Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:11

Ооганстанда кыргызстандык жоочу кармалды


Ооганстан -- Өзбекстан ислам кыймылынын Аббос Мансур аттуу кыргызстандык мүчөсү. Ал Ооганстандагы антитеррордук операциялар учурунда өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматтар бар.(Сүрөт качан, кай жерде тартылганы белгисиз.)
Ооганстан -- Өзбекстан ислам кыймылынын Аббос Мансур аттуу кыргызстандык мүчөсү. Ал Ооганстандагы антитеррордук операциялар учурунда өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматтар бар.(Сүрөт качан, кай жерде тартылганы белгисиз.)

Ооганстандын түндүк-чыгышында бир кыргыз, бир тажик жараны жардыруу уюштурууга даярданган деген шек менен кармалды.

Бул тууралуу Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнө шилтеме берип, “Азаттыктын” ооган кызматы маалымат таратты. Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кармалган кыргыз жараны туурасында ал жактан расмий суроо-талап келмейинче ага комментарий берилбей турганын эскертти. Коопсуздук жаатындагы эксперттер кээ бир кыргыз жарандарынын Ооганстанда террорчул уюмдардын курамында жүрүшү мүмкүн экенин жокко чыгарышпайт.

“Калканбы” же “капканбы”?

Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадахшан аймагында террордук акт уюштурууга камданган деген шек менен төрт адам кармалды. Алдын ала тергөө учурунда алардын бири өзүн Абдулла Фармон деген ысымдагы кыргыз жараны деп тааныштырган. Экинчиси болсо Алымкул Ахматкул деген тажик жараны болгон. Калган экөө жергиликтүү ооган полициясынан экени аныкталган.

Кармалган тажик жараны “Жамаат Ансорулло” деген көп өлкөлөрдө тыйуу салынган террорчул уюмдун мүчөсү экенин айткан. Колго түшкөн Кыргызстандын жараны өзүн “Кыргыз калканы” деген уюшманын өкүлү катары тааныштырган. Бирок атайын кызматтарда мындай уюм тууралуу азырынча маалымат жок.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов азырынча бул боюнча расмий тастыктма түшө электигин билдирди:

- Бул боюнча азыр эч кандай маалымат бере албайбыз. Бул маалымат биздин каналдар аркылуу да текшерилет. Анан ал жактан расмий суроо-талап болушу кажет. Мына ошондон кийин гана ал маалыматтын чын же жалган экенин тастыктайбыз.

Ооганстандагы улуттук уюшма топтор

Атайын кызматтарда “Талибан” кыймылына жана “ал-Каидага” караган террорчул уюмдардын курамында тажик, өзбек,уйгур, казак жана кыргыз улутундагы топтор тууралуу маалыматтар болгон. Мурда ал топтор “эркин уруулардын тилкеси” деген аталыштагы Пакистан менен Ооганстан ортосундагы Вазирстанда жайгашкан. Кийин алар Ооганстандын түндүк аймагына жер которушканы боюнча маалыматтар бар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов Ооганстандагы кырдаал начарласа мына ошол күчтөрдүн түндүктү карай жылышы мүмкүн экенин жокко чыгарбайт:

- Негизи Ооганстанда “Талибан” дагы деле күчтүү жана таасирдүү. Эгерде коалициялык күчтөр ал жактан чыгып кетсе, алар кайра мурдагыдай эле бийликти басып алышы ыктымал. Андай боло турган болсо алар менен биргеликте согушуп жүргөн өзбек, тажик, казак жана кыргыз улутундагы жоочулар кайда барышат? Албетте алар бери көздөй жылып, өздөрүнүн максатын өз мекенинде ишке ашырууга аракет кылышат. Мына ошол жагдайды биз эстен чыгарбашыбыз керек.

Жоочулар кайдан жолугат?

Ооганстандын тоолорунда жашыруун машыгууларды өткөргөн куралдуу топтор туурасында интернетте видео тасмалар тараган. Ал күчтөр азыркы ооган бийлиги көзөмөлгө ала албай жаткан аймактардан түнөк табышканы маалым. Ал куралдуу топтордун социалдык базасын Орто Азиядан барган адамдар түзөрү айтылып жүрөт.

Коопсуздук боюнча адис Талант Раззаков ал куралдуу уюшмалардын өзөгү туурасында мына буларга токтолду:

- Көптөгөн адамдар ал жакка ар кандай жол менен жашыруун өтүп кеткен. Айрымдары диний окууга кеттик деп мына ошол Пакистандагы жана Ооганстандагы белгисиз бир аймактардан машыгуудан өтүп жатканы боюнча да маалыматтар болгон. “Талибан” тарабында жана “ал-Каиданын” курамында жүрүп согушкандар албетте кырдаалга жараша мекенине кайтып келүүгө кызыкдар. Аларды бул жакта күтүп алууга даяр турган күчтөр болушу да мүмкүн. Жанагы кыргызча аталган уюм тууралуу бекеринен айтылып жаткан жок. Аны такташ үчүн биздин коопсуздук органдары Ооганстан менен кызматташыш керек. Азыр ал жакка барып, кармалган адам ким жана эмне максат менен ал жакта жүргөнүн тактабаса, кийин алар бул жакка келгенде кеч болуп калышы мүмкүн.

Буга чейин 1999-2000-жылдары Баткенге бастырып кирген жоочулардын арасында да кыргыз жарандары бар экени аныкталган. Алардын бири жоочулардын амири Жума Наманганинин маалымат жана үгүт иштери үчүн жооптуу болгон Шералы Акботоевду кыргыз чекисттери кармап, ал террорчулукка катышкан деген кине менен 2003-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган болчу.

XS
SM
MD
LG