Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Парламент “Референдум жөнүндө” мыйзамды үчүнчү окууда жактырды


Жогорку Кеңеш “Референдум жөнүндө” мыйзамды бүгүн үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзам долбоору референдум өткөрүүгө жаӊы автоматташтырылган технологияларды киргизүүнү шарттайт. Андан тышкары, жарандардын биометрикалык маалыматтарын, электрондук тизме колдонууну киргизүү сунушталууда.

Тармактык комитеттин төрайымы Асел Кодуранова мыйзам долбоору боюнча бир катар депутаттардан сунуштар келип түшкөнүн, алар комитет жыйынында талданганын билдирди.

Талкуу жүрүшүндө 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын түп нускасынын бар-жогу, Кыргызстан кайсы Баш мыйзам менен жашап келгени тууралуу маселе козголду. Талаш-тартышты токтотуу үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталды.

XS
SM
MD
LG