Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Карасартова: Өлкөнүн келечеги үчүн биригели


Рита Карасартова
Рита Карасартова

Учурдагы саясий кризис Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы жеке күрөш эмес, бул Кыргызстандын эртеңкисинин, жалпы башкаруу системасынын чоң күрөшү. Мындай пикирин бүгүн “Азаттык” радиосуна укук коргоочу, “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова билдирди.

- Мыйзамдын диктатурасы орногон мамлекет кургубуз келсе азыркы күрөштү колдошубуз керек. Парламенттик көзөмөл деген түшүнүк бар, бирок бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештеги ар бир депутатка кылмыш иш даярдап коюшкан, ошондуктан алар эркин сүйлөй албайт. Соттор, күч органдары көз каранды эмес болушу керек. Ал эми иш жүзүндө анын баары бир адамдын колуна топтолгон, - деди УКМКнын алдында Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун талап кылган митингге катышкан Карасартова.

Башкы прокуратура орус жараны Леонид Маевскийдин арызынын негизинде "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмурбек Текебаевге кылмыш иш козгоп, кечээ Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эки айга камады. (RK)

XS
SM
MD
LG