Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Коопсуздук кеңеши ишке киришти


Коопсуздук кеңешинин алгачкы жыйынында чек ара маселелери да талкууланды.
Коопсуздук кеңешинин алгачкы жыйынында чек ара маселелери да талкууланды.

Өкмөттүн алдында коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздоо кеңеши түзүлүп, алгачкы жыйналышы болду.

Алгачкы жыйында жазаны аткаруу системасындагы абал, этникалык мамилелер жана чек ара маселелери талкууга алынды.

Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун артыруу жана бул багытта бирдиктүү саясат жүргүзүү максатында коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздоо кеңеши түзүлгөндүгүн белгиледи.

Жогортон башталган жоопкерчилик

Ошондой эле ал мындай кеңеш жер-жерлерде түзүлүп, аны жетектөө милдети жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына жүктөлө тургандыгын айтып өттү. Муну менен Алмазбек Атамбаев мындан ары аймактардагы кырдаалга жергиликтүү бийликтин жекече жоопкерчилиги карала турганын эскертти:

- Аймактагы ар бир тополоң үчүн ар бириңиздер жооп бересиздер. Эгерде акимдердин же губернаторлордун бири оюн баштаган болсо анын аягы кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен бүтөт. Бизге мына ушундай башаламандыктан улам, азыр инвесторлор келгенден коркуп жатышат. Эгерде кайсы бир райондо, облуста же шаарда тополоң чыга турган болсо тиешелүү жетекчи кызматтан алынат.

Чала жасалган ишпи же чаржайыт саясатпы?

Аталган кеңештин курамына өкмөт мүчөлөрүнөн сырткары облустардын губернаторлору, Бишкек жана Ош шаарларынын башчылары кирет. Мына ушундай эле курамда жакында президенттин алдында да Коргоо кеңеши түзүлгөн. Бирок өкмөттүн алдында түзүлгөн кеңеш менен президенттин Коргоо кеңешинин ортосундагы айырмачылык боюнча түшүндүрмө берилген жок.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов коопсуздук жана коргонуу маселелери боюнча эки башка кеңеш түзүп, эки багытта иш алып баруунун өзү туура эмес деп сындап чыкты:

- Бүгүнкү башкаруу системадан баш адашып калды. Быягы дагы башкарат, тыягы да башкарат. Айрыкча коопсуздук жаатында президент дагы, өкмөт башчысы дагы өз-өзүнчө кеңеш түзүп жаткандыгын түшүнүш кыйын болуп калды. Президенттики болгону коргоо деп аталат экен. Анын коопсуздук менен байланышы болуш керек да. Андай болгон учурда бул түзүлгөн эки орган тең бирин-бири кайталап калабы? Өзү негизи коопсуздук бир бүтүн организм катары бирдиктүү каралышы кажет. Ал эми бардыгы аны координациялай берсе, "койчу көп болсо кой арам өлөт" дегендей болот да.

Бир жагынан кармап, экинчи эшигинен узатып...

Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздоо кеңешинин күн тартибине үч маселе коюлуп, анын экөө кабарчылардын катышуусуз талкууланды. Жазаны аткаруу мекемелериндеги абал боюнча каралган маселеде тармактын жетекчиси Шейшенбек Байзаков камактагылардын токсон пайыздан ашууну жумушсуз олтурушкандыгына кабатырланды. Жабык мекемелердеги ишканалардын бир канча жылдан бери токтоп тургандыгы айтылды.

Мындан сырткары тармактагы ашынган жемкордукту белгилеген Шейшенбек Байзаков уюшкан кылмыш топторунун анабашыларын жаза өтөө жайларынан мыйзамсыз бошоткон фактылардын бар экендигин айтты:

- Буга камактагы “Лимонти” деген лакап ат менен белгилүү Сулаймановду жана Белиховду мисал кетирсе болот. Белихов дегени бошонгондон кийин экинчи ирет оор кылмыш кылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Мына ушуга окшогон он сегиз факты катталган. Бул боюнча абактагы медкомиссиянын толук курамына иш козголду.

Кылмыш дүйнөсү кымырган мүлктөр

Андан ары уюмдашкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн чаралары талкууланып, учурда жүргүзүлүп жаткан иштердин мерчеми бекитилди.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев аны менен күрөштүн кыйынчылыгы коррупциялык байланыштардын күчтүүлүгүндө жана анын экономикалык кубаттуулугунда экендигин белгиледи:

- Уюшулган кылмыштуу топ мамлекеттик жана укуктук түзүмдөр менен туруктуу коррупциялык байланышта болуу менен өзүнүн экономикалык кудуретин кеңейткенге жетишкен. Жазасыз калуусун билген кылмыш дүйнөсү мүлктөрдү басып алуу анын ишмердүүлүгүнүн негизги багыты болуп калган. Уюмдашкан кылмыш тобунун жетекчиси Камчы Көлбаевге жана анын жакындарына таандык мүлк жана каржынын көлөмү он миңдеген миллионду түзөт. Бул эми анын Кыргызстандагысы эле.

Жыйналыштын этникалык мамилелер жана мамлекеттик чек аралар боюнча бөлүгү жабык өттү. Андыктан буга байланыштуу кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат таратылган жок.

XS
SM
MD
LG