Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

Дүйнөдө Украина боюнча пикир келишпестиктер күчөп, Ооганстандан АКШ баш болгон батыш өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрү чыгарыла турган мезгилде Кыргызстан үчүн сырттан кандай коркунучтар бар?

Кыргызстандын мурунку вице-премьер-министри Токон Мамытовдун пикиринде, өлкөдөгү туруктуулукка сыртан коркунуч туударган эки фактор бар. Анын бири Ооганстандагы кырдаал, экинчиси чек аралардын тактала электиги. Акыркы мезгилде буга Сирияда жүргөн кыргызстандык “жихадчылар” кошумча болууда.

Токон Мамытовдун айтымында, Ооганстанда “ал-Каиданын” кыргызстандык 200дөй мүчөсү бар. Алардын Кыргызстанга кайтуусу кырдаалды курчутат.

200дөй адамдын Кыргызстанга келиши канчалык чындыкка жакын деген суроого Токон Мамытов мындай жооп берди:

- Эки жүздөй киши ар кайсы жакта жүрөт. Ошол эки жүздүн баары келбейт. Анткени алардын бир жерге чогултуу өтө оор. Бирок булар Өзбекстан ислам кыймылынын, тажик оппозициясынын жоочуларынын катарында азыркы кезге чейин бар. Алар коңшу мамлекеттерде, Ооганстан, Пакистан, Тоолуу Бадахшанда жүрүшөт. Мына ошолор биригип Фергана өрөөнүнө, анын ичинде Кыргызстанга келиши мүмкүн.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын антиреррордук борборунун мурунку башчысы, генерал Марат Иманкулов ар кандай диний жана экстремисттик агымдардын таасири менен сыртта жүргөн кыргызстандыктардын саны жүздөп саналарын тастыктайт. Аларды кайсы бир күчтөр пайдаланышы мүмкүн:

- Ар кандай күчтөр аларды пайдаланышат. Ошондо пайдаланганда биздин Орто Азияга жөнөтөт. Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанга жөнөтүшөт. Мына ошондо келет. Так бул мөөнөттө келет деп эч ким айта албайт. Бирок алардын буяка жөнөтүлүшү толук мүмкүн. Мына ошого Кыргызстан даяр болуш керек.

Марат Иманкуловдун маалыматы боюнча, Ооганстан, Пакистанга кеткендердин катарында Ош облусунун тургундары көп. Алардын ичинде Кара-Кулжа районунун тургундары да бар.

Токон Мамытовдун пикиринде, Кыргызстан коопсуздугуна коркунуч туудурган жагдай Тажикстан жана Өзбекстан менен чек аранын аныкталып бүтө электигинен да жаралып турат. Бул кошуна мамлекеттер менен чек араны тактоодо коомчулукта нааразылыкты жараткан Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Таластын Көк-Сайындагыдай катачылыктарга жол бербегенге жетишүү зарыл:

- Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Көк-Сай окуялары болбош үчүн, чек ара боюнча биздин айыл өкмөтүнүн деңгээлинде бир жумушчу тобубуз болуш керек. Райондун деңгээлинде бир жумушчу топ болуш керек. Мына ошондо эл бизге карап, “ай, биз менен кеңешпей туруп, бул жерди мындай кылдыңар” деп айтпайт. Мына ошондо мурункудай терс көрүнүштөр болбойт.

Токон Мамытовдун айтымында, чек арада коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жакынкы мезгилде чек ара маселесин чечүүдө алдыга жылыштар керек. Бул үчүн мүмкүнчүлүк жана шарт бар.

Токон Мамытов эгемендүүлүктү сактоо үчүн тышкы саясатта күчтүү концепция болуш керек, эгерде биз кызыкчылыкты бир жолу алдырсак, ал андан ары улана берет, деп эсептейт.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов да Кыргызстандын тышкы саясатына жана дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу кеңири оюн жарыялап, анда дүйнө көп уюлдуу болуп калганын, мындай шартта Кыргызстан улуттук кызыкчылык, баалуулуктарын эске алуу менен тышкы саясат боюнча жаңы концепция иштеп чыгуусу зарылдыгын белгилейт.

Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун маалымат каражаттарына 7-майдагы билдирүүсүнө караганда, бул күндөрү Москвада боло турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитинде Ооганстан жана Украинадагы кырдаал талкууланат. Москвадагы бейформал саммитке президент Алмазбек Атамбаев катышары маалым.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG