Азияда Жамааттык кызматташтык келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ичинде тополоң болсо, ага кийлигишүү мүмкүнчүлүгү болсун, ошого чараларды көрө алсын деген аракеттер болуп жатат. Бирок кептин баары бул аракеттердин иш жүзүндө натыйжасы болбой жатканы. Өткөн жылы Кыргызстанда июнь окуясы деле көрсөттү, ошол тушта уюмга мүчө Беларус өлкөсү “мен аскерлеримдин ал жакта курман болушун каалабайм”, - деп ачык айтты.

- Демек, Кант аба базасы Транзиттик борборду, ал эми ЖККУ НАТОну алмаштыра албайт турбайбы?

- Кыйын. Өтө кыйын.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG