Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Ажаткана кырсыгы боюнча иш козголду


Асты түшүп калган даараткананы бузуп жатышат. 3-ноябрь, 2012.
Асты түшүп калган даараткананы бузуп жатышат. 3-ноябрь, 2012.

Төрт адамдын өмүрүн алган ажаткананы жабуу чечими 2008-жылы эле чыгарылганы айтылууда.

Кара-Суу райондук прокуратурасы даараткана кырсыгы боюнча кечээ кылмыш ишин козгогон. Ага ылайык райондук архитектура башкармалыгы, курулушту көзөмөлдөгөн комиссия жана ажаткананы иштетип жаткан Муса Апышев аттуу жаран суракка тартылмакчы. Бирок ишкердин үй-бүлөсү прокуратура аларга карата козгогон кылмыш ишин негизсиз деп жатат.

Кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиндеги шалаакылык, өзүм билемдик жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелеринин негизинде ачылды.

Бул тууралуу Кара-Суу районунун прокурорунун орунбасары Медетбек Кадыров билдирди:

- Райондук архитектуранын кызматкерлерине курулушту баштан аяк көзөмөлгө алып, ишке киргизүүгө макулдук берген комиссиянын курамындагыларга жана ажаткананын ээси Муса Апышевке кылмыш иши козголду. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө базардын жетекчилигинин күнөөлөрү аныкталып калса, алар да жоопко тартылат.

Бирок прокуратуранын бул аракетине ишкер Муса Апышевдин жубайы, дааратканадагы иш башкаруучу Арзыкан Төлөнова макул эмес:

- Бул ажаткананы биз курдурган эмеспиз. Даяр курулган нерсени алып, иштетип жатканбыз. Ошондуктан бизге койгон дооматын негизсиз деп эсептейм. Буга чейин эч ким келип, ажаткананын коопсуздугун текшерип, аны жабыш керек деп эскерткен эмес. Кырсык айтпай келет экен, муну атайын кылган жокпуз да...

Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башкы архитектору Нурали Амановдун айтымында, ажаткананы жабуу чечими төрт жыл мурда чыгарылган:

- Даараткана талапка жооп бербейт деген корутунду 2008-жылы биздин башкармалыктын текшерүүсүнөн соң чыгарылган болчу. Бирок анын ээси Муса Апышев буга макул болбой сотко кайрылган. Сот башкармалыктын корутундусун жокко чыгарган эле. Дагы айта кетчү сөз, ажаткана курулуп баштаганда биз 20 орунга гана уруксат берген элек. Курдуруп жаткан тарап ал сунушту эске албай койгон.

Асты урап түшкөн даараткана 40 орунга ылайыкталган, аны 2003-жылы маркум депутат, аталган базардын ошол кездеги ээлеринин бири Баяман Эркинбаев курдурганы айтылууда. Аны 2007-жылы жергиликтүү ишкер Муса Апышев сатып алып, ошондон бери жубайы Арзыкан Төлөнова иштетип келген.

3-ноябрь күнү ажаткананын цементтелген түбү экиге ажырап, бир топ адам анын чуңкуруна түшүп кеткен эле. Натыйжада төрт киши каза болуп, 12 адам ооруканага жаткан.

Жергиликтүү айрым тургундар бул кырсык үчүн ажаткананын ээлери жооп бериши керек деп жатышат. Алардын бири базарда соода кылган Мухаррам эже:

- Ажаткананын астынан жарака кеткенине бир топ убакыт болгон. Биз ээлерине аны көп жолу айтканбыз. Жогору жактан да эскертүү берген деп уктук эле, кулак салбай иштете беришти. Мына эми акыбети. Буга кимдир бирөө жооп бериш керек да. Канча адам чөгүп кетти. Адам өмүрү оюнчук эмес. Ажатканадан пайда таап жаткан соң, бул кырсык үчүн да ошол ээси жооп бериши керек.

Кара-Суу шаарындагы эң ири даараткананын айланасы такси жана коомдук унаалар токтой турган аялдама катары пайдаланылат. Ажатканага күн сайын миңдеген кишилер кирип-чыкчу экен. Азыр даараткана толугу менен бузулуп, cанэпидкөзөмөл борбору тазалоо жана зыянсыздаштыруу иштерин жүргүзүүдө. Абалга өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жана милиция көз салып, тийиштүү кызматкерлерден башка эч ким киргизилбей турат.

Кырсыктан жапа чеккендерге жана мерт кеткендердин жакындарына жардам берүү жагы Кара-Сууда өтө турган облустук координациялык кеңешмеде каралаарын райондун акими Тилекбек Матраимов айтты:

- Райондун өзүнүн бюджети жок болгондуктан, бул жаатта жардамды өкмөт бериши керек. Облустук координациялык кеңешмеде ушул маселени чечкенге аракет кылабыз. Колубуздан келишинче көмөк көрсөткөнгө даярбыз. Жапа чеккендерге акчалай жардамды ошол ажаткананы иштетип жаткан ишкер берсе да туура болот. Райондук бийлик кырсык болгон күнү колдон келген бардык жардамын берди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары жетишпегендиктен, дааратканы бузуу үчүн менчик автокрандарды биз жалдап бердик.

Каргашалуу окуяга байланыштуу эки күндөн бери Кыргызстанда чоңдугу боюнча экинчи орундагы Кара-Суу базары иштебей турат. 6-ноябрдан баштап соода кылууга уруксат берилет. Ишемби-жекшемби күндөрү базардын айланасын ажатканадан чыккан жаман жыт каптаган болучу, тазалоо иштеринин натыйжасында азыр аба тазарып калды. Каза болгондордун сөөктөрү кечээ жакындарына берилген. Ооруканага түшкөн 12 адамдан алтоо дарыланып жатат.


Кара-Суу базарындагы каргашадан сүрөт баян


XS
SM
MD
LG